Бишкекти каптаган кара түтүн: кыш заводдоруна айтылган дооматтар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкекти жыл сайын кыш мезгилинде кара түтүн каптап, абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингдерде алдыңкы орундарга чыгып келет. Жакында эле IQAir сайты аба сапатынын көрсөткүчү боюнча эң булганган шаарлардын катарына киргизди. Булганыч аба коомдун саламаттыгына абдан олуттуу коркунуч жаратып жатканы көптөгөн илимий изилдөөлөрдө көрсөтүлгөн. БУУнун айлана чөйрө боюнча программасы, андан жылына дүйнөдө жети миллионго жакын адам ажалынан мурда өлүп жатканын эсептеп чыккан.
Суук түшкөн сайын кир аба көйгөйү Бишкектин жана анын тегерек четиндеги конуштардын туруктуу баш оорусуна айланды.
Бийликтин көйгөйдү чечүүгө байланыштуу көптөгөн убадаларына карабастан, шаар дале коюу түтүнгө курчалып жатканын айтып тынчсыздангандар арбын.
Маселе социалдык тармактарда дагы талкууга алынып, эшик эмес, имарат ичинде дем алуу кыйынчылык жаратып жатат дегендер болууда.
Айрымдар абаны булгаган очоктун бири Жал айылы тараптагы кыш заводдору дешет.
Бишкек кеңейген соң аталган аймактагы бир топ айыл Ленин районунун карамагына кирген. Аларлдын айрымдары дал ошол "Боз Бөлтөк" тоосунун этегинде жайгашкан. Кээ бир жашоочуларын кепке тартып, пикирин уктук.
"Ыш шаарды көздөй каптайт"

Сүрөттүн булагы, Baktybek Kalkabaev
Бактыбек Калкабаев, Байтик айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Кара-Суу айылынын тургуну:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Үч-төрт жылдан бери айыл эли заводдордон чыккан түтүн менен дем алып жашап жатат. Барсаң дөңгөлөктөр жыйылып турат. Демек ошолорду жагып жатат да. Маселен, жөнөкөй тургун дөңгөлөк жакса, дароо айыпка жыгышат. Алар бир айда жаккан дөңгөлөктү, булар бир күндө жок кылышат. Жылуулук электр борбору сыяктуу эле түтүн чыгат. Андан ашып түшөт десек дагы болот. Салынган айыптын көлөмү араң 17 миң сом. Килтейген завод үчүн 17 миң сом кеп эмес да. Дем алууга абдан кыйын. Жөтөлүп, демиккендер көбөйдү. Балдар аллергия болуп жатат. Барбаган жерибиз калган жок. Бирок натыйжа чыкпады. Бул ыш бизге эле эмес, шаарга дагы жайылып жатат. Шамал багытын өзгөрткөндө ыш шаарды көздөй каптайт".
Айсулуу Усубалиева, Ленин районуна караштуу Жогорку Орок айылынын тургуну:
"Жалпылап алганда сегиз объект иштейт. Алардын төртү кирпич завод болсо, дагы төртү таш жана башка ушул сыяктуу нерселерди иштетет. Суткасына 24 саат иштейт. Оозу-мурдуна чейин шагыл, кум, топурак, кирпич жүктөлгөн чоң машиналар өткөндө чаңдын сапырылганын сурабаңыз. Ал жол менен балдар мектепке, бакчага барат. Географиялык өзгөчөлүккө жараша чыккан уулуу түтүн түнкүсүн Бишкекти көздөй каптайт. Күндүз багытын Байтик, Арчалы, Кашка-Суу айылдарын көздөй өзгөртөт. Таң эрте келип карасаңыз заводдордон чыккан ыш шаарды каптап жатканы кадимкидей көрүнүп турат. Айрыкча Жал айылындагы завод мектепке жакын жайгашкан. Балдардын коопсуздугун ойлогон эч ким жок".
Гүлнара Конусбаева, Сарбан айылынын тургуну:
"Биринчиден, "Боз-Бөлтөк" биздин тарыхый мурасыбыз. Экинчиден, аны мыйзамсыз казып курулуш материалга айлантууда. Андан тышкары кыш заводдорунан чыккан түтүн тегерек-четиндеги айылдарды уулап жатат. Кармап алган эмепиз. Бирок температураны жогорулатуу үчүн от жакканда көмүргө кандайдыр бир суюк зат кошуп коюшат экен. Андан чыккан уулуу зат түтүн болуп абага тарап жатат. Андан биз эле эмес, Бишкек шаарынын тургундары кошо дем алууда. Борборду каптап жаткан ыш дал ушул заводдордон чыккан түтүн. Мен бала кезде жалтырап тоону мөңгү басып турчу. Азыр анын көбү эрип жок болду. Ошондой эле бул тоодо кызыл китепке кирген өсүмдүктөр жана жаныбарлар бар болчу. Алар дээрик жок болуп кетти. Кирпич чыгарган заводдор ал жактан көчүрүлүшү керек".
"Пайдасынан башка зыяны жок"

Сүрөттүн булагы, Official
Байтиктин айыл өкмөт башчысы Асылбек Абдразаковдун айтымында, эки завод алардын айылында жайгашкан. Абдразаков ал ишканалар тууралуу буларды айтып берди.
"Эки заводдо тең фильтр бар. Түтүн чыгаары анык, бирок ал жөн эле буу сыяктуу. Зыяндуу нерсенин баарын фильтр соруп алат. Бирок эл түтүндү көрүп алып эле түйшөлүп жатат. Көп эле жолу комиссия келип текшерип кетти. Ал ишканалардан пайдадан башка зыян жок. Жергиликтүүлөр заводдордон кирпичти арзан баада алышат. Маселен, 12 сомдон сатылган кирпич жергиликтүүлөргө төрт же алты сомдон берилет. Андан тышкары айыл өкмөткө ижара төлөп турат",- деди ал.
Ошондой эле айыл өкмөт башчысы суук түшкөндүгүнө байланыштуу эки завод тең убактылуу ишин токтотконун айтты.
Алардын биринин жетекчисинин орун басары Махабат Жунушова завод экологияга зыян келтирбей турган заманбап жабдыктар менен камсыздалганын билдирди.
"Жабдыктардын баары автоматташтырылган. Башка заводдор үчүн жооп бере албайм, бирок биздин ишканада от казан жок. Кирпичтер жаңыча технология менен жазалат, электр энергиясы аркылуу бышырылат. Андан салыштырмалуу көп зыяндуу зат чыкпайт. Чыккан түтүн суу менен иштеген фильтир аркылуу тазаланат",- деди Махабат Жунушова.
Абдразаковдун маалыматына караганда, даттануулардын көбү Бишкектин Ленин районуна караштуу Орок айыл өкмөтүнүн Жал айылындагы заводго байланыштуу.
Заводдун айылга жана мектепке өтө эле жакын жайгашканы, тургундарды кабатыр кылып жатканын айтат.
Жал айылындагы завод менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев менен байланышканыбызда жакында боло турган текшерүүдөн кийин жыйынтык чыгат деди. Ошондой эле ал, учурда заводдор иштеп жатканын кошумчалады.
Буга чейин маселе парламентте дагы көтөрүлүп, анда депутаттын суроосуна жооп берип жатып атайын кызмат жетекчиси Камчыбек Ташиева айтылып жаткан көйгөйлөр менен жеринен таанышып келе турганын убада кылган.
Экология министрлиги эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Экология министрлиги жакында эле кирпич заводдору текшерилип, анда экологиялык нормалар одоно бузулганы аныкталганын маалымдалган. Бир нече компаниялардын ишмердүүлүгүн убактылуу токтотулганын дагы айткан. Андан тышкары аларга 17 000 сомдон 28 000 сомго чейин айып салынган.
"Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, салынуучу айып юридикалык жактарга 28 миң сом, жеке жактарга 10 миң сом өлчөмүндө гана каралаган. Тилекке каршы берилген ыйгарым укуктун чегинен чыга албайбыз",- деди министрликтин Атмосфераны коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Чыңгызбек Абдымалик уулу.
Ошондой эле ал Бишкектин абасынын булгануусу боюнча IQAir жарыялаган маалыматка токтолуп, учурда абанын сапаты канааттандырарлык экенин айтты.
"Маалымат жарыялангандан кийин биз өзүбүздүн датчиктер менен текшерип көрдүк. Датчиктер алардын аппараттары турган жерге коюлду. Жыйынтыгында кыйла айырманы көрдүк. Алар абанын булгануу деңгээлин бир топ жогору көрсөтүп койгон. Алар колдонгон датчиктердин атайын сертификаты жок, мамлекеттик кароодон өткөн эмес. Ошол себептүү дагы такталбаган маалыматтар берилип кетип жатат",- деди ал.
Адис датчиктерди колдонуу эрежесине дагы токтолуп өттү.
"Алар шамал тие турган, ачык жана бийик жерге орнотулушу керек. Бирок айрым учурда жарандар үйүнүн жанына, терезесине коюп коет. Бир кездерде навайкананын үстүнө коюп койгон учурлар дагы болгон",- деди Чыңгызбек Абдымалик уулу.
"Унаа, көмүр, от казандар"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Министрликтин адиси кирпич заводдоруна байланыштуу тургундардын тынчсыздануусуна негиз бар дейт.
Бирок буга чейин бир нече жолу жүргүзүлгөн эл аралык уюмдардын изилдөөсүнө таянып, Бишкекти каптаган кара түндүн келип чыгуусунун олуттуу себептери булар экенин айтты.
"Белгилүү болгондой ышты жаратып жаткан турак үйлөрдү жылытууда, калориясы төмөн, сапатсыз көмүрдү пайдаланылып жатканы. Кийинки орунда транспорт каражаттары турат. Бишкекте унаалардын саны өтө көп. Расмий маалыматка караганда 400 миңге жакын унаа катталган болсо, борборго кирип чыккан унаалардын саны 600 миңден ашып кетип жатат. Эскирген унаалардын саны арбын. Алардын көбүндө катализатор жок. Андан тышкары өнөр-жай ишканалары жана Бишкек жылуулук-электр борбору",- деди ал.
"Ыш 10-15 пайызга азайды"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Экология министрлигинин Атмосфераны коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Чыңгызбек Абдымалик уулу билдиргендей, учурда абанын сапатын жакшыртууга багытталган бир катар иштер жүрүп жатат.
Чыңгызбек Абдымалик уулу шаарда экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн бир нече иш чаралар аткарылганын айтты. Учурда 21 миңден ашуун жаңы конуштагы турак-жайлар газ менен жылытууга өтүп, көмүр колдонуу 63 миң тоннага азайганын кошумчалады.
Андан тышкары 1200дөн ашуун газ менен жүрүүчү автобустар ишке киргизилип, күнүнө 100 тонна дизелдин колдонулушу чектелгенин билдирди.
Канча жылдан бери быкшып жаткан таштанды полигону өчүрүлүп, анын ордуна 5 гектар токой тилкеси пайда болуп, 3 миң көчөт отургузулганын эске салып өттү.
"Ышты жок кылдык деп айткандан алыспыз. Бирок булгануу 10-15 пайызга төмөндөдү. Бул маселе бир жылда эле чечиле калбайт. Ага комплекстүү караш керек. Бир гана бийлик эмес, жалпы коомчулук бул багытка өз салымыш кошуусу зарыл",- деди ал.
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда абанын булгануу деңгээлин аныктай турган 14 стационардык пост жайгашкан, анын жетөө Бишкекте. Бир автоматтык станция жана 50 датчик бар.
Алардын жардамы менен күнүгө үч жолу 12 кирдетүүчү заттын көлөмүнө мониторинг жүргүзүлүп турат.
Мекеме билдиргендей, кыш мезгилинде алардын нормадан ашканы байкалат, бирок өтө кооптуу абалда эмес. Соңку он күн аралыгындагы байкоолордо абадагы зыяндуу заттардын көлөмү эң көп дегенде нормадан 4-5 эсеге жогорулаган.












