Израил Газага кайрадан сокку уруп, 300 киши каза болгону айтылууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Израилдик аскерлер 18-мартка караган түнү өлкө жетекчилигинин буйругу боюнча ХАМАС тобунун Газада жайгашкан объекттерине сокку ура баштады. Газа бийлиги аткылоолордун кесепетинен үч жүздөн ашуун киши курман болгонун билдирди.
"ЦАХАЛ жана Шин-Беттин саясий эшалонунун чечимине ылайык, учурда ХАМАС террористтик уюмуна тиешелүү террористтердин объекттерине массалык чабуул урулууда",- деп айтылат Израилдин Коргонуу армиясы менен Шин-Бет коопсуздук кызматынын биргелешкен билдирүүсүндө.
Израилдин премьер-министринин кеңсесинин билдирүүсүндө Биньямин Нетаньяху жана Коргоо министри Исраэль Кац ХАМАСка каршы "чечкиндүү чараларды кабыл алуу" тапшырмасын бергени айтылат.
"Бул ХАМАС бир эмес, бир нече жолу биздин туткундарды бошотуудан баш тартып, ошондой эле АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф тарабынан түшкөн бардык сунуштарды четке каккандан кийин болуп отурат. Саясий жетекчилик тарабынан аныкталып, максатка толук жетүү үчүн ХАМАС террористтик уюмунун Газада жайгашкан бардык буталарына ЦАХАЛ чабуул коюп жатат. Мунун баары биздин туткундардын аман калгандарын дагы, көзү өткөндөрүн дагы өткөрүп алуу үчүн жасалып жатат",- деп билдирди Нетаньяхунун кеңсеси.
ХАМАСтын жогорку даражалуу жетекчилеринин бири Израил 19-январда күчүнө кирген ок атышпоо келишимин бир тараптуу бузуп жатат, деп Reuters агенттигине билдирди. Кийинчерээк аталган топтун өкүлү Израил өз туткундарын курмандыкка чалып, согуштук аракеттерди жандантып, тынчтык келишимин бузуп жатат деди.
Газага түнү бою урулган соккулардын багыты улам өзгөрүп турганы айтылууда. Азырынча бул маалыматтардын чын-бышыгын тактоо мүмкүн эмес.
18-марттын таңында Газанын Жарандык коргонуу агенттигинин өкүлү Махмуд Басал аба чабуулдардын жана артиллериялык аткылоолордун айынан кеминде 200 киши каза тапканын AFP агенттигине билдирди.
"Агрессиянын айынан эки жүз жыйырмадан ашуун киши каза таап, алар Газа секторундагы ооруканага жеткирилди. Алардын басымдуусу балдар, аялдар жана карылар. Ошондой эле аскердик операция улантылып, жер которууга аргасыз болгондор баш калкалап жаткан мектептер менен бала бакчаларга чейин эпкини жетип жатат",- деди Махмуд Басал.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт Израил Газадагы буталарга сокку урула турганы боюнча америкалык администрацияга алдын ала маалымат бергенин Fox News телеканалынын эфиринде билдирди:
"Президент Дональд Трамп Израилди эле эмес, кошмо штаттарын дагы террордун күчү чеңгээлдеп алгысы келген ХАМАСка, хуситтерге, Иранга мындай аракеттер үчүн толугу менен жооп берерин так түшүндүрдү".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Йоланда Нелл, Би-Би-Синин Жакынкы Чыгыштагы кабарчысы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эки айга созулган салыштырмалуу тынчтык бир заматта бузулду.
Израил ХАМАСтын ондогон бутасына сокку уруп жатканын билдирди. Расмийлер болсо бул операция мөөнөтсүз улантыла берерин жана кеңейтиле турганын айтышууда.
"Азыртан тарта Израил ХАМАСка каршы аракеттенип, аскердик кубатын арттырат",- деп билдирди премьер-министрдин кеңсеси.
Маалыматтарга караганда, каза тапкандардын арасында ХАМАСтын саясий жана аскерий жогорку даражалуу чиновниктери бар. Бирок дарыгерлер аба чабуулдардын айынан көптөгөн жаш бала курман болгонун айтууда.
ХАМАС тобу Израил тараптан "жөн жерден эле бир тараптуу чыккан эскалация" ок атышууну токтотуу келишимин бузуп, туткундардын тагдырын коркунучка кептеп койгонун билдирди.
Израил АКШнын колдоосуна таянып, туткундарды бошотууну узак мөөнөттүү тынчтык жана Газага жардам киргизүүнү калыбына келтирүүгө айырбаштоону таңуулап жатат.
ХАМАС болсо согушту биротоло токтотуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жана ок атышууну токтотуу боюнча биринчи келишимдин шарттары менен Газадан израилдик аскерлерди толугу менен чыгарууну талап кылып жатат.
Газа тилкесинде 15 айдан ашык убакытка созулган согуштук аракеттерден кийин элдешүүнүн биринчи этабы 19-январда башталган. Ал Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен түзүлгөн келишим эле.
Макулдашуунун биринчи этабы 1-мартта аяктап, ошондон тарта жарашуунун экинчи фазасынын шарттары макулдашылат деп болжонгон. Бирок андай болгон жок.
Өткөн аптада Биньямин Нетаньяхунун кеңсесинин Египетте туткундарды бошотуп алуу маселеси каралып жатат деген сөзүн AFP агенттиги жазып чыккан.

Сүрөттүн булагы, Anadolu
15-март күнү Нетаньяху сүйлөшүү жүргүзө турган топко кайрылды. Анда ал АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткоффтун аман калган туткундарды бошотуу жана каза тапкандардын сөөгүн өткөрүп берүү маселеси боюнча талаптарын негиз кылып, израилдик чиновниктерди ХАМАС менен түздөн-түз сүйлөшпөй эле ишти уланта берүүгө чакырды.
16-март күнү Уиткофф CNN телеканалынын эфиринде билдирүү менен чыкты. Ага ылайык, аман калган беш туткунду, анын ичинде АКШнын жана Израилдин жараны Эдан Александр Израилдин абактарында камалып турган "бир нече палестиналыкка" алмаштырыла турганын айтты.
"Менин байкашыма караганда, биздин сунуш ынанымдуу болду",- деди атайын чабарман.
Жума күнү ХАМАС Александрды бошотуп, дагы төрт кишинин сөөгүн өткөрүп берүүгө даярдыгын билдирди. Бирок Уиткофф ХАМАС тобундагылар сунушка "ынанымсыз жооп" беришкенин айтты.
Жарашуунун биринчи этабында ХАМАС Израилге 33 туткунду (анын ичинде 8 кишинин сөөгүн) өткөрүп берген, Израил тарап болсо буга жооп кылып, камакта жаткан 1800 палестиналыкты бошоткон.
Трамптын ХАМАСка кескин талабы

Сүрөттүн булагы, EPA
Март айынын башында АКШ президенти Дональд Трамп ХАМАС тобуна кайрылып, Газа секторунда кармалып турган туткундардын баарын тез арада бошоткула жана ошондой эле анклавдын аймагынан чыгып кеткиле деп талап койгон эле. Ак үй ошол эле учурда туткундарды бошотуу боюнча ХАМАС менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын ырастаган.
"Баардык туткундарды азыр бошоткула, кийин эмес жана силер колдуу болуп өлгөн кишилердин баарынын сөөктөрүн кайтарып бергиле. Муну аткарбай турган болсоңор анда ишиңер бүттү дей бергиле. […] Мен айтканды аткармайын ХАМАСтын бир дагы мүчөсү коопсуз жүрө албайт, ошондуктан мен айтканды жасагыла", - деп жазган ал өзүнүн Truth Social баракчасына.
"Бул силерге деген соңку эскертүүм! Жетечилик [ХАМАС], Газадан чыгып кеткенге азыр эң эле ынгайлуу учур, азырынча шансыңар бар. Ошондой эле Газанын калкына дагы кайрылам: силерди укмуштуудай келечек күтүп турат, бирок бул иш силер туткундарды бошоткон шартта гана жүзөгө ашат. Эгер силер муну аткарбай турган болсоңор анда өлүм күтөт",- деп кошумчалаган эле ал.
ХАМАС коркутуп-үркүтүүдөн эч кандай пайда чыкпайт, ал кырдаалды ого бетер оорлотот деп жооп кайтарган болчу.












