Кайнаган июнь. Бул жылы баары башкача
Алексей Калмыков, Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жай башталганына аз эле болду, бирок күндүн ысыгы түндүк жарым шарында Канададан баштап Кытайга чейин дүйнөлүк рекордду чапчып, жүздөгөн адамдардын түбүнө жетүүдө. Июнь айында катаклизмдер көп болуп, окумуштуулар адам өзү жасаган климаттык өзгөрүүлөрдү күнөөлөп жаткан чагы.
Жылуу кыш менен кургакчыл жаздан кийин келген жай жанга тынч болбоду. Тынч океанындагы Эль-Нино феномени толук күчүнө кире электе ушундай болуп жатат, ал ансыз деле планетадагы температураны жакынкы эки-үч жылда көтөрүп салары белгилүү.
Демейде аптап, андан чыккан өрттөр менен кургакчылык түндүк жарым шарына жайдын экинчи жарымында августка жакын калганда келчү. Ал эми жалпысынан планетада глобалдык жылуулануу февраль-мартта эле башталчу.
Бул жылы баары башкача болууда.
Июнь Европада да, Америка менен Азияда да өзгөчө аптаптуу болду. Окумуштуулардын алдын ала божомолу боюнча 2023-жыл температуралык рекорддорду чапчып, тарыхтагы эң ысык болгон соңку сегиз жылдын кейиштүү салтын уланткан жатат.
Планета жылууланган сайын жаратылыштагы катаклизмдер күчөдү, андан келген зыян да көп болууда. Аптап адамдардын өмүрүн жалмап, энергетикалык жана миграциялык кризисти ого бетер курчутууда.
Табияттын өзү да башкача боло баштагандай. Европанын 13 өлкөсүн денге безгеги менен чикунгуни вирусун тараткан чиркейлер басууда. Он жыл мрда мындай өлкөлөр сегиз эле болгону Евробиримдиктин инфекциялык оорулардын алдын алуу борборунун отчетунда айтылат.
«Европада жылуулануу тенденциясы байкалууда: аномалдуу ысык жана суу ташкындары барган сайын көбөйүп күчөп баратат, ал эми жай узунураак жана жылуурак болуп баратат. Бул чиркейдин инвазивдүү түрүнүн көбөйүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүүдө»,-дейт окумуштуулар.
Эрте келген бир жарым градус

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жылуулануунун тизгинин тартыш үчүн дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрү парник газдарын абага ыргытууну кыскартууга макул болушкан. 2015-жылы кол коюлган Париж келишиминин максаты – планетанын жылууланышын индустриалдык деңгээлге чейин алганда 2°С ашырбоо, колдон келсе аны 1,5°С чегинде кармоо.
Планетада орточо жылдык температура 1,2°C эчак ашкан, ал эми июнда ал адамзат чек кылып койгон бир жарым градуска жетти. Ырас, мурда да ушундай учурлар болгон, бирок көбүнчө аба ырайына шылтап, климатты көп сөз кылышчу эмес. Бирок метеорологдорду санаа басты.
Анткени мурда болуп келген бир жарым градус Европага кышында - тарыхтагы эң ысык болгон 2016-жылы февраль менен мартта жана климаттык келишимге кол коюлган 2015-жылы келген. Жайкысын бир жарым градустук чек демейде сезилчү эмес.
“2023-жылы июндун ысып башталганы мурдагыдан башкача болду», - деп климаттык өзгөрүүгө байкоо салган Коперник борборунун окумуштуулары кабатыр болууда.
“Жердин үстүндө абанын дүйнөлүк орточо температурасы 2023-жылы июндун биринчи күндөрү бир топ эле ашып барып рекорд койду. Май айы дагы демейдегиден башкача жылуу болду».
Көйгөйдүн көзү кургакта эле көрүнгөн жок. Эки уюлда тең муз катмарлары эрип жатат, ал эми дүйнөлүк океандын үстү июнда мурдагы жылдарга караганда 0,2 градуска жылуураак болду.
Мындан ары дагы начарлайт, күзүндө Тынч океанда Эль-Нино (Тынч океандагы температуранын жогорулоо көрсөткүчү) күчүнө толот. Ал океанды үч жыл катары менен салкындатып, бирок жылууланууну баары бир токтото албаган Ла-Ниньенин ордуна келет.
Канададагы өрттөр, Пекиндин аптабы жана Европадагы кургакчылык
Түндүк жарым шарынын бардык континенттеринин жашоочулары үчүн 2023-жылдын июнь айы эсте калат. Канада жыл сайын глобалдык жылуулануудан келип чыккан жаратылыш катаклизмдерин баштан өткөрүүдө. Өткөн жылы Британ Колумбиясын суу каптап, ураган ургулады, а бир жыл мурда рекорддук ысык жүздөгөн адамдардын өмүрүн алды.
Бул жыл дагы тынч боло турган түрү жок. Жай али жакшыраак деле баштала электе Канадага токой өрттөрүнүн сезону кирип келди.

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын түндүгүндө адамдарга үйдөн чыкпай отургула, түтүнгө чулганган аба менен дем албагыла деп кеңеш беришүүдө.
Ал эми түштүктө Аризонадан Техас жана Флоридага чейин он миллиондогон адамдар кайнаган аптаптан кыйналууда. Бийликтин расмий маалыматтары боюнча ысыктан өлгөндөр кеминде 13 адам болду.
Мексикада абал андан да жаман. Бул жакта курмандыктар саны жүздөн ашты. Бул өлкө апрелден бери экстремалдык ысыктын үчүнчү толкунун баштан өткөрүүдө, а бийлик эми төртүнчүсү да жакын келип калды деп эскертүүдө.
Испаниянын түштүгүндө кургакчылык, Севилье менен Кордовдо температура июндун аягында +44°C жетти. Соңку 25 жылда Испанияга июнда экстремалдуу ысык бешинчи жолу келди. Ал эми соңку он эки жылда мындай кайнаган июндар алты ирет болду.
Улуу Британияда июнь тарыхтагы эң ысык ай болуп калганын Королдук метеокызматтын алдын ала өлчөөлөрү көрсөтүүдө. Өткөн жылдагыдай кайнаган кырк градуска азырынча жеткен жок, жебе 32°C ашкан жок. Бирок түн ичинде да жылуу болуп, жаан дээрлик жааган жок.
Германияда башкы транспорттун артерия болгон Рейн дарыясы эрте кургай баштады.
Азияда болсо миллиарддаган адам Пакистан менен Малайзияга чейин кайнаган ысыктан кыйналууда.
Кытайдын баш калаасы Пекинди он күн бою эки жолу аптаптуу толкун каптады, ал эми кырк градус кайнаган ысык үч күн катары менен турду. Ысык 35°C ашкан күндө соңку 30 жылдагы июндун орточо көрсөткүчүнөн көп болду.
Индияда ого бетер ысык. Түндүк менен чыгышта термометрдин жебеси июнда +46°C чапчыды. Бийликтегилер ысыктан болду деген ондогон адам өлүмдөрүн иликтеп жаткан чагы. Бирок регионалдык оорукананын адамдар ысыктан кыйналып өлдү деген башкы дарыгерин “жоопкерчиликсиз билдирүү” жасады деп кызматтан бошотуп жиберишти.
Мекеге быйылкы ажылык сапар дагы аптаптуу июнга туш келди. Жүз миңдеген мусулмандар Сауд Аравиясына келгенде бул жакта күндүз ысык +48°C болуп турду. Жүздөгөн адамдар биротоло ушул жактан жай тапты.
Бийликтин маалыматына караганда ысыктан эки миң адам жабыркап, кеминде 230 каза тапты.








