Канада: 70 жыл мурда төрөт үйүндө алмашып кеткен балдардын окуясы
Канада бийлиги 70 жыл мурун төрөт үйүндө алмашып кетип, таптакыр чоочун биологиялык эмес ата-энеде өскөн эки адамдан кечирим сурады.

Сүрөттүн булагы, JOHN WOODS/THE CANADIAN PRESS
Британдык Колумбиядагы Сечелт шаарчасынын жашоочусу Ричард Бове өмүр бою өзүн ушул жердин түпкүлүктүү жашоочусу деп эсептеп келди. Бирок тест анын канында украин, еврей ашкенази жана польшалык ата-бабалардын аралашмасы бар экенин көрсөттү.
Ошол эле учурда андан дээрлик 1500 мил (2400 км) аралыкта Виннипег шаарында жашаган Эдди Эмброуздун украин үй-бүлөсүндө өскөн эжеси Эдди Эмброуз да тест текшерүүдөн өттү. Тест анын Эдди менен бир тууган эмес экенин көрсөттү. Ал эми Бове анын биологиялык агасы болуп чыкты.
Рождестовго белекке берилген ДНК анализ тагдырдын бир түйүндүү сырынын ачылышына алып келди.
Көрсө, Ричард Бове менен Эдди Эмброуз — бир күнү, бир жерде Манитобадагы Арборг чакан шаарындагы төрөт үйүндө 1955-жылы төрөлүшкөн. Бирок ордулары алмашып калып, биологиялык эмес ата-энелери алып кетишкен.
Эми 70 жылдан кийин Манитобанын премьер-министри Ваба Кинью Бове менен Амброуздан расмий кечирим сурады.
«Мен эки балага, эки ата-энесге, көп муундагы эки үй-бүлөгө зыян апкелген иш үчүн кечигип болсо да кечирим сурап жатам”,-деди Манитобанын мыйзам чыгаруу жыйынында Кинью.
«Башка адамдын башындагы азапты башка адамдын чокоюн кийип бир нече миль басканда гана билесиң деген сөз го, - деп уланты сөзүн Кинью. - Эгер бул пикир туура болсо, бүгүн бул жерге келген биздин ардактуу конокторубуз бул сөздүн чындыгын биз жакындай албаган деңгээлде түшүнөт болуш керек”.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Алмашып кеткенден кийин алгачкы жылдары алар таптакыр эки башка жашоону баштан өткөрдү, деди Би-Би-Сиге алардын адвокаты Билл Гандж.
68 жаштагы Бове Канаданын түпкүлүктүү калкы менен европалык теги аралашкан метис үй-бүлөдө өстү.
Ал үчкө толгондо атасы каза болду, ал жесир калган энесине тирек, калган инилерине жана карындаштарына баш көз болуп калды.
Ал түпкүлүктүү калктын балдары үчүн ачылган мектепке барды, бирок кийин түпкүлүктүү калктын балдарын башкаларга аралаштырууну көздөгөн Канаданын ассимиляция саясаты жүрүп, аны өзүнүн үй-бүлөсүнөн ажыратып башка үй-бүлөгө беришти.
Ошол эле учурда Эдди Эмброуз Манитоабада айыл жеринде фермада абдан камкор украин үй-бүлөсүндө уктаар алдында украин ырларын угуп магдырап өстү. 12 чыкканда ата-энеси каза болуп, жетим калды. Ричард Бовенин тагдырын кайталап ал дагы башка үй-бүлөнүн баласы болуп калды.
Эмброуз бүт жашоосунда өзүнүн тек жайы башкача болушу мүмкүн экени эзели оюна келген эмес.

Сүрөттүн булагы, THE LEGISLATIVE ASSEMBLY OF MANITOBA
Көп жылдар бою Бове Британдык Колумбиянын жээгинде түпкүлүктүү калкка таандык болгон балык кемесин башкарганы үчүн сыймыктанчу.
“Азыр анын өзүнөн башкалардын баары түпкүлүктүү калк экенин түшүндү”,-деди Ганж. - Алардын жашоосунда чоң өзгөрүүлөр болду”.
“Көрсө, алардын, ата-энеси, тек жайы таптакыр башка турбайбы”.
Кинью кечирим сураган сөзүндө эки адамдын жашоо жолу көп жылдар бою кайсы бир деңгээлде кесилишип келгенин айтты.
Бала кезинде Эмброуз коңшу шаардан бир кыздан аны бейсбол командага алууну суранган, бирок анын өзүнүн “биологиялык карындашы экенин” билген эмес.
Ал эми өспүрүм убагында Бовени балык улоого болгон ышкысы анын биологиялык карындашы турган жээкке алып келген, ал анын жанына келип балык улаган экен. Бирок экөө бири-бирине бир тууган экени эч ойлоруна келген эмес.
Тагдырдын ушундай жазмышына карабастан, Билл Ганждин айтымында эки адам тең өздөрүнүн бул жашоодогу жетишкендиктери, аларды өстүргөн үй-бүлө менен абдан сыймыктанат. Анын үстүнө төрөт үйүндөгү чындык белгилүү болгондо алар өзүнчө дагы бир жаңы үй-бүлөнү, туугандарды таап жатпайбы.
Эдди Эмброуз өзүнүн биологиялык туугандары менен байланышып таанышып, Манитобанын метистеринин федерациясына мүчө болду.
Ричард Бове дагы өзүнүн биологиялык үй-бүлөсү менен таанышууну пландап жатат. Ал эми анын чоңоюп калган эки кызы колдоруна “Амброуз” деген татуировканы чектирип алышты.
Бове менен Эмброуз адвокатка кайрылып, Манитоба провинциясынан кечирим суроону жана финансылык компенсация талап кылышууда.
Адвокат Билл Гандждын айтымында, провинция башында сөзгө келбей, каталык кетирген төрөт үйү муниципалдык башкарууда, ошондуктан анын компетенциясына кирбейт деген жооп менен чектелген.
Бирок өкмөт алмашып, 1887-жылдан бери биринчи жолу түпкүлүктүү калктын өкүлүнөн Ваб Кинью биринчи премьер-министр болуп шайланганда бийликтин мамилеси өзгөрүп кечирим сурады.
Бирок алар компенсация алар-албасы белгисиз, анткен менен адвокат аракет кыла берерин айтты.
Ричард Бове менен Эдди Эмброуздун окуясы Манитобада балдар алмашып кеткен үчүнчү мисал. Ушундай эки окуя Ньюфаунленд провинциясында да белгилүү болду.
Адвокат мындай тагдырлар сейрек деп айтууга да кыйын. Анткени Ричард Бове менен Эдди Эмброуз өздөрү жөнүндө чындыкты “капыстан гана билип калышты”.
“Бул менин пикирим, бирок ДНК анализ канчалык көбөйгөн сайын ушуга окшогон башка окуялар дагы ачыкка чыга берет”. (МА)











