You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Зубрларга үмүт чоң... Корукка коё берилген зубрлар
Англиянын Кент графтыгынын токойлорунда коруктун табигый фаунасын жана флорасын калыбына келтирүү аракети менен европалык зубрлар (бизон) коё берилди.
Зубр дарактарга кашынып, же кабыгын кажып салганда алар кулап, башка жандыктарга орун бошотуп, токойду анын экосистемасына керектүү дөңгөч же соңгөк менен камсыз кылуусу абдан маанилүү.
Баасы 1,5 миллион фунт стерлингди (болжол менен 1,7 миллион доллар) түзгөн долбоорду жапайы жаратылышты коргоо боюнча жергиликтүү эки фонд (Кент Жапайы жаратылыш Трест жана Wildwood Trust) демилгелеген. Бизон менен экспериментти Улуу Британиянын түштүк-чыгышындагы Уэст Блин жана Торнен-Вудс коругунда жүргүзүү чечими кабыл алынды, анткени бул экологдор үчүн өзгөчө илимий кызыгууну жаратат.
Европалык бизондорду (Улуу Британияда азыр зоопарктарда гана көрүүгө болот) ассимиляциялоо үчүн Кентте коруктун "жаңы тургундарынын" келиши үчүн даярдалган жана төрт бизондун үйүрүн көзөмөлдөгөн атайын егерлер кызматы түзүлдү.
Рейнджерлердин бири Том Гиббс, мурда Herts and Middlesex Wildlife Trust компаниясынын кызматкери, Би-Би-Сиге долбоордун бир бөлүгү болгонуна абдан кубанганын айтты.
"Бизон сыяктуу жапайы түрлөрдүн кайра жапайы жаратылышка кайтарылуусу - бул туруктуу ыкма, мында жаратылыш өзү жетектеп, бузулган экосистемаларды жана жоголгон түрлөрдү калыбына келтире алат",- дейт ал.
Европалык бизондор бир кезде Улуу Британияда жүргөн, бирок Экинчи Дүйнөлүк Согуштун аягында жапайы жаратылышта жок болуп кеткен байыркы талаа бизонунун эң жакын туугандары.
Бул түр дагы эле толугу менен жок болуу коркунучунда турат жана азыр зоопарктарда калган өзгөчө жандыктардын жардамы менен калыбына келтирилүүдө.
Долбоорду демилгелеген фонддор андан кийин ошол эле корукта Exmoor понилерин (ал да жок болуп кетүү коркунучу астында деп эсептелген) жана темир доорунун чочколорун (үй жана жапайы жаныбарларды кесип өткөн чочколордун ири гибрид породалары) коё берүүнү пландап жатышат. Коруктун потенциалдуу байырлоочуларынын ошол эле тизмесине узун мүйүздүү (өтө узун мүйүздүү бодо малдын породасы) түрү кирет.
Окумуштуулардын айтымында, бул жаныбарлар европалык бизондор жашаган табигый чөйрөнү толуктайт.
"Бул долбоор климаттын өзгөрүшү проблемасын чечүүгө жардам бере турган туруктуу, экологиялык таза практикалардын реалдуу таасирин көрсөтөт, - деди Wildwood Trust директору Пол Уитфилд. "Биз бизондун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин далилдөөгө ниеттенип жатабыз. Алар биологиялык ар түрдүүлүктүн жарылышын шарттайт жана жашоо чөйрөсүнүн туруктуулугун жогорулатат, бул өз кезегинде көмүртектин секвестрине жардам берет жана глобалдык температуранын көтөрүлүшүн басаңдатат". (MD)