"Бүт сатып жиберипсиңер". Профсоюздун таланган мүлкү

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргызстан профсоюздарынын санатордук-курорттук объектилерин президенттин иш башкармасына өткөрүү иштери болуп жатканда, УКМК федерациянын мыйзамсыз сатылган активдерин таап, аны пулдап жиберген профсоюз ишмерлерин кармай баштады. Бул жакта күч түзүмдөрү каза турган кыңыр иш көп. Профсоюздардын 134 обьектиси колдон чыгып кеткен.

Сүрөттүн булагы, Officiale
Чолпон-Ата шаарындагы «Ала-Тоо» эс алуу үйү жайгашкан 2,34 гектар жер мыйзамсыз сатылып кеткендиги боюнча кылмыш ишке шектүү катары төрт профсоюз ишмери тергөө абагына камалды. Алардын ичинде билим жана илим, машина куруу, токой чарба кызматкерлеринин республикалык комитеттеринин төрагалары жана “Ала-Тоо” эс алуу үйүнүн мурдагы директору бар.
Расмий маалыматка караганда, 2014-жылы КПФнын кеңеши 2,34 га жер тилкесин уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбектин аффилияцияланган адамдарына пайдалуу эмес шартта сатып жиберген. Ал жерге “Каганат” коттедждер комплекси салынган.
«Жогорудагы кылмыштуу аракеттердин натыйжасында коомдун кызыкчылыктары, атап айтканда жумушчулардын ден соолугун чыңдоо жана эс алуу укугу бузулуп, көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбектин жакын адамдарына гана VIP коттедждерди куруу үчүн пайдаланылган»,-деп айтылат расмий маалыматта.
Бул профсоюзга караштуу жер жана кыймылсыз мүлк мыйзамсыз сатылып кеткен факты боюнча биринчи кылмыш иши эмес, бирок буга чейин жазаланган эч ким боло элек. Профсоюздун будамайланып кеткен кыймылсыз мүлкү жөнүндө көп иштерде “жабылуу аяк жабылуу бойдон” калып келаткан эле.
Коррупция фактысы боюнча Кыргызстан профсоюздар федерациясына караштуу “Кыргызкурорттуризм” башкармалыгынын жетекчисинин орун басары өткөн жылы кармалган. Ал Жалал-Абад санаторийинин директору кызматында иштеп жатканда анын акчасын каалагандай калчап, кылмыштуу схеманы уюштурган деп айыпталган. Бирок суудан кургак чыкты дешет.
"Уяты жок алардын. Бүт талкалап салышты. Баарын сатып бүтүштү. Аларды соттош керек болчу",-дейт талдоочу Марс Сариев.

Сүрөттүн булагы, fpk.kg
"Талап-тоноп жеп атасыңар"
Президент Садыр Жапаров профсоюздар федерациясынын жетекчилигин анын балансында турган санатордук-курорттук жана туристтик объектилерди натыйжасыз башкаргандыгы үчүн катуу сынга алып, бул ишти өзүнүн көзөмөлүнө аларын билдирген. Башкы прокуратурага жана Эсептөө палатасына мыйзамсыз сатылган объектилерди жана жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча ишти баштоону тапшырган.
«Бул эми элдин акчасы, кыргыз мамлекетинен силерге барып түшкөн акча. Ошону силер талап-тоноп жеп атасыңар. Отуз жылда 6,5 миллиард сом алыпсыңар. Алты тыйындык имарат салып койгон эмессиңер. Кайра тескерисинче бүт сатып жиберипсиңер. Анын ичинде жер тилкелери бар, медициналык жабдуулар бар. Арендаган он миң сомго берсеңер, чөнтөккө отуз миң сом салып атасыңар»,-деген Садыр Жапаров.
Бул объектилердин басымдуу бөлүгү кыйроо абалында турат, көбү сатылып кеткен, ошол себептүү тейлөөнүн сапаты жакшы эмес, нааразылык көп.
Президент профсоюздар федерациясынын мүлкү жана жер участоктору мыйзамды айланып өтүп, үчүнчү жактарга сатылганын билдирген. Ал эми профсоюз мыйзамдары боюнча алардын мүлктөрү сатылбашы керек. Алардын балансында турган 284 объектинин ичинен 134 объект канчалык негиздүү сатылганын аныктоо милдети турат.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Профсоюздар федерациясына жыл сайын 600 млн сомго жакын акча бөлүнсө, акыркы 30 жылда жалпысынан 6,5 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, 2021-жылга чейин республикалык бюджеттин эсебинен жыл сайын 5 млн. сомдон балдар лагерлериндеги балдардын ден соолугун чыңдоого каражат бөлүнүп турган.
Президент Садыр Жапаров санатордук-курорттук мекемелерге фонддун эсебинен путевка берүүгө 2027-жылга чейин мораторий киргизди. Бул убакта келип түшкөн акчалар санатордук-курорттук мекемелердин объектилерин капиталдык ондоого жумшалат.
Профсоюз федерациясына алардын менчигинде турган бардык санатордук-курорттук объектилерди президенттин иш башкармасына убактылуу акысыз пайдаланууга өткөрүү сунушу берилди.
2028-жылдын 1-январынан тартып кайсыл мамлекеттик орган фонддун акчаларын бөлүштүрө турганын Минкаб аныкташы керек. Ошондой эле фонддун эсебинен путевкаларды акыйкат бөлүштүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу керек. Бул багыттагы иштерди өркүндөтүү багытында жаңы мыйзамдар иштелип чыгууга тийиш.
Федерациянын акчасы жок

Сүрөттүн булагы, fpk.kg
Кыргызстандын профсоюздар федерациясы президенттен тил уккандан кийин өзүнүн менчигиндеги курорттук-санаториялык объектилерди өкмөткө мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө президент менен Минкаб төрагасына жакында өздөрү да кайрылган болчу.
Профсоюздун санатордук-курорттук объектилери союз убагында профсоюздун бюджетинин эсебинен курулган. СССР таркагандан кийин анын баары Кыргызстан профсоюздарынын федерациясынын менчигине берилген.
Алардын ичинде "Көгүлтүр Ысык-Көл", "Жети-Өгүз", "Жыргалаң", "Ысык-Ата", "Жалал-Абад", "Кыргызстан" санаторий-курорттору, "Ала-Тоо", "Чолпон-ата" эс алуу үйлөрү бар. Ошондой эле балансында дагы эки пансионат бар: "Ош" жана "Арсланбап". Мындан тышкары турбазалары, мейманканалары жана жер тилкелери бар.
Бул мүлктү отуз жылдан бери профсоюз өзү билгендей пайдаланып келди, бирок аларды капиталдык ремонттон өткөрүп, жаңыртып, жаңы жабдуулар менен камсыздаганга акча жумшаган жок.
Профсоюз лидерлери миллиондогон акчалар уурдалып, бир топ мүлктөрү сатылып кеткен фактылары чын экенин өздөрү деле танышпайт. Бул жөнүндө федерациянын мурдагы президенти Жанадил Абдрахманов убагында Би-Би-Сиге өзү да билдирген эле.
Федерация ошондой эле эмгекчилердин эс алуу фондусуна каралган каражаттарды дагы бөлүштүрүү функциясын өкмөткө берүүнү чечти. Эми профсоюз уюмдары бир гана кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо, социалдык шартын жакшыртуу багытында гана иштеп калмакчы.
"Мафиянын куйругун тепседик"

Сүрөттүн булагы, Social media
Профсоюз федерациясына тишин кайрагандар ансыз деле көп болуп жаткан. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2022-жылы саламаттык сактоо тармагынын проофсоюзун федерациядан чыгарып, автономдуу уюм түзүүгө буйрук берген эле.
Ал эми ЖК депутаты Шайлообек Атазов профсоюздардын ишиндеги коррупциялык схемаларды өз алдынча иликтеп, оркойгон фактыларды таап чыгып жатканын билдирип келатат. Ал мамлекеттик органдардын профсоюздун ишине кийлигишип, мыйзамсыз иштерине бөгөт коюну караган мыйзам долбоорун жазып, коомдук талкууга койгон.
"Биздин депутаттык комиссиянын жыйынтыгы боюнча Чүй, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абат областарында жалпы өлкө боюнча 164 обьект мыйзамсыз сатылганы аныкталган. Балдар эс алуу лагерлери, пансионаттар, жатаканалар, жер участоктору мыйзамсыз кеткен. Бишкек шаарында 1 млн долларга саткан квартиралар, бир тыйыны кассага түшкөн эмес. Депутаттык комиссия текшерүү учурунда көптөгөн мафиянын куйругун тепседик. Бирок, биз ишти аягына чыгардык. Себеби карапайым эл ошону талап кылып турду",-деп жазды депутат Фейсбуктагы баракчасына.
"Акчалардын отчету кайда?"

Сүрөттүн булагы, president.kg
Профсоюздар өз баркын өзү кетирди. Соңку жылдары федерациянын төрагасы кызматын талашып, профсоюз лидерлери эки-үчкө бөлүнүп, ыркырашып- ырылдашып келди. Федерациянын кабинеттеринин төрүнө чейин тополоң болуп, милиция барып баскан учурлар болду.
Социалдык-экономикалык укуктарын коргой турган кесиптик бирикме ушинтип жаманатты болуп жатканда анын катардагы мүчөлөрүнүн ишеничи кетти.
«Профсоюздар федерациясы эмгекчилердин укуктарын коргоонун ордуна, мүлк талашып, өз кызыкчылыктарын ойлоп отурушат”, - деген Би-Би-Сиге активист Тимур Саралаев.
Активисттер профсоюздарга таандык мүлк, жер тилкелери мыйзамсыз менчиктештирилген фактыларды жана эмгекчилердин айлык маянасынан түшкөн акчалардын кайда кетип жатканын иликтөө керек деген дагы талаптарды коюп келишти.
“Мекеменин бир да жолу болсо коомчулукка финансылык берген отчетун уктуңарбы? Жок. Силер да, мен да иштейбиз. Эмгек акыбыздан ай сайын 1 % ушуларга которулат. Ал деген билинбеген менен миллиондогон акча. Мындай акчалардын отчету болуш керек сөзсүз”, - деген студенттердин профсоюз комитетинин төрагасы Мамытов Аркарбек.
Профсоюздар федерациясынын мурунку кызматкерлери уюм ичинде мыйзам бузууларды жана коррупцияны иликтөөнү суранып, президентке, укук коргоо органдарына мурда да бир нече ирет кайрылышкан болчу.
"Профсоюзда аябай көп коррупция. Ушуну такыр токтото албайт атат да. Биз профсоюздук взносту өз убагында төлөп жатабыз да. Жылына бир жолу эс алышыбыз керек эле. Организацияларга берилген путевкаларды карап көргүлөчү, эксперимент кылып текшерип деле көрсөңөр болот. Бүтүн эле, кайсы жерге барба чиновниктер эс алат. Жөнөкөй адамдар эс албайт", -дейт профсоюздун дагы бир мүчөсү Базаргүл Даданова.
Кыргызстандын Кесиптик кошуундар уюмдары тууралуу мыйзамга ылайык, профсоюздар жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме. Профсоюздар өзүнүн ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптарга жана мамлекеттик бийлик органдарга баш ийбейт. Ал өзүнүн мүчөлөрүнүн эмгек укуктарын коргоп, социалдык-экономикалык колдоо жаатында иштеши керек. Бирок бул жагынан да профсоюз жеген нанын актай албады.
“Коомчулук азыр профсоюздун уюм экенинен күмөн санап турат. Анткени жер-жерлердеги профсоюз уюмдары жергиликтүү бийликтин же жумуш берүүчүлөрдүн көзүн карап калган абалда”, - дейт Ош мамлекеттик университетинин профсоюзунун президиумунун мүчөсү Абдыжапар Акулов. (КС)








