Сириянын жаңы бийлиги Орусиядан кенемте жана Асаддын экстрадициясын талап кылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
29-январда Орусиянын делегациясы Башар Асаддын режими кулатылгандан бери биринчи жолу Сирияга барды. Тартустагы аскер-деңиз портунун жана Хмеймим авиабазасынын келечегин талкуулоо жана алардын макамын мурдагы калыбында сактап калуу – сапардын башкы максаты болгон.
Жолугушуудан кийин Сириянын жаңы өкмөтү Орусия кенемте төлөө жана реконструкцияга көмөктөшүү сыяктуу конкреттүү кадамдары менен ишенимди калыбына келтириши керек экенин билдирди. Орус делегациясы кырдаалды оор деп атады.
Дамаскка Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов менен Орусия президентинин Сириядагы атайын өкүлү Александр Лаврентьев баштаган делегация барды.
Сирия тараптан сүйлөшүүлөргө убактылуу өкмөттүн жаңы администрациясынын башчысы Ахмед аль-Шараа, тышкы иштер министри Асаад аль-Шибани жана саламаттык сактоо министри Махер аль-Шараа катышкан.
Михаил Богданов журналисттерге үч саатка созулган сүйлөшүү конструктивдүү болгонун, орус делегациясы Сириянын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин колдой турганын тастыктады.
"Интерфакс" аталаган дипломатка шилтеме берип, жолугушууда соода-экономикалык мамиле да талкууланганын жазды. Анын ичинде орус тарап Сириянын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошконун эске салып, мындан ары да көмөк көрсөтүүнү уланта берерин айткан.
"Негизинен жолугушуу конструктивдүү, жакшы маанайда өттү. Бирок биз кырдаал канчалык оор экенин түшүнүп турабыз", — деген Богданов.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Өткөн кемчиликтерди оңдоо"
Сүйлөшүүдө Хмеймимде Орусиянын аскердик аба базасын жана Тартуста аскер-деңиз флотун сактап калуу деген башкы маселе чечилген жок.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Азырынча эч нерсе өзгөргөн жок. Бул маселе кошумча сүйлөшүүлөрдү талап кылат. Биз кызматташуунун ар бир багыты боюнча кеңири талкуу өткөрүүгө макулдаштык", — деген Богданов.
Ал орус тарап Сириянын тышкы иштер министрин Москвада кабыл алууга даяр экенин белгиледи.
Сириянын жаңы өкмөтү жолугушуунун жыйынтыгы боюнча билдирүү таратып, "мамилени калыбына келтирүү үчүн мурунку каталарды оңдоо, Сирия элинин эркин урматтоо керектигин" билдирди.
"Орус тарап Сириядагы оң өзгөрүүлөрдү кубаттай турганын ырастады. Диалогдун жүрүшүндө кенемте, реконструкция сыяктуу конкреттүү чаралар аркылуу Сирия элинин ишенимин калыбына келтирүүдөгү Орусиянын ролу баса белгиленди", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматта Дамаск Москвадан кандай кенемте талап кылып жатканы айтылган эмес. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо делегация сүйлөшүү учурунда өлкөнү калыбына келтирүү үчүн сириялыктарга жардам берүүгө даяр экенин айткан. Мындан мурдараак Сириянын тышкы иштер министри Асаад аль-Шибани Financial Times басылмасына Асаддын режими Орусияга 8 милллард долларга чукул каражат карыз болгонун кабарлаган.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков шаршембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, орус делегациясынын Дамаскка болгон сапары маанилүү экенин белгилеп, кайсы кенемте жөнүндө болуп жатканын айтуудан баш тарткан.
"Мен буга эч кандай түшүндүрмө бере албайм. Биз мындан ары да Сирия бийлиги менен диалогду улантабыз", — деген эле Песков.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүнөн кабардар сириялык булактын Reuters агенттигине билдиргенине караганда, Ахмед аль-Шараа Москвадан мурдагы качкын президент Башар Асадды өткөрүп берүүнү талап кылган. Агенттиктин маектеши орус делегациясы "каталарды мойнуна албаганын" жана сапар учурунда сүйлөшүүлөрду улантуу керек деген бир гана макулдашууга жетишилгенин кошумчалады.
Bloomberg агенттиги да Москвадагы булагына таянып, Сириядагы орус аскер базаларын сактап калуу боюнча Дамаск менен Москванын сүйлөшүүсү туңгуюкка кептелгенин жазды.
Агенттиктин маектешинин айтымында, орусиялык эки транспорттук кеме Сириядан аскердик жабдыктарды алып чыгып кетүү үчүн Тартуста токтогонго уруксат ала албай, бир нече жума буйдалган. Орус аскерлеринин Хмеймим аба базасындагы ишмердүүлүгү да чектелген.
Тартус – орус аскерлерине Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы операциялар учурунда май куюп, кемелерди оңдоого мүмкүндүк берген Жер Ортолук деңиздеги жалгыз база катары белгилүү. Хмеймим – Москванын бул аймактардагы ишмердүүлүгүн камсыздаган база.
2017-жылы Москва менен Дамаск Тартус жана Хмеймимдеги базаларды 49 жылдык мөөнөткө пайдалануу боюнча келишимге кол коюшкан. 2019-жылы Сирия бийлиги Тартус портун башкаруу боюнча орусиялык "Стройтрансгаз" компаниясы менен инвестициялык келишим түзгөн. Январдын ортосунда Сириянын жаңы бийлиги бул келишимди бузганы маалым болгон.
План эмне үчүн ишке ашпай жатат?
Башар Асаддын режими кулатылгандан көп өтпөй, декабарда Bloomberg агенттигинин өз булактары Кремль Тартус жана Хмеймимдеги базалары боюнча Сириянын жаңы бийлиги менен келишим түзүүгө жакындап калганын кабарлашкан.
Эксперттер Москва Дамаскка азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону сунушай аларын билдиришкен. Себеби Орусия дүйнө жүзүнө дан жеткирген негизги өлкө болуп эсептелет. Мындан тышкары армияны калыбына келтирүүгө көмөктөшүп, курал менен камсыздоого мүмкүнчүлүгү бар.
Бирок соңку апталарда Евробиримдик Сириянын жаңы бийлиги менен алакасын жандантып, Дамаскты Орусия менен келишим түзүүдөн баш тартууга көндүрө баштады.
Жаңы жылдан кийин эле Германия менен Франциянын тышкы иштер министрлери Дамаскка барды. 27-январда Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас ЕБнын тышкы иштер министрлери Сирияга каршы санкцияларды жумшартуу тууралуу жол картасын түзүүгө макулдашканын жарыялады.
Мурдараак Bloomberg "Чоң жетиликтин" айрым өлкөлөрү жана алардын союздаштары орус мунайы менен азык-түлүк импортуна альтернатива боло турган ыкмаларды изилдеп жатканын кабарлаган. Бул арада Украина Сирияга буудай жөнөттү.
Москванын Сириядагы аскердик базаларын жана таасирин сактап калуу планына Түркия да каршы. Анкара бир нече козголоңчу топторду, анын ичинде Сириянын жаңы өкмөтүн түзүп жаткан "Хайят Тахрир аш-Шамды" (Орусияда террорчу деп таанылган) колдоп келген.
Түркиянын жогорку кызматтагы эки чиновниги Bloomberg агенттигине Орусиянын согуштук учактары жарандык согуш маалында оппозициялык күчтөргө чабуул койгонун эске алып, аталган эки базанын өлкөдө калышына Сириянын жаңы бийлиги уруксат берери "өтө күмөндүү" деп билдирди.
Орусия Сириянын мурдагы президентин акырына чейин колдоп, козголоңчуларга каршы согушта ага көмөктөшкөн. Асад бийликтен кулатылгандан кийин Москва ага башпаанек берген.










