Парламент комитети Жогорку Кеңешти таркатуу сунушун колдоду

Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу боюнча 32 депутаттын сунушу парламенттин профилдик комитетинде бир добуштан жактырылды. Бул тууралуу эки пункттан турган токтом долбоору Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешине жолдонду.

Аталган сунуш боюнча баяндама жасаган депутат Улан Примов 2026-жылы ноябрда жана 2027-жылы январда удаа өтчү парламенттик жана президенттик шайлоолордун аралыгы бир ай гана болуп жатканы үчүн мындай демилге көтөрүлүп жатканын жүйөө келтирди:

"Мындай учур саясий туруксуздукка алып келишими толук ыктымал. Чоң эки саясий өнөктүк удаа келгенине байланыштуу өзүбүздүн депутаттык мандаттан баш тартып, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюп, туруктуулук маселесин эске алып, биз ушул кадамга бардык".

Депутат Элмурза Сатыбалдиевдин суроосу боюнча Улан Примов парламенттин өзүн-өзүн таркатуусу боюнча демилге көтөрүп чыккан депутаттардын ысымын атады:

  • Нурланбек Азыгалиев
  • Нурбек Сыдыгалиев
  • Марлен Маматалиев
  • Жылдыз Садырбаева
  • Кундузбек Сулайманов
  • Азамат Исраилов
  • Таалайбек Масабиров
  • Улан Примов
  • Азизбек Турсунбаев
  • Данияр Төлөнов
  • Алишер Козуев
  • Бакыт Калпаев
  • Чыңгыз Ажибаев
  • Аманкан Кенжебаев
  • Гүлсүнкан Жунушалиева
  • Нилуфар Алимжанова
  • Саидбек Зулпуев
  • Лейла Лурова
  • Чолпон Султанбекова
  • Балбак Түлөбаев
  • Равшанбек Рыспаев
  • Кубанычбек Самаков
  • Жанар Акаев
  • Русланбек Жакышов
  • Сүйүнбек Өмүрзаков
  • Жайлообай Нышанов
  • Гүлкан Молдобекова
  • Марат Мураталиев
  • Арсланбек Эгембердиев
  • Акбөкөн Таштанбеков
  • Айжигит Тыналиев
  • Арсланбек Малиев

Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу боюнча токтом эки гана пункт болуп жатат деп, бул боюнча сунуш келтирди:

"Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ушундай өзүн-өзү таркатуу болуп жатат. Бул себептүү мыйзамдын таасири так аныкталбай калган жерлери бар экен. Ошондуктан токтомго кошумча сунуш кылганбыз. Бирок ойлонуп көрүп, өзүнчө токтом кылып, чарбачылык жактарын карайлы. Анда эми биздин макам кандай болот, аппарат кандай болот, алардын жумушу кандай жүрөт өңдүү маселелер. Аны өзүнчө жабык эшик артында карайлы".

Ошондой эле Маматалиев "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамдагы редакциялык каталарды чукулунан оңдоо боюнча сунушун берди. Анын айтымында, аталган мыйзамдын 41-беренесинде БШК шайлоо фонддорунун отчету боюнча орусча жана кыргызча редакцияларда келишпестиктер бар. Мисалы, фонддор боюнча БШКга милдеттүү отчет орусча вариантында бир жума жана 24 сааттын ичинде берилиши керек деп жазылган, ал эми кыргызча версиясында күн сайын деп жазылып калган.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитеттин бүгүнкү жыйынында БШКнын мүчөсү Анар Дубанбаеваны өзү жазган арызынын негизинде кызматтан бошотуу боюнча маселе да каралды. Комитет мүчөлөрү чечимди колдоп, комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова ушуну менен БШКнын эки мүчөсүнүн орду бошогонун айтып, ал орундарга башка адамдарды дайындоо үчүн сөздү президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго берди. Абытов бул орундарга президент Садыр Жапаров Сүйүнбек Касмамбетов менен Кабылбек Мамбетаиповду сунуштап, комитет алардын талапкерлигин колдоду.

"Саясий харакири, талак жана кеңеш"

Парламенттин өзүн-өзү таркатуу тууралуу демилгесине карата коомдук сайттарда түрдүү пикирлер айтылууда. Алалы, журналист Гүлжан Каримова жетинчи чакырылышты "өздөрүнө өздөрү талак берип, тарыхта калды" деп жазды.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Жогорку Кеңештин бул чечимин саясий харакириге теңеп, буга да эрк керек деп, жалпысынан депутаттардын бул чечимин колдоду. Анын постуна комментарий жазган аракеттеги парламент депутаты Исхак Масалиев өзүн-өзү таркатуу эрктүүлүккө жатпайт, "бул депутаттардын чечими эмес, "кенеш" берилген", деп жазды.

Катардагы колдонууулардан бул парламенттин таркашын колдогон, мөөнөтү соңуна чыга электе эле тарап кетип жатканына нааразы болгон да пикирлер айтылууда.