Базарда байыгандар, наалыгандар жана кармалгандар

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда соодагерлер жаңы салык саясатына каршы митингге чыккандан кийин ири базарларда текшерүүлөр, салыктан качкан фактылар боюнча кармап-камоолор башталды. Эсепсиз байыган базар ээлери ачык аталып, ижара акысын азайтуу, соодагерлерден салык алууну жакшыртуу талаптары коюлууда. Кыргызстанда эгемендиктин отуз жылдан ашык мезгилинде биринчи жолу мамлекет базарларды көзөмөлгө алуу, көмүскө байлыктарды аныктоо аракетин көрүүдө.

Салыктан качкандар...

Ал ортодо УКМК “Баткен-Комфорт” базарында өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз акча чогултуу, курулуш нормаларын бузуу жана салык төлөөдөн качуу фактыларын аныктады.

Маалыматка караганда, кармалгандар соодагердер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзбөстөн ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуп, ижара акысын негизсиз жогорулатып, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качып келген.

“Ар бир ижарачыдан күзөт кызматына деп алдап ай сайын 500 сомдон 2000 сомго чейин мыйзамсыз акча чогулкан базардын жетекчилери менен эсепчиси кармалды. Чогулган акча жылына 3 миллиондон ашык сомду түзөт. Мындан тышкары, 2023-жылдын август айында базар жетекчилиги ижара баасын 33% га жогорулаткан. Ошондой эле, архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу жана соода жайларын мыйзамсыз жайгаштыруу фактылары аныкталды”,- деди УКМК.

Мындан улам “Реконс” жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директор, анын орун басары жана кассир-бухгалтери кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК аталган “Баткен-Комфорт” базарынын ээси Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, Кыргызстандын мурдагы биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев экенин маалымдады.

Буларга удаалаш “Дордой” базарында салык чогултууга жооптуу болгон 5 салыкчы дагы кармалды.

Алар ишкерлердин салыктан качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштуруп турганы аныкталды.

“5-6 жылдан бери салыкчылар ар бир мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып турган”,- деп маалымдады атайын кызмат.

Ал эми Бишкектеги бир канча базарларда ижара акысы 20 пайыздан 60 пайызга чейин арзандады.

Кыргызстандагы эң чоң “Дордой” базарынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков дагы бул боюнча үн катып, "Дордой" ассоциациясына кирген базарларда жер тилкесинин ижарасы 50-60 пайызга чейин арзандаганын айтты.

Мунун баары президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эсепсиз байыган базар ээлеринин атын ачык атап, аларга базардагы шартты жакшыртууну талап кылып, катуу эскертүү бергенден кийин жүрүп жатат.

Бирок соодагерлер дале кассалык көзөмөл машина (ККМ) колдонууга, электрондук эсеп-фактура толтурууга жана электрондук товардык-транспорттук коштомого (ЭТТН) макул эмес.

Зияданын соода-сатыкта жүргөнүнө отуз жылга чамалап калды. Учурда "Дордой" базарында жоолук сатат.

“Президенттин айтып жаткандары бир жагынан туура. Суроо талап көп болгон сайын жер жана контейнер ээлери ижара акысын ошончо көбөйттү. Маселен, 1992-жылдары мен жаңы соода кылып баштаганда контейнерлер арзан болчу. Кийин барган сайын кымбаттап кетти. Ошого жараша “Дордойдо” эч кандай шарт жок”,- деди ал.

Соодегердин айтымында, базарда ижара акысы ар кандай. Баасы түйүндүн шартына, жайгашкан жерине жараша бычылат.

“Бир айда төлөнүүчү ижаранын орточо баасы 35- 45 миң сом. Ал эми дүңүнөн соода кылган жактар өтө эле кымбат. Баанын жогору болгонунун дагы бир себеби, убагында администрация ошол контейнерлерди кымбат саткан. Сатып алгандар болсо акчасын чыгарып алуу үчүн ижарага кымбат беришет”,- деди ал.

"Кара-Суу" базары: "текшерүүчүлөрүбүз эле көп"

Майрамдын “Кара-Суу” базарында 130 контейнер коюлган 25 сотка жери бар.

Анын айтымында, аталган базарда “Дордойго” салыштырмалуу ижара акысы өтө деле кымбат эмес. Өзү жердин ижарасы үчүн контейнер ээлеринен айына 3800 сомдон алат экен.

“Ал 130 контейнер мага таандык эмес. Болгону жер меники. Түшкөн каражат базарын электр жарыгына, ремонт иштерине, тазалыкка жана башка ушул сыяктуу майда барат нерселерге жумшалат. Андан тышкары текшерүүчүлөрүбүз эле көп. Салыкчыларды эске албаганда прокуратурадан тартып милициянын башчысынан бери келип текшере беришет. Ошентип айына 3000 долларга жетпеген киреше табам. Ал акча менен төрт үй бүлө жашайбыз”,- деди ал.

Айтымында, ижарага берген жери үчүн беш түр салык төлөйт экен. Бирок ал дагы киргизилип жаткан жаңы салык саясаты менен макул эмес.

“Базарда отургандар үчүн патент менен иштөө ыңгайлуу. Алар улам отчёт тапшырып турганга убактылары жок. Базарда иштегендер үчүн убакыт өтө баалуу. 90-жылдары жаңы соода кылып баштаганда жумушка таңкы төрттө туруп кетчүбүз. Уктабай эле өмүрүбүз өттү. Жашоонун жарымын базарга бердик. Базаркомдор байыды деп жатышат. Бирок биз убагында ишсиз калгандарга жумуш ордун түзүп бердик да. Ушундай жыйынтыкка жетүү үчүн түнү туруп базарга келип жаттык да”,- деди ал.

Анын базарында контейнерлер 100 доллардан 450 долларга чейин берилет экен. Эгер ал жерлерге чоң-чоң соода борборлору түшө турган болсо, ижара акысы андан дагы кымбаттап кетет дейт.

Базарларга тышкы башкаруу

Президент Жапаров өткөн аптада “Кабар” агенттигине маек берип, ири базарларда ар бир контейнерден ижара акысы деп 3000 доллардан 13000 долларга чейин алына турганын билдирди:

“Же андан бир доллар салык төлөбөйт. Ондон ашык контейнерге ээлик кылган мурдакы чиновниктер да бар. Сот, прокурор, УКМКнын кызматкерлеринин дагы контейнерлери бар деген маалыматты кечээ мен эл арасынан алдым. Базар ээлери болсо ар бир контейнер үчүн жер акысы деп 2000 сомдон 10 миң сомго чейин алышат. Базарда жалпысынан 20 миңге жакын контейнер бар. Биз эми ошол байларга салык төлөтөлү, кедейлерди салыктан бошотолу, жок дегенде орто байларга теңелип алсын деп жатабыз”.

Ошондой эле Жапаров жылдык товар айлантуусу 8 млн сом эмес, 15 миллион сомго чейин болгон соодагерлер салыктан бошотула турганын айтты.

Ал жаңы салык саясатына каршы митингге чыгып жаткандардын артында шыкактаган “оптовиктер”, базар ээлери, контейнер ээлери турат деди.

Эгер мындай аракеттер улана турган болсо базарларга өкмөт “Кумтөр” сыяктуу тышкы башкаруу киргизип, дыкат текшериле турганын кошумчалады.

“Мурдакыларынан бери баарын казып чыксак эле мүлктөр, суммалар ачыкка чыгып калат. Эскинин баарын төлөөгө туура келип калат. Ага чейин барбай эле коелу деп күч органдарын токтотуп атам. Ошол эле контейнери бар бай адамдардын, базар ээлеринин беш-алтыдан квартиралары, акыркы үлгүдөгү Лексус-570 үлгүсүндөгү унаалары бар”,- деди Жапаров.

"Эбегейсиз чоң байлык топтошту..."

Буга улай УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы өлкөнүн эң бай адамдары соода-сатык комплексинин ээлери экенин айтты.

Ал Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алканов жана башкалардын ысымын атады.

“Булар акыркы 30 жылда өлкөдөгү базарларды кармап келе жатышат. Ал жактан эбегейсиз чоң байлык топтошту. Бүгүнкү күнү дагы топтоп жатышат. Бирок мамлекетке, коомго, кол алдындагы сатуучуларга болгон мамилесин өзгөрткөн жок. Митингге чыккандарга дагы себепкер болуп жатат”,- деди Ташиев.

Ошондой эле ал базарларда 10-15 контейнерге ээлик кылган субарендаторлорго дагы токтолду. “Дордой” базарында соода кылгандар айына 7 миң сомдон тартып 300 миң сомго чейин ижара акысын төлөшөт деди:

“Субарендаторлор дагы ошол жердеги колунда бар адамдар. Алар дагы салык төлөбөйбүз деп чыгып жатат. Базардагы жөнөкөй сатуучулар бир жагынан ижара, экинчи жагынан салык төлөп, анысы аз келгенсип шарты жок жерде иштеп кыйналып жатышат. Базарларда шарттар түзүлгөн эмес, санитардык нормалар сакталган эмес, суук, унаа токтотуучу жайлар жок”.

Ал базар ээлерине жана субарендаторлорго биринчи кезекте ижара акысын эки эсге арзандатууну тапшырды. Андан тышкары базарда иштегендерге жагымдуу шарт түзүү талабын койду. Ошондо гана социалдык акыйкаттык болот деди:

“20-30 жылдан бери “Дордой” базарында иштер жүргөндөрдүн шаарда беш, он, он бештен батирлери бар. Кымбат үйлөрдү жана унааларды сатып алышат. Жылына 3-4 жолу башка мамлекетке барып эс алып келишет. Анан салык төлөбөй качып жүрүшөт”.

“Жеке менчик Конституция менен корголгон”

Экономист Кеңешбек Алимбековдун айтымында, өлкөнүн баш мыйзамында жеке менчик мамлекет тарабынан корголот деп жазылган. Кыргызстандагы базарлар жеке менчик болгондуктан, тышкы башкаруу киргизүүгө мыйзам жол бербейт. Ал мындай иштер түшүндүрүү жана бир пикирге келүү жолу аркылуу гана чечилиши керек дейт.

“Президент ижара акысын эки эсеге кыскарткыла деди, ал рынок шартындагы суроо талапка жараша аныкталышы керек. Рыноктун мыйзамдарына мамлекет кирише берсе, анда рынок механизми иштебей калат. Ошол эле учурда, рынок механизмин өз жайына коюп койсо, анда анын терс жактары чыга баштайт. Маселен, байлар байый берет, базар аны тескебейт. Кыскасы, ийри отуруп, түз кеңешкен чечим керек”,- деди экономист.

Ошондой эле ал ККМ киргизүү менен өлкөнүн товар жүгүртүүсү ачыкка чыгып, көмүскө экономиканы ооздуктаганга мүмкүнчүлүк жаралат дейт. Өнүккөн өлкөлөр бул системаны эбак колго алганын айткан экономист ишкерлер милдеттүү салыктан качпашы керек дейт:

“Ижарага берип коюп, андан түшкөн акчадан мамлекетке салык төлөбөй коюу туура эмес. Жогоруда айткандай рынок шартында жеке ишкерлерди колдоо маселеси абдан катуу турат. Бирок ошол учурда ишкерлер, базар ээлери салык менен мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуусу шарт. Булар бири-бири менен кызматташа билүүсү керек”.

Алимбеков соңку жылдардагы инфляция маселесин эске алганда жылдык товар айлантуусу 15 миллион сомго чейин болгон соодагерлердин салыктан бошотулушу туура чечим болду деп эсептейт.

Жаңы салык саясатына ылайык, Кыргызстанда соода-сатык кылгандар 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонууга өтүшмөк.

Бирок жер-жерлерде уюштурулган каршылык акцияларынан кийин президент С. Жапаров “Дордой” базарынын сатуучулары менен жолугуп, базар соодагерлерине 2024-жылдын июлуна чейин патент менен иштөөгө уруксат берди.