"Балыкчы-Кочкор" темир жолунун курулушу кайсы баскычына жетти?
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстан жүк ташууда негизинен автомобиль жолдоруна көз каранды. Географиялык жайгашуусун эске алганда өлкө деңизге түз чыга албайт, темир жол тармагында аймактар ортосунда бирдиктүү байланыш жок. Мындан улам жылдар бою Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгү чектелип, кошуналарына логистикалык жактан көз каранды болуп келе жатат. Соңку жылдары көптөн бери сөз болуп, бирок ишке ашпай келген темир жол багытындагы стратегиялык долбоорлор акырындап аткарыла баштады жана анын бири "Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече-Макмал" темир жолу.
"Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече-Макмал" долбоору өлкөнүн ички бирдиктүү темир жол системасын түзүү багытындагы алгачкы олуттуу кадам. Анын курулушу мындан үч жыл мурун башталган.
Расмий маалыматка ылайык, долбоордун Балыкчыдан Кочкорго чейинки бөлүгүнүн узундугу 63,6 чакырымды түзөт. Учурда бул аралыктын 30-чакырымынан 44-чакырымына чейинки бөлүгүндө суу куурларын орнотуу, бургулоо жана жардыруу сыяктуу иштер жүрүп жатат. Андан кийинки 44-чакырымдан 63,6-чакырымга чейинки бөлүгү учурда экспертизанын кароосунда.
"Курулуш иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн чакан долбоордук участокторго бөлүнгөн. Азыр биз 4-участокто иштеп жатабыз. Бул бөлүк "Орто-Токой" суу сактагычынын жээги болуп, адырга, жарга туш келгендиктен 40-чакырымдан 44-чакырымга чейинки аралыкта жардыруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Балыкчы станциясынын долбоору дагы аяктады",- деди "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев Би-Би-Сиге.
Айтымында, техникалык-экономикалык негиздемеде Балыкчы-Кочкор темир жолунун жалпы наркы 110 миллион доллар же 9 миллиард 800 миллион сомдун тегерегинде деп бааланган. Бул эсептөөлөр 2022-жылы курулуш жаңы башталган учурдагы баалар менен жүргүзүлгөн.
Жол "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын өз каражатынын эсебинен курулууда. Ага тыштан капиталдык салым же инвестор тартылган эмес. Курулушту 2026-жылы аяктоо пландалып жатат.
Эмне ташылат?

Сүрөттүн булагы, Official
Балыкчы-Кочкор темир жолу толук аяктагандан кийин Кара-Кечеден көмүр ташуу негизги артыкчылык катары каралган. Адистердин айтымында, темир жол жалпы тогуз кен байлык жайгашкан аймак аркылуу өтөт жана бул кен казууну өнүктүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүк түзөт.
Мындан тышкары, жаңы линия Бишкек шаары, Кочкор, Балыкчы жана Тоң райондорунун ортосундагы оор жүк ташуунун бир бөлүгүн темир жолго которууга шарт түзөт. Бул автожолдорго түшкөн жүктү жеңилдетет. Курулуштун кийинки этабы менен темир жол дагы башка райондорду камтыйт.
"Мындан кийинки этапта Макмалга чейин жетип, андан соң "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолуна кошулуп, Кыргызстанда ички бирдиктүү темир жол системасы түзүлөт. Эгер ошол темир жол артериясы ишке ашса, логистиканын каалаган варианттарын пайдаланууга болот",- деди техника илимдеринин кандидаты Рыскулбек Жумабаев.
Адистин айтымында, учурда курулушта 100гө жакын жумушчу иштеп жатат. Анын 80 пайызы Тоң жана Кочкор райондорунун тургундары. Курулуш ишин "Көпүрө куруу отряды" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.
Долбоордун кийинки этабы

Сүрөттүн булагы, Official
Долбоордун кийинки баскычы "Кочкор-Кара-Кече-Маймак" багыты боюнча уланат. Тиешелүү мекеменин маалыматына ылайык, бул этап "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулуш менен синхрондуу түрдө аяктайт деп күтүлүп жатат. Болжолдуу эсептер боюнча курулуш 2030-жылдарга барып жыйынтыкталат.
"Экинчи этап Кызарт ашуусу сыяктуу татаал жерлерден өтөт. Кара-Кечеден Макмалга чейинки бөлүгүндө туннелдер дагы болушу мүмкүн. Ошондуктан техникалык-экономикалык негиздеме даярдоо, долбоорлоо жана курулуш иштерин жүргүзүү үчүн "Кыргыз темир жолу" инвестор караштырып жатат",- деди Рыскулбек Жумабаев.
Евразиялык экономикалык комиссиясы "Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече-Макмал" темир жолун уюм үчүн приоритеттүү инфраструктуралык долбоорлордун катарына кошкон.
Ошондой эле Жумабаев учурда АКШ баш болгон бир катар өлкөлөрдүн ар кандай жеке компанияларынан дагы сунуштар түшүп жатканын айтат.
Товар жүгүртүүнүн кан тамыры - жол

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Экономист Кеңешбек Алимбеков "Кочкор-Кара-Кече-Маймак" багытындагы темир жол долбоору өлкөнүн келечеги үчүн абдан маанилүү дейт. Айтымында, учурда Кыргызстанда жүк жана жүргүнчү ташуунун негизин автотранспорт түзөт. Экономикалык жактан алып караганда бул кымбатка турат жана айрым учурда эффективдүүлүгү төмөн.
"Темир жол болсо жүк ташуудагы эң натыйжалуу, арзан жана коопсуз ыкма. Эгерде темир жол аркылуу жүк ташуу мүмкүнчүлүгү толук кандуу ишке ашса чыгымдар кыйла төмөндөп, чоң көлөмдөгү, оор салмактагы товарларды жеткирүү мүмкүнчүлүгү жакшырмак",- деди Алимбеков.
Анын пикиринде, өзгөчө, "Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече" сыяктуу долбоорлор ички байланыштарды чыңдоого жана эл аралык багыттарга чыгууга өбөлгө түзөт.
Жолдун курулушу, андан ары "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу менен туташуусу Кыргызстанды Казакстандын жана Өзбекстандын темир жол тармактарына болгон көз карандылыктан арылтат.
"Кыргызстан бүгүнкү күндө товарларын эң көп бөлүгүн Орусияга экспорттойт. Бирок жүктөрдү Казакстандын темир жолу аркылуу алып чыгып жатат. Соңку жылдары бул өлкө темир жол тарифтерин дагы жогорулатып жиберди. Айрым саясий жагдайлар менен дагы чектөөлөр болуп жатат. Бул Кыргызстандын экономикалык жана логистикалык эркиндигине олуттуу тоскоолдук жаратууда",- дейт Алимбеков.
Экономист "Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече-Маймак" линиясынын "Кытай-Кыргызстан Өзбекстан" темир жолу менен туташуусу Кыргызстан үчүн Иран, Ооганстан жана Пакистан аркылуу деңизге чыкканга жол ача турганын баса белгиледи. Бул өлкөнү эл аралык соода системасына интеграциялоого чоң кадам болмок дейт:
"Темир жол - бул экономикалык өнүгүүнүн негизги кан тамыры. Бул тармакты жолго коюп алсак аймактар ортосундагы байланыш жакшырып, ички рынок жанданып, Кыргызстандын геоэкономикалык ролу бекемдемек".
Учурдагы темир жол системасы

Сүрөттүн булагы, Official
Учурда Кыргызстандын чар тарабын туташтырган бирдиктүү темир жол тутуму жок. Совет доорунан 424 чакырым темир жол линиясы калган. Анын 324 чакырымы түндүктө, 100 чакырымы түштүк аймакта курулган.
Бул линиялар фрагмент түрүндө, бири-бири менен байланышпайт. Түндүк линия Казакстандын түштүк аймагы менен байланышса, түштүктөгү төрт линия Өзбекстандын шаарлары менен туташат.
Мындан улам Кыргызстан жүктү темир жол менен негизинен коңшу өлкөлөрдүн аймагы аркылуу ташыйт. Түндүк менен түштүккө оор курулуш материалдарын же мунай заттарын жеткирүү азырынча унаа жолдору менен гана ишке ашат.
Бул ыкма чыгымдарды көбөйтүп эле тим болбостон, убакытты да көп талап кылат жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет деп белгилешет адистер.
Дал ушул көйгөйдү чечүү үчүн "Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече-Маймак" темир жол долбоору ишке ашырылууда. Анын негизги максаты Кыргызстан ичинде түндүк менен түштүктү туташтырган бирдиктүү темир жол системасын түзүү.











