"Биздин ички ишибизге кийлигишпегиле". Жапаровдон Блинкенге жооп

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкенге узун кат жазып, эгемен мамлекет сырттан каржылык колдоо алып жаткан ЖМКлар менен бейөкмөт уюмдарынын ишин көзөмөлгө алып жатканын белгилеп, АКШны өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырды. Дипломатиялык бул кайым айтышуу, эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстан жарандык коом менен ЖМКга карата репрессиялык мыйзамдарды кабыл алып жатат деп көп сын айтып жаткан учурда болууда.
Садыр Жапаровдун катынын толук версиясы анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Анын башында эле кыргыз президенти АКШнын мамкатчысына анын катында "биздин мамлекетибиздин ички иштерине кийлигишүүнүн белгилери бар" деп билдирген.
Садыр Жапаров андан ары АКШнын мамкатчысынын Кыргызстандагы адам укуктары тууралуу объективдүү маалыматы жок экенин белгилеп, чет элден каржылык колдоо алган айрым бейөкмөт уюмдар жана алардын өкүлдөрү эл ичинде жалган маалымат таратып, ошонун айынан соттошуулар болуп жатканын билдирген.
Ошол себептүү кыргыз мамлекети бейөкмөт уюмдарга акча каяктан, кандай жана кайсы максаттарга жумшаларын көзөмөлдөгөнү жатканын белгилеп, Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган мыйзамдын маанисине токтолгон.
"Албетте, чет мамлекеттер каржылаган же чет өлкөлөр катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишине канчалык деңгээлде мамлекеттик контроль болушу керек деген кыргыз мамлекетинин мыйзамдуу кызыкчылыктарынан келип чыккан көйгөй бар.
Сөз кыргыз мамлекети өзүнүн статусуна ылайык ушул өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарга акча каражаттары кайдан келип жатканын, аларды ким жана кайсыл максаттарга жумшап жаткандыгын көзөмөлгө алууга умтулгандыгы жөнүндө жүрүп жатат".
Президент Кыргызстан карап жаткан мыйзамдын духу АКШда 1939-жылы кабыл алынган "Чет элдик агенттерди каттоо" мыйзамынын концепциясына үндөш экенин белгилеп, "эмне үчүн силерге болот, бизге болбойт" деп суроо койду.
Садыр Жапаров АКШнын тышкы саясатынын башчысын Кыргызстанга келип кырдаалды өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырды.
"Менин бир эле өтүнүчүм - биздин өлкөнүн ички ишине кийлигишпегиле".
"Жарандык коомго коркунуч"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Бликендин президент Садыр Жапаровго каты бир жума мурда элге жарыя болгон. Анда АКШнын тышкы саясат башчысы Кыргызстанда "Чет элдик өкүл жөнүндөгү" мыйзам долбооруна тынчсызданып жатканын жазган.
"Сиздердин активдүү жарандык коом көптөн бери аймактагы эң күчтүү жана Кыргызстандагы демократиянын негизги бөлүгү болуп саналат. Ушуга байланыштуу мен сизге Кыргыз парламентинде каралып жаткан аталган мыйзам долбоору боюнча өз тынчсыздануумду билдирүү үчүн кат жазып жатам. Эгер ал кабыл алынса, бейөкмөт уюмдарга оор жарандык жана кылмыш жазалары каралат. Өлкөдөгү демократиянын күчтүү жана негизги аспектиси болгон активдүү жарандык коом коркунучка кептелет", - деп айтылат катта.
Блинкен аталган мыйзам долбоору АКШ өкмөтүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен бейөкмөт уюмдар тарабынан ишке ашырылып жаткан саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу тармактар боюнча маанилүү программаларга коркунуч жаратып жатканын баса белгилеген.
"Биз буга чейин башка мамлекеттерде ушундай мыйзамдардын кесепеттерин көргөнбүз. Эгер бул мыйзам азыркы түрүндө кабыл алынса, бейөкмөт уюмдарынын жарандарга кызмат көрсөтүүсү төмөндөйт”, - деген ал.
"Репрессиялык мыйзам долбоорлору"

Кыргыз президенти менен АКШнын мамкатчысынын кат алышуулары Кыргызстанда журналисттер "массалык тополоң чыгарууга" шектелип массалык түрдө камакка алынып, ал эми бейөкмөт уюмдардын ишине мамлекеттик көзөмөл орнотуу аракеттери күчөп жаткан учурга туш келди.
Жыл башында "Айт Айт десе" жана "Темиров Live" медиа уюмдарынында мурда иштеген жана азыр иштеп жаткан журналисттерди ИИМ кармап кетип, сот эки айга камакка алды. Анын алдында бул медиа уюмдардын редакциялардын тинтүүгө алышты. Андан бир күн мурда 24.kg агенттигинин кеңсеси Улуттук коопсуздук комитети тарабынан тинтүүгө алынып, жетекчилери сурак берип чыгышты.
ИИМ 30-декабрда социалдык тармакта жүргөн мониторингде «Айт Айт Десе» и «Темиров Live» медиа уюмдарынын баракчасында массалык тополоңго чакырган маалыматтар табылганын билдирген.
Ал эми Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде көз карандысыз журналист, блогер деп аталгандар ар түрдүү фонддордон, уюмдардан ж.б. гранттык каражаттарды алып, аны мамлекеттик бийликти каралоого жумшап жатканын айтып жооп кылган:
"Бирок иш жүзүндө тийиштүү гранттык каражаттар өз максатына жумшалбай – бийликти жаман көрсөтүү, мамлекеттик бийликти каралоо, коомдун тынчын алуу, конституцияга каршы чакырык кылуу жана жалпысынан улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан жалган маалыматтарды таратуу саясаты жүргүзүлүүдө",-деген президент.
БУУнун адам укуктары боюнча комитети баш болгон ондогон эл аралык уюмдар журналисттердин камакка алынышын айыптап, бул кыянат ишти токтотууга чакырышты.
Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, 11 элчиликтин биргелешкен билдирүүсүндө кыргыз бийлигин адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин сактоого, журналисттердин укуктарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоого, ошондой эле адвокаттардын катышуусу менен тергөө иштерин мыйзам чегинде жүргүзүүгө үндөө айтылат.

Дүйнө өлкөлөрүндөгү жарандык коомдун эркиндигин баалоочу CIVICUS Monitor платформасы дагы жакында эле адам укуктарына байланыштуу Кыргызстанды сындаган отчет жарыялады.
People Power Under Attack (PPUA) 2023 деп аталган глобалдык отчётто Кыргызстан жарандардын эркиндиги чектелген жети өлкөнүн катарына кирди.
Азыркы убакта Жогорку Кеңеште каралып жаткан "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" жана "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорлорун эл аралык укук коргоо уюмдары демократиялык эркиндиктерди чектеген репрессиялык жүрүш деп аташууда.
“Кыргызстанда жарандык коомду жана маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн куугунтуктоо күчөдү жана репрессиялык мыйзам долбоорлору кабыл алынууда. Дүйнө коомчулугунун жана жарандык коомдун кескин каршы болгонуна карабастан, Россиянын "чет элдик агенттер" мыйзамдарына окшош долбоорду Жогорку Кеңеш кабыл алуу алдында турат”,- деп айтылат CIVICUS Monitor платформасынын дагы отчётунда.
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга толуктоолор жөнүндө долбоордо мамлекеттик органдар каалаган убагында бейөкмөт уюмдарынын каржылык жана чарбалык ишмердигин текшере тургандыгы каралган.
Бейөкмөт уюмдары буга кошумча жыл сайын финансылык отчёт берүүгө милдеттендирилет. Эң талаштуу жери кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгеси болууда.
Эгер коммерциялык эмес уюмдар көрсөтүлгөн талапты бузган учурда акчалай айып пул салуу жана 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу сыяктуу жаза каралып жатат.
“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы болуп жаткандар анда медиага жана онлайн платформага ашыкча мамлекеттик көзөмөл киргизилип, бийликке сын айткандарга репрессиялык курал болушу мүмкүн деп кооптонууда. (КС)








