Наристе менен жаш эненин өлүмү. Эки окуя тең көзөмөлдө

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстанда үч күн аралыгында эле эки жаштагы наристе ооруканада чарчап, эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин төрөтканада көз жумду

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда үч күн аралыгында эле эки жаштагы наристе ооруканада чарчап, эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин төрөтканада көз жумду

Бишкекте үч күн аралыгында эле эки жаштагы наристе ооруканада чарчап, эгиз төрөгөн жыйырма эки жаштагы келин төрөтканада көз жумду. Бул окуялар дарыгерлердин жоопкерчилиги деген маселени кайрадан козгоп, түрдүү талкууга жем таштады.

Эки окуя боюнча медициналык экспертизанын жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат. Өлүмдүн себептери аныкталган соң, тиешелүү чаралар көрүлөрүн дарыгерлер билдирди.

13-январь күнү, №3 балдар ооруканасына 14:30да дем алуусу начарлап барган эки жаштагы наристе, бир нече сааттан кийин чарчап калган. Баланын ата-энеси дарыгерлер кош көңүл мамиле кылды деп, Октябрь райондук милициясына арыз жазып, ишти ийне-жибине чейин кароону өтүнүп, президентке чейин кайрылышты.

Арыздын негизинде 146-беренене боюнча (медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды.

“Балам мурун такыр катуу ооруган эмес”

Чарчап калган наристенин апасы жана жакыны

Сүрөттүн булагы, SUPER.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чарчап калган наристенин апасы жана жакыны

Би-Би-Си баланын апасы менен байланышканда, наристе эки жашка чейин катуу ооруп, ооруканага кайрылган учур дээрлик болбогонун айтууда.

13-январь күнү таң эрте баланын дем алуусу начарлай баштаганда, апасы тез жардам чакырып, бирок ал кечигип, келбей жатканынан такси жалдап Бишкектеги №3 балдар ооруканасына жөнөгөн.

“Такси менен 14:30да №3 балдар ооруканасына бардым. Барарым менен эле тез жардам комнатасына киргизди. Балам, дем ала албай жатат, жардам бергилечи, сураныч дедим. Барганда баланын дене табы жогору эмес болчу, мен улам сайын текшерип жаттым. Бала бир нерсе жутуп алышы мүмкүн деп, рентгенге алып барды, бирок таза чыкты. Эс алдыруучу укол сайды. Бирок, эч жыйынтык болгон жок”, - деди баланын апасы Темиркан кызы Кайыргүл.

Апасынын айтымында, ийне жардам бербегендиктен, балага ингаляция андан кийин кислород коюшкан. Бул тапта биринчи кабыл алган дарыгердин иш убактысы бүтүп, ал башка дарыгер келип карарын айтып кеткен. Айтымында, экинчи дарыгер 15:30 чамасында келип, баланын ата-энесине тез жардам аркылуу башка ооруканага баруу керектигин айткан. Ал учурда наристе тыбырчылап, оозу көгөрүп, абалы улам сайын начарлай берген деп сүрөттөп жатышат.

Апасы улам сайын дарыгерге чуркап жатып, реанимацияга киргизгенин кошумчалады. Саат 16:30 чамасында жолдошуна баласы чарчап калганын айтышкан.

№3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал эми оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов тиешелүү протокол менен бардык жардам көрсөтүлгөнүн айтууда.

“Биринчи кирип текшергенде сатурациясы 86 экен, кийин 98ге көтөрүшүп, салмагын ченеп, жашы, салмагына карап, дарыны туура сайышкан. Бул эми врачтардын айтымында болуп жатат да. Андан кийин кислороддо дем алып отурганда тез жардам чакырышкан. Себеби, ОРВИ менен менен Жалдагы балдар ооруканасы дарыламак. Анан тез жардам келгичекти акыбалы начарлап кетип, реанимацияда турган. Ошол реанимацияга карабай өкүнүчтүүсү каза болуп калат. Бирок, дарыгерлер колдон келгенди кылды деп жатышат. Азырынча ушуну эле айта алам. Азыр иликтөө болуп жатат”, - деди №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов.

Учурда жүздөгөн ата-эне балдары менен ооруканага кайрылып, айрымдары акыйып кезек күтүп жактан мезгил.

Бул окуялар жакында эле тиш доктурдан чарчап калган үч жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү деп анестозиолог кармалып, атайын комиссия түзүлгөн учурга туш келди.

Мындай чулгандуу окуя былтыр дагы катталып, “Эне жана баланы коргоо” борборундагы үч жашар баланын өлүмүнөн кийин, бир нече дарыгерлер ишине шалаакы мамиле кылды деген айып менен камалып, кийин үй камагына бошотулган.

Ошол окуядан кийин медицинанын абалы, жоопкерчилиги деген маселе кабыргасынан коюлган. Түрдүү талкуулар жүрдү. Ошол тушта эгер бул сыяктуу көрүнүштөр улана берсе, врачтар өзүнүн жоопкерчилигинен коркуп, өз убагында медициналык жардам көрсөтүүдөн качып, анын тескери таасири дагы тийиши мүмкүндүгүн айткандар болгон.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Накен Касиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мурдагы саламаттык сактоо министри Накен Касиев

“Биздин кесипте башка дагы кемчиликтер болбой койбойт. Бул эмнеден болот? Биринчиден кесипкөйлүктүн төмөндүгүнөн, экинчиден ооруда ар кандай кырдаал болот. Бул эми жарандык тартипте адамдардын мамилесине жараша болот. Тилекке каршы, өлгөн адамды кайтарып келишке болбойт экен. Эгер ошону эки жак тең терең түшүнсө, врачтардын кесибинин татаалдыгын да эске алып, макулдашууга келүү практикада болуп келатат. Бирок юридикалык жактан бир бетке туруп алса, анда ал жагы сөзсүз каралат”,- деген эле Би-Би-Сиге мурдагы саламаттык сактоо министри Накен Касиев.

Эгиз төрөгөн жаш эне үч күндөн кийин көз жумду

Бишкектеги №2 төрөткана

Сүрөттүн булагы, ORBITA.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги №2 төрөткана

15-январь күнү, Бишкектеги №2 төрөтканада эгиз төрөгөн жыйырма эки жаштагы эне көз жумду. Анын негизги себебин дарыгерлер кан басымынын жогору болгону менен байланыштырышууда.

Келин 11-январь күнү, кош бойлуулугу сегиз ай, беш күн болгондо абалы оорлоп төрөтканага келген. Кан басымы дагы жогору болгондуктан, дарыгерлер ошол эле күнү ыкчам ичин ачышкан (кесарево). Дарыгерлер келиндин абалы кесареводан кийин жакшы эле болуп тургандыгын, 14-январь түнү начарлап, реанимациялык жардам көрсөтүлө баштаган дешет. Бирок, андан натыйжа чыкпай 15-январга караган түнү, саат 00:30да көз жумган.

медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалагынын башкы адиси Раиса Асылбашева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалагынын башкы адиси Раиса Асылбашева

“Жыйырма эки жаштагы келин мурда дарыгердин көзөмөлүндө биринчи шаардык поликлиникада болгон. Бирок ошол учурда оорулары аныкталган эмес. Улам айы чоңойгон сайын буту шишип, кан басымы көтөрүлүп, отуз төрт жума, беш күн болгонунда №2 төрөт үйүнө кайрылары менен жаткызылган. Төрөгөндөн кийин 14-январь түнү абалы начарлап, жүрөгү ЭКГга тартылган. Натыйжада жүрөгүндө оорусу аныкталган. Балким, бул ошол учурда ооруп турган үчүн жүрөгү ушундай көрсөттү. Медициналык жыйынтыкты күтүш керек”, - деп билдирди Медициналык жардам уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева.

Келин өлгөндөн кийин диагнозун аныктоо үчүн атайын медициналык экспертиза жүрүп жатат. Учурда эки баласы №2 төрөт үйүндө дарыгерлердин кароосунда. Айына жетпей төрөлгөндүгүнө карабастан, абалдары туруктуу деп билдиришти.

Өткөн жылдын тогуз айында төрөттөн кийин жыйырма жети аял каза болгон.

Кыргызстанда төрөтканада эмес, энелердин өз алдынча көз жарган учурлары дагы катталат.

Адистер аялдардан төрөттөн кийинки өлүмү, көбүнэсе убагындагы медициналык кароонун жетишсиздиги, кош бойлуу кезиндеги анемия же башка оорулардын өрчүп кетиши менен байланыштырышат.

Соңку эки окуя медициналык билим берүүдөн тарта ооруканалардын абалы, дарыгерлердин тажрыйбасы сыяктуу олуттуу маселелерди дагы бир жолу кабыргасынан койду.