"Адвокат болом деп жүргөн". Жибектин трагедиялуу өлүмү

Сүрөттүн булагы, courtesy
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
Кыргызстанда дагы бир келин күйөөсүнүн колунан ажал тапты. Кечээ, 23-декабрда Кыргыз экономикалык университетинин окутуучусу Жибек Урустемованы күйөөсү апасынын көзүнчө тапанча менен атып өлтүрдү. Милиция шектүүнү кармап, "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козгоп, тергөө иштерин баштады. Маркумдун жакындары ал мурда да зомбулук көрүп жүргөнүн, коргоо ордерин алып, ажырашууга бел байлаганын айтышууда.
Көз көрүнө өлтүрдү. Зөөкүр кызымды көз көрүнө өлтүрдү.
Эненин жашоосун күйүт басты. Аля Чодиева кайра-кайра дары ичип, өзүнө келе албай жатат. Ыйлай берип үнү чыкпай калган. Кечээ эле жаркылдап жүргөн кызы бүгүн жок. Ал күйөө баласынын колунан ажал тапты. Чүрпөсүнүн өмүрү кыйылган учурга эне өзү да күбө болгон:
"Үйгө кирип барып эле Жибек кайда дедим. Кирип барсам, өңү бозоруп кетиптир. Колунда сумкасы бар экен. Кызымды көздөй жүткүнсөм, мени сүйрөдү, кызым кыйкырып жиберди. Анан тигил башка бөлмөгө кирип барып, пистолетти алып чыгып, кызымды түртүп, ал жатып калганда ушул жерди көздөй (чыкыйды көрсөтөт- ред. ) атты. Атпадыбы, атпадыбы. (Ыйлайт) Беш жолу атыптыр. Дагы үч огу бар экен".
Аля Чодиеванын айтымында, Жибек каргашалуу окуя болгон күнү күйөөсү менен ажырашуу үчүн соттук жараянга катышкан экен. Отурумда кызы күйөөсү менен жарашпай турганын так кесе айткан. Күйөөсү жашай турганын билдирген. Сот жараяны февралга жылдырылган:
"Бизди эшикте тосуп туруптур. "Мен сенден кечирим сурабадымбы?! Канча жолу айттым! Жашайсың деп айтып жатам" деди. Жашайсың деп үстөмдүк кылды. Ошол маалда көзү кызыл, бир укмуш эле. Муштумун түйүп титиреп турду. Жибек жашабай турганын айтты. Жашай турган болсок, сен иште деди. Он жыл бою сени багып келдим, мен чарчадым деди".
"Туулган күнү болчу"
Дал ушул каргаша болгон күнү Жибектин туулган күнү эле. Ал болгону 47 жашка толгон.
Маркумдун сиңдиси Койсун Орусияда иштечү. Эжесинин туулган күнүн утурлай, ага сюрприз жасоо үчүн Бишкекке сапар алган. Бирок эжесин көрүп жетишпей калды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жибек сот жараянынан кийин ишке кетип, андан соң апасынын үйүнө кайткан эмес. Туугандары туулган күн тособуз деп аны кечке күтүшкөн. Кечке маал ал синдисине, апасына чалып, күйөөсүнүн жанында экенин, жарашышканын айткан.
"Эжем апам менен сүйлөшүп "үйгө бара албайм, Бакыт экообүз элдештик, эки күндөн кийин силер жакка барабыз" деп айтты. Бирок үнү аябай кайгылуу болчу. Үнү жардам сурап жаткандай үн болчу. Мени кордоп жатат, суранам, мени алып кеткилечи дегендей үн болчу. Апам, "кагылайын кызым, эмне болуп жатасың, дасторкон жайып, сени күтүп жатабыз го" деди.
Бир нече убакыт өтпөй кайрадан байланышып, жардам сураган. Койсун милицияга кайрылган. Бирок эжесинин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок.
"Үйдөн чыгып баратып 102ге бир жолу чалдым, алышкан жок. Машинеде кетип баратып кайра чалдым. Эжемди куткарып калгыла, жанында пистолети бар, куткарып калгыла деп сурандым. Эртерээк келишсе, эжемди сактап калганга толук мүмкүн болчу. Аябай кеч келишти, кеч келишти..."
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлагандай, "102" номуруна Бөкөнбаев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде зомбулук көрсөтүлүп жатканы жөнүндө кабар кечки саат тогуздар чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге Свердлов райондук милициясынын ыкчам тергөө кызматкерлери барганда 48 жаштагы жаран 47 жаштагы аялын "МР-79" тапанчасы менен атканын, аял ошол жерден көз жумганын аныктаган.
"Күйөөсү мас абалда болгон. Үйгө саат 20:30дарда киришкен, бизге чакыруу саат 21:00лерде түшкөн. Аял бир тууган сиңдисине "Биз урушуп жатабыз, милиция чакыргыла!" деп сиңдисине чалган. Биз 21:45те бардык. Барсак эшикти ачпай, биздин ыкчам кызматкерлер биринчи кабат болгондуктан терезе аркылуу кирген, ошентип, кылмышкер качканга жетишпей калган. 2019-жылга чейин ал бир катар облустарда милиция кызматында иштеп, пенсияга чыгып кеткен. Травматикалык пистолетке уруксаты бар экен", – деген Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев маалымдоо каражаттарына берген маегинде.
Расмий маалыматка караганда, 48 жаштагы кылмышка шектүү мурдагы милиция кызматкери. Алты жыл мурун пенсияга чыккан. Травматикалык пистолетке уруксаты болгон.

Сүрөттүн булагы, official
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш ишин козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмышка шектүүнүн жакындары дендароо абалда турушат.
"Түшүнбөй калдык. Пистолетин көргөн эмесмин. Катуу чаап салса, эсин жоготуп койгон го деп ойлоптурмун. Өлтүрүп коет деп ойлогон эмесмин. Жибекти келинимдей эмес, кызымдай көрчүмүн. Сырдашчубуз. Ооба, урушабыз, кайра жарашабыз деп айтып калчу. Бир ай мурун урушуп кетип, төркүнүнө кеткен. Булар элүүгө чыгып калды. Биз буларды эмес, булар бизди башкара турган жерде да. Эч нерсесин деле билчү эмеспиз", -деди шектүүнүн апасы Шаршекан Телимова.
Шектүүнүн жакындарынын билдиришинче, Жибек анын расмий түрдө экинчи никеси. Жарандык никелерин кошкондо төрт жолу аял алган. Жалпысынан жети баласы бар.
Жибек коргоо ордерин алган, мурда зомбулук көргөн
Жибектин улуу баласы Бекжан Урустемовдун билдиришинче, өгөй атасы мурда апасына да, өзүнө да зомбулук көрсөтүп келген. Апасы эки ай мурун токмок жеп, милицияга кайрылганын, коргоо ордерин алганын, ага карабай өгөй атасы тынчтык берген эмес экен.
"Апам эки ай мурун өгөй атамга каршы милицияга арыз жазган. Бирок реакция болгон эмес. Кийин ал бир айга коргоо ордерин алган. Бирок бул ордер ага жардам берген эмес. Атам бөбөктөрүм окуган мектептин жанына барып, апам менен жолугуп турчу. Апам коркчу. Жыйынтыгында мен минтип жетим калдым. Апам жок, атам түрмөдө. Апам баарыбызды бакчу. Тынбай иштечү. Атам акыркы беш-алты жылда үйдө эле жатчу. Өзүн гана карачу. Апам ипотеканын акчасын да төлөчү. Бул учурда атам Тик-Токко видео тартып отурчу. Апам эки ай ай мурун атам кантип сабаганын айтып бергенде эле андан түңүлгөм. Мындай адамдар кантип жашап жүрүшөт, билбейм".
Жибектин жакындары өлкө жетекчилигинен кылмышка шектүүнү катуу жазалоону өтүнүп жатышат.
Жибектин бул никесинен экинчи жана үчүнчү класстагы эки уулу калды. Өзү Бишкектеги кыргыз экономикалык университетинде сабак берчү. Лицензия алып, адвокат болом деген максаты, Жапонияга барып, сакуранын гүлдөгөнүн көрөм деген кыялы орундалбай калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда 2025-жылдын тогуз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 16 284 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 31,2% же 3 874 учурга көп.
Жалпысынан 435 факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын 280и сотко жөнөтүлгөн.
Зомбулук фактылары негизинен Бишкек жана Чүй облусунда көп катталган.
WPS (Аялдар, тынчтык жана коопсуздук индекси) деп аталган көрсөткүчкө ылайык, Кыргызстан 2021 жана 2023-жылдары эки ирет катары менен Борбор Азияда аялдар үчүн кооптуу өлкө катары таанылган. Кийинки индекс быйыл, 2025-жылы жарыяланат.












