You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украина согушу: "бомбалоо башталганда паспортумду алганга да жетишпедим"
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Украинадагы согуштун айынан башка өлкөгө качып чыккан кыргызстандыктар мекенине кайта баштады. Тышкы иштер министрлиги 172 жаран Кыргызстанга алынып келингенин билдирди. Ал арада, Украинада дагы ондогон кыргызстандыктар кала берүүдө.
28 жаштагы Айнагүл соңку эки жылдан бери Украинада иштеп, жашап келди. Россиянын кол салуусунан кийин ал биринчилерден болуп Кыргызстанга келгенге үлгүргөн.
Анын мекенине болгон сапары узакка созулуп, оңойго турган жок.
“26-февралда Украинадан “Паланка” өткөрмө бекети аркылуу Молдовага өтүп келдим. Ал жерде төрт-беш күндөй болдум. Паспортумду жасатып алып, Румынияга келип билет алып, анан Түркия аркылуу Кыргызстанга учуп келдим”.
Айнагүл өзү жашаган Одесса шаарынан чыгып кетүүгө шашып, паспортун ала кеткенге жетишкен эмес.
"Украинада согуш башталып кетет деп эч ким күткөн эмес. Эсимде, ал күнү демейдегидей эле иш күн болчу. Эрте менен туруп карасам, жумуштагы группада согуш башталгандыгы жөнүндө жазышты. Таңкы беште бомба жарылганын бардык кесиптештер угуптур. Ошону менен жумушка барбай калдык. Жардыруулар Одессадагы аскердик базаларда биринчи башталды. Эки күндөн кийин мен Украинадан чыгып кеттим".
Кыргызстанга аман-эсен жетип алганына сүйүнгөн Айнагүл эми келечеги тууралуу ойлоно баштады. Анткени буга чейин анын Украинада жакшы жумушу, отурукташкан жери бар эле.
"Украинада эле калам деп ойлогом. Ал жакта жашаганыма үч жылдай болуп калды эле. Эми бул окуядан кийин ойлонушка туура келет. Украинада калабызбы же башка мамлекетти тандайбызбы, эми жаңыдан пландарды түзөбүз".
Согуш башталгандан бери Украинадан коңшу өлкөлөргө 640тан ашык кыргыз жараны чыгып кетти.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гулбарчын Байымбетова алардын ичинен 172 жаран Кыргызстанга келгенин Би-Би-Сиге тастыктады.
Алардын айрымдары мекенине өз алдынча кайтышса, кээ бирлери ТИМ аркылуу келип жатышат. Бирок дагы ондогон кыргыз жарандары Украинага кошуна өлкөлөрдө кала берүүдө:
"Жалпысынан биздин жарандардын көбү Польша, Чехияда, Венргияда туруп жатышат. Молдовада да кыргыздар бар, алар Түркия аркылуу келип жатышат”, -деди ТИМ өкүлү.
Ошол эле убакта Украинанын ар кайсы шаарларында ушу тапта дагы 68 кыргызстандык кала берүүдө. Аларды эваукуация боюнча иштер уланып жатат.
“Мына сиз чалар алдында жакшы жаңылык болду. Кагылыш болуп жаткан Ворзель шаарчасында эки күндөн бери дайынсыз болгон бир кыргыз үй-бүлө азыр байланышка чыгып, дени-сак экенин кабарлашты. Алар эки жолу уюштурулган гуманитардык коридор менен дагы шаарчадан чыга албай жатышкан”, - деди Украинадагы кыргыз элчиси Идирис Кадыркулов.
Украинадан качкан кыргызстандыктардын көбү ушу кундөрү Чехияда. 100 чакты кыргызстандык жаран үчүн бул жерде эки лагер уюштурулган.
Алар Карловы-Вары жана Кутна Хора шаарларында жайгашкан:
“Бизде качкындарды улутуна карап бөлүү деген жок. Украиан, орус деген жок. Кыргыздарды, керек болсо украиналык цыгандарды да ушул күнү кабыл алып жатабыз. Биз негизинен жаш балалуу энелерге жардам берүүдөбүз. Балдар Украинадагы согушта эң көп травма алып жатышат”, - деди Пан Йирко.
Бүгүн-эртең чех өкмөтү Эл аралык миграция уюму менен биргеликте ал жактагы кыргызстандыктарды мекенине бекер жөнөткөнү жатат.
Чехия качкындарга карата кайрымдуулук көрсөтүп, ошол эле учурда, алардын өлкөдө калып калуусун каалабайт.
Ал арада БУУ Украиналык качкындардын саны 3 миллионго жеткенин кабарлады. БУУнун Качкындар иштери боюнча башкармалыгы 15-мартка карата Украинадан 2 миллион 969 миң 600 адам чыгып кеткенин билдирди.
IOM -Эл аралык миграция уюму да бул маалыматты ырастап, согуш болуп жаткан аймактардан качкан украиналыктардын саны 3 миллиондон ашканын, анын 1,4 миллиону жаш балдар экенин билдирди.
Согуштан качкан жарандар негизинен Польшанын, Румыниянын, Молдованын, Венгриянын, Словакиянын жана Россия аймагына өтүп келишкендер.