Азербайжанда таанымал оппозициячыл лидер Али Керимли камакка алынды

Али Керимли АЭФПнын башына 2000-жылы келген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Али Керимли АЭФПнын башына 2000-жылы келген

Азербайжандын бийлиги Элдик фронт партиясынын лидери Али Керимлини бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен эки жарым айга камакка алды. Өлкөдөгү эң байыркы оппозициялык партиялардын биринин лидери менен кошо дагы бир нече негизги оппозициялык ишмерлер камакка алынды. Укук коргоочулар эки жылдан бери репрессия күч алганын айтып, өлкөдө кылымдын башынан бери мынчалык көп сандагы саясий туткун болбогонун белгилешүүдө.

Бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча Али Керимли бери дегенде 12 жылдан өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Керимли ишембиде кармалып, дүйшөмбүдө сот аны эки ай 13 күнгө камакка алуу тууралуу чечим кабыл алды.

Жергиликтүү бийликчил ЖМКлар Мамлекеттик коопсуздук кызматы тинтүү маалында Керимлинин үйүнөн Рамиз Мехтиев жазган каттарды тапканын маалымдашты. Рамиз Мехтиев – ушул эле маалымат каражаттары төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптаган президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси.

87 жаштагы пенсионер Рамиз Мехтиевдин айыпталуучу катары макамы ушул кезге чейин расмий түрдө тастыктала элек.

Ал эми Азербайжандын Элдик фронт партиясы (АЭФП) буга чейин үзгүлтүксүз кысымга алынып келген. Партиянын мүчөлөрү 2019-жылга чейин эле – Мехтиев президент Илхам Алиевдин администрациясынын башчысы кызматынан кеткенден кийин эле эркинен ажыратылчу.

Камакка алынаардын алдында Керимли анын партиясы Мехтиевдин партиясы менен эч байланышта болбогонун билдирген.

Керимлинин камакка алынышы социалдык тармактарда кызуу талкууларга жем таштады. Жазылып жаткан пикирлерге караганда, оппозициячы менен пенсиядагы аткаминер биргелешип төңкөрүш жасоону пландап, кат алышып турганына көп ишене беришпейт.

"Мусават" аттуу дагы бир ири оппозициялык партия Керимлинин бошотулушун талап кылып, "саясий ишмердүүлүк чектелип, адам укуктары бузулуп жаткан азыркы шарттарда бул операцияны саясий репрессиянын уландысы катары баалай турганын" билдирди.

Сүрөттө: АЭФП акыркы жылдары нааразылык акцияларын өткөрүп турган саналуу партиялардын бири

Репрессиянын кезектеги толкунубу?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Керимли менен бир маалда дагы бир нече белгилүү оппозициячыл саясатчы кармалды.

Алардын бири Гүлтекин Гажибейлини Түркиянын коопсуздук күчү Стамбулдагы ижарага алган батиринен кармап кетип, Азербайжанга өткөрүп беришти. Анын камакка алынганы тууралуу расмий маалыматтар азырынча чыга элек. АЭФПнын башкаруусунун мүчөсү Мамед Ибрагим да эки жарым айга камакка алынды.

Ушул күздө негизинен Евробиримдиктин аймагында жана АКШда жашап, Азербайжан бийлигин сындап жүргөн дагы бир нече адам, журналисттер жана активисттер сыртынан камакка алынган.

Азербайжанда алдыңкы көз карандысыз маалымат каражаттарынын кызматкерлери эки жыл мурда эле абакка камалган. Ондогон журналисттер, активисттер жана саясатчылар өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Азербайжанда айрым белгилүү чет элдик маалымат каражаттары, мисалы, "Азаттык" радиосу (Орусияда бул ЖМКнын бардык түзүмдөрү "чет элдик агенттердин" реестрине киргизилген), анын ичинде Би-Би-Синин Азербайжан кызматы өз бюролорун жабышкан.

2025-жылдын башында Азербайжан БУУнун жана Эл аралык Кызыл Чырымдын кеңселерин жапкан.

Сүрөттө: Керимли 2000-жылы Элдик фронтун мурдагы лидери Абулфаз Элчибей каза болгондон кийин бул партиянын башына келген

Азербайжандык укук коргоочулар Али Керимлинин камалышын репрессиянын уландысы катары баалап, анын бошотулушун талап кылышууда.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, өлкөдө саясий туткундардын саны дээрлик 400гө жетти. Илхам Алиевдин 22 жылдык президенттик доорунда жана анын атасы Гейдар Алиевдин башкаруусунун акыркы үч жылында да мынчалык көп сандагы саясий туткун болгон эмес.

Сүрөттө: Керимли 2000-жылы Элдик фронтун мурдагы лидери Абулфаз Элчибей каза болгондон кийин бул партиянын башына келген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Керимли 2000-жылы Элдик фронтун мурдагы лидери Абулфаз Элчибей каза болгондон кийин бул партиянын башына келген

Керимли деген ким?

Али Керимли 1987-жылдан кийин Баку мамлекеттик университетинде окуп жүргөндө совет доорунда эле саясий активист болчу. Эки жылдан кийин ал Азербайжандын Элдик фронт партиясынын мүчөсү болгон.

Бул партия СССР Коммунисттик партияга альтернативаларды түзүүгө уруксат бергенде пайда болгон. Гейдар Алиев өлкөнүн башына келгенге чейин, 1992-1993-жылдары АЭФП эки жылга жетпеген убакыт бийликте болгон.

Керимли Элдик фронтту анын мурдагы лидери, диссидент советтик тарыхчы Абулфаз Элчибей өлгөндөн кийин 2000-жылдан бери жетектеп келет. Элчибей Гейдар Алиевге чейин өлкөнүн президенти болгон.

20 жыл бою мамлекет Керимлиге чет элдик паспорт бербей келген жана ушундан улам ал өлкөдөн чыга алган эмес. Адам укуктары боюнча Европа соту 2015-жылы анын эркин жүрүү укугу бузулганын тааныган. (ZMa)