Ат үстүндөгү көзгө атарлар

Абдыбек Казиев, Түркия, Изник

Спорт

Төртүнчү Көчмөндөр оюндарында ат үстүндөгү жаа атуудан Кыргызстандан үч спортчу финалга чыкты.

Ат үстүндө жаа атуу мелдеши бүгүн да уланды. Анда жаачылар биринчи жана экинчи топторго бөлүнгөн. Кыргыз жаачылары сынагын аяктады. Финалга Кыргызстандан үч жаачы чыккан. Алар: Аида Акматова, Нурсултан Көлбаев жана Айдар Асылбековдор.

Жаачылар кээ бир ыңгайсыздыктар болгонун белгилешти. Алардын башкы маселеси мине турганын аты улам-улам алмашып, жаңыдан көнүшүп келе жатканда эле атты ээлери улам алып коюп жатат, ошондон улам өзүбүз ат издеп аянтта чуркап жүргөнгө туура келди деп жатышат. Бутага тийген жебелердин саны жана топтогон упайы эсептелип үч күнгө уланган сынактын жыйынтыгы бүгүн кечинде же эртең чыгат деп жатышат. Спортчулар ушул сыяктуу кемчиликтер жаралган учурда уюштуруп, жөнгө сала турган жетекчилер болсо спортчуларга ыңгайлуу болмок дешет. Казакстандык жаачыларда дагы ат маселеси ушундай эле болгонун кошумчалашты. "Ат маселесин эске албаганда калган уюштуруу иштери жакшы уюштурулуптур. Упайлар туура, так эсептелди. Буталар көрүнүктүү, ыңгайлуу орнотулган. Көрүүчүлөр арбын. Ат чуркап өтө турган аралыктагы тилке тегиз, кенен даярдалыптыр. Жаачылар ушул эле жердеги шаарчадагы чакан бөлмөлөрдө жашап жатабыз. Дагы бир ыңгайсыз жагы кыздар жата туран бөлмдө жуунуп, тазалана турган жайлары иштебей балдардыкына барууга аргасыз болдук",- дейт Аида Акматова.

жаа атаарлар

"Ат үстүндө жаа атуу боюнча 30га жакын өлкөдөн 80дей спортчу күч сынашты. Монголдор, казактар башкы атаандаштардан болду. Алар үч ай бою тынымсыз даярдык көрдү. Биз болсо 15 күн гана машыгып калдык. Огубуз тартыш болду. Себеби жааны, окту спортчулар өзүбүз сатып алабыз",- дейт Нурсултан Көлбаев.