You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
УКМК жеке фирма Коргоо министрлигине 2,7 миллион евролук курал-жарак жеткирүү милдетин аткарбаганын билдирди
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Коргоо министрлигиндеги курал-жарак сатып алууга байланышкан коррупциялык схема аныкталганын билдирди. Иликтөөдө курал-жарак жеткирүүчү фирмалардын бири Коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбай койгону аныкталган.
"Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян 244 миллион 587 миң 870 сомду (2 700 000 евро) түздү, бул сумма козголгон кылмыш ишинин жана жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында ЖЧК тарабынан толугу менен өндүрүлдү" деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.
Бирок маалыматта бул кайсы фирма экени айтылган эмес.
Кыргыз бийлиги акыркы жылдары Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү активдүү модернизацияланып жатканын билдирип келет. Буга чейин бир катар мамлекеттерден жаңы курал-жарактар, техникалар алынып жатканы айтылган. Мисалы, Кыргызстандын армиясында "Байрактар TB2", "Аксүнгүр" жана "Акынжы" сыяктуу дрондор пайда болгон. Ошондой эле зениттик-ракеталык комплекстер алынган.