Ачарчылык, сериал үчүн атылгандар жана өлүмдү даңазалоо: БУУнун Түндүк Корея боюнча доклады

Ким

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Түндүк Корея бийлиги барган сайын өлүм жазасын көп колдонууда. Жазага тартылгандардын арасында чет элдик сериалдарды жана тасмаларды көргөнү үчүн айыпталгандар да бар. Бул тууралуу БУУнун Түндүк Кореядагы адам укуктарына арналган жаңы докладында айтылат.

Макаланын англис тилиндеги түпнускасын бул жерден окуса болот.

Доклад соңку он жыл ичинде Түндүк Кореядан качып чыккан 300дөн ашуун адам менен жүргүзүлгөн маектердин негизинде түзүлгөн.

БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгы жарыялаган документке ылайык, өлкө тургундарынын көбүн мажбурлап эмгек лагерлерине жөнөтөт жана алардын эркиндиги барган сайын чектелип жатат.

БУУнун эксперттери соңку он жылда Түндүк Корея бийлиги "жарандардын жашоосунун бардык аспектилерин" көзөмөлдөөнү күчөткөн деген тыянакка келишкен.

"Учурда мындай чектөөлөр эч бир мамлекетте жок", — деп айтылат докладда.

Ошол эле маалда Түндүк Кореянын жарандарын көзөмөлдөө күчөп бара жатканын авторлор бир жагынан заманбап технологиянын өнүгүшү менен дагы байланыштырат.

БУУнун адам укуктары боюнча комиссары Волкер Турк эгер кырдаал өзгөрбөсө, Түндүк Кореянын жарандары "мындан да катаал репрессияга кабыларын" билдирди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Докладда айтылгандай, 2015-жылдан бери КЭДР өлүм жазасы боюнча кеминде алты жаңы мыйзам кабыл алган. Алардын арасында эң оор айыптардын бири — чет элдик материалдарды, анын ичинде тасмаларды жана сериалдарды жайылтуу.

Түндүк Кореядан качып чыккан адамдар БУУ өкүлдөрүнө 2020-жылдан тарта "чет элдик материалдарды жайылткан" адамдар өлүм жазасына мурдагыдан көбүрөөк тартыла баштаганын айтып берди.

Алардын айтымында, жарандарды коркутуу жана алардын мыйзам бузуусуна жол бербөө максатында айыпталгандарды эл алдында жазага тартышат.

Түндүк Кореядан 2023-жылы качып кеткен жарандын бири Би-Би-Сиге анын үч досу Түштүк Кореянын материалдарын көргөнү үчүн өлүм жазасына тартылганын айтты. Ал өлүм жазасына кеткен 23 жаштагы досунун сотуна катышкан.

"Ал баңгизат боюнча айыпталып жаткандар менен бирге соттолду. Бул кылмыштарга азыр бирдей мамиле жасалып калган", - деди маектешибиз.

Мындан 10 жыл мурун түндүк кореялыктар келечегин такыр башкача элестетишкен.

Качып кеткендердин айтымында, 2011-жылы өлкөнүн азыркы лидери Ким Чен Ын бийликке келгенде элдин жашоосу жакшырат деп үмүттөнүшкөн. Анда жаңы жетекчи мындан ары жарандар "тишинин кирин сорбой турганын", башкача айтканда, тамак-ашы жетиштүү болорун убада кылган. Ал экономика өсөрүн жана өлкөнү жаңы өзөктүк курал коргой турганын да айткан.

Бирок БУУнун баяндамасында Ким Чен Ын 2019-жылы Батыш менен дипломатиялык байланыштарды үзүп, курал программаларын өнүктүрүүгө басым жасаганын эске алганда, Түндүк Кореяда жашоо деңгээли чындап эле төмөндөп кеткени айтылат.

БУУнун эксперттери менен маектешкендердин дээрлик баары жетиштүү тамак-аш жоктугун, үч маал тамактануу алар үчүн абдан чоң олжо экенин айтышкан. Качкындар айрыкча COVID-19 пандемиясында азык-түлүк абдан тартыш болуп, өлкө боюнча адамдар ачарчылыктан көз жумганын эскеришкен.

Ошол эле маалда бийлик азык-түлүк сатылган жайма базарларга каршы күрөш баштаган. Мындай ыкма жарандардын жашоосун ого бетер оорлотууда.

Түндүк Корея менен Кытайдын ортосундагы чек ара көзөмөлү да кескин күчөтүлгөн. Аскерлерге башка тарапка өтүүгө аракет кылгандарга каршы ок чыгарууга буйрук берилген. Түндүк Кореядан качуу азыр дээрлик мүмкүн эмес болуп калган.

"Ким Чен Ын жаңы бийликке келгенде кандайдыр бир үмүтүбүз бар болчу. Бирок бул үмүт көпкө созулган жок",- деди 2018-жылы 17 жашында өлкөдөн качып кеткен мурдагы түндүк кореялык аялдардын бири.

"Бийлик акырындык менен адамдардын алардан көз карандысыз жашоо мүмкүнчүлүгүнө бөгөт койду. Азыр жашоо процессинин өзү күнүмдүк кыйноого айланды", - деди ал БУУнун кызматкерлери менен болгон баарлашууда.

"Соңку 10 жыл аралыгында бийлик адамдардын үстүнөн дээрлик толук көзөмөл орнотуп, аларды экономикалык, социалдык же саясий чечимдерди өз алдынча кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты", - деп айтылат БУУнун баяндамасында.

Эксперттердин айтымында, адамдарды катуу көзөмөлдөөдө заманбап технологиялар дагы чоң роль ойноп калган.

Качкындардын бири бийлик тактикасын "адамдардын көзүн жана кулагын жабуу" катары сүрөттөгөн. "Бул көзөмөл адамдардын нааразылыктарын же даттанууларын жок кылууга багытталган", — деди ал, атын атоодон баш тартып.

Пхеньянда адамдар Кимдин атасы менен чоң атасынын сүрөтү түшүрүлгөн мозаикага таазим кылышууда. Сүрөт 2025-жылдын 9-сентябрында тартылган

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пхеньянда адамдар Кимдин атасы менен чоң атасынын сүрөтү түшүрүлгөн мозаикага таазим кылышууда. Сүрөт 2025-жылдын 9-сентябрында тартылган

БУУнун баяндамасында КЭДРде 10 жыл мурункуга караганда мажбурлап иштетүү көбүрөөк колдонула баштаганы айтылат.

Жарды үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү физикалык жактан оор жумуштарды аткарган атайын бригадаларга, мисалы, курулуштарга же шахталарга жиберилет.

Муну менен алардын социалдык абалы жакшырат деп үмүттөнүшөт, бирок жумуш өтө оор жана адам өлүмү көп катталат.

Бирок бийлик эмгек шарттарын жакшыртууга шашылбай, анын ордуна өлүмдү даңазалап, каза болгондор Ким Чен Ын үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалды деп жарыялашат.

Соңку жылдарда миңдеген жетим жана кароосуз калган балдар эмгек бригадаларына жумушка алынганы документте айтылат.

2014-жылы БУУнун ушундай эле документинде Түндүк Кореянын өкмөтү адамзатка каршы кылмыштарга күнөөлүү деген бүтүм биринчи жолу чыгарылган.

Адам укуктарынын эң олуттуу бузулушу саясий куугунтукка алынгандардын лагерлеринде катталып, ал жерде адамдар өмүр бою эркинен ажыратылып, көп учурда "дайынсыз болуп кеткен".

2025-жылдагы отчётто өлкөдө мындай лагерден дагы кеминде төртөө бар экени жана кадимки түрмөлөрдө дагы эркинен ажыратылгандар кыйноого, зомбулукка кабылып жатканы айтылат.

Качкындар камактагылардын көбү начар мамиледен, ашыкча иштөөдөн жана тамак-аштын жетишсиздигинен каза болгонун көрүшкөн.

Владимир Путин, Си Цзиньпин жана Ким Чен Ын

Сүрөттүн булагы, KCNA via Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Путин, Си Цзиньпин жана Ким Чен Ын

Ошол эле учурда, БУУ бул мекемелердеги шарттардын "бир аз жакшырганы", анын ичинде "сакчылардын зордук-зомбулукту азайтканы" тууралуу маалыматтарды дагы алган.

Бул тыянактарды эске алуу менен БУУ Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотун Түндүк Кореядагы кырдаал боюнча иликтөө баштоого чакырган.

Бирок бул үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин сунушу керек жана анын эки туруктуу мүчөсү Орусия менен Кытай Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө бир нече жолу бөгөт койгон.

Өткөн аптада Ким Чен Ын Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен бирге Пекиндеги аскердик парадга катышкан.

Бул Кытай менен Орусия Түндүк Кореянын саясатына — анын өзөктүк программасына жана жарандарына жасаган каттал мамилесине каршы эмес экенин кыйыр түрдө көрсөтүп койду.