“Орус тарыхы — согуш тарыхы”. Эмне үчүн Кремль Россияны классикалык империя деп эсептегиси келбейт?
Анастасия Голубева, Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, STANISLAV KRASILNIKOV/TASS
2024-жылы Орусияда 5-9-класстар үчүн жаңы тарых китеби пайда болот. Анын жалпы мазмуну азырынча белгисиз, бирок окуу китебинин автору, тарыхчы Александр Чубарьян Россия Улуу Британиядан айырмаланып, “классикалык” колониялык мамлекет болбогонун баса белгилегиси келет. Ал үчүн “империя” терминин кайра карап чыгуу пландалып жатканын автор буга чейин билдирген. Би-Би-Си маектешкен тарыхчылар жана деколониалист активисттер империянын “түрлөрүнүн” ортосунда эч кандай айырма жок экенин, тигил же бул жол менен Орусия элдерди жана аймактарды басып алып, аларды баш ийдиргендигин белгилешет; ал эми Чубарьян сунуш кылган ыкма проблемалуу жерлерди тарыхтан “тазалоого” же “актоого” аракет кылат. Анын үстүнө, “жакшы” империя жөнүндөгү мындай аталыш орус бийлигинин учурдагы баскынчылык маанайын актоо болуп саналат. Би-Би-Синин орус кызматы орус бийлиги эмне үчүн Орусия мамлекетин империя деп атагысы келбей жатканын талдап көрдү.
“(Жаңы окуу китебиндеги) маанилүү түшүнүктөрдүн бири — бул империя деген эмне жана Россия империясы Британ империясынан эмнеси менен айырмаланат”, — дейт анын авторлорунун бири, тарыхчы Александр Чубарьян .
Ал белгилегендей, мурдагы союздук республикалардын жана Россия империясынын курамына кирген өлкөлөрдүн тарых боюнча окуу китептеринде Орусиянын курамындагы мезгил “колониялык” деп бааланат: “Алар, бул аймактар бизден колониялык көз карандылыкта болгон деп эсептешет”.
Орусиянын жаңы окуу китебинин милдети Орусия империясы “классикалык колониализмден” “принципиалдуу түрдө” айырмаланарын көрсөтүү. “Дүйнөдөгү бардык империялардын океандын ары жагында аймактары болгон, ал эми бизде жалпы мейкиндик болгон. Ошондуктан, алар Россиянын курамына киргенде, бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуп, Россия менен бир бүтүн болуп калган", - дейт Чубарьян .
Мунун баары кандайча жазылаары тууралуу азырынча так түшүндүрмөлөр жок - 18-19-кылымдарды камтып өткөн 5-9-класстар үчүн жаңы окуу китебин 2024-жылга чейин чыгаруу пландалууда. Бирок бул Путиндин кеңешчиси Владимир Мединскийдин авторлугу астында чыгарылган дагы бир жаңы орус тарыхы окуу китебинин фонунда талкууланууда – бул окуу куралында СССРдин тарыхы, орус-америка мамилелери каралып, “атайын аскердик операцияга” өзүнчө бир бөлүм арналган."
Мединскийдин окуу китебинде Советтер Союзундагы улуттук саясат тууралуу глава бар, СССРди көпчүлүк изилдөөчүлөр Советтик империя деп да аташат. Тактап айтканда, окуу китебинде СССР мезгилинде союздук республикалар өндүрүштү он эселеп өстүргөндүгү, улуттар аралык никелер элдерди бириктиргендиги, Союзда эч кандай ксенофобия болбогону айтылат. СССРдеги улуттук же антикоммунисттик кыймылдар ЦРУнун жана Кошмо Штаттардын катышуусу менен “улутчулдук жана сепаратисттик маанайды” тутандыруу максатында түзүлгөн, деп айтылат окуу китебинде.
Би-Би-Си орус кызматы орусиялык жана мурдагы советтик республикалардын деколониализм боюнча окумуштуулары менен тарыхчыларынан Чубарьян дын Орусия классикалык империя эмес деген цитатасына, ошондой эле орус окуу китептериндеги колониализмге жаңы өңүт берилип жатканына комментарий берүүнү суранды.
Ал баары бир классикалык империя
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Орусия да монголдор, Габсбургдар жана кайсы бир деңгээлде Осмондор сыяктуу эле кургактагы классикалык империя болгон. Орусияны, ал британиялыктар же француздардай деңиз империясы болбогону үчүн эле империя дебей коюу аракети, болбоду эле дегенде күмөндүү көрүнөт”, - деп, Чубарьян сунуш кылган версияга Гарвард университетинин Украина илимий институтунун директору Сергей Плохи жооп берди.
Империя кайсы бир аймактарды деңиз аркылуу болобу же ички жолдор аркылуу болобу, кантип басып алган деген суроонун өзү эле “колониялык жана батыш-центристтик” деп белгилейт, Тувалык деколонизация боюнча активист, “Республика сүйлөйт_” подкастынын түзүүчүсү Данхая Ховалыг: “анысы деле, мунусу деле ыкмасына карабастан классикалык колонизациялоо болуп эсептелет,” - деп билдирет.
“Мен колонизацияны бир аймактын башка аймак үстүнөн экономикалык, саясий жана маданий диктатурасын жана таасирин орнотуу деп түшүнөм. Ошондой эле, мен аны колонияга айланган аймактын саясий жана экономикалык көз карандуулугу жана бир колониялык маданият менен идеологиянын үстөмдүгү катары сыпаттайм. Бул жагынан алганда, Россия империясы максималдуу түрдө классикалык империя”, - деп Ховалыг өзүнүн аныктамасын берет.
Россия өзүн биринчи кезекте Улуу Британия менен салыштырууну салтка айлантып алган, дейт азербайжандык тарыхчы, Тынчтык жана демократия институтунун Конфликтология жана миграция бөлүмүнүн башчысы Ариф Юнусов. “Бирок Осмон империясынын океандын ары жагында колониялары болгон эмес, ошентсе да, Түркияда орус тарыхчыларынан айырмаланып, басып алууларды эч ким кошуп алуу деп атабайт. Орусия өзүн Түркия менен салыштырса болот, анткени анда басып алынган аймактар жана элдер борбордун айланасында топтолуп турган”, - дейт Юнусов.
Ал ошондой эле 19-кылымдагы орус документтеринде жана китептеринде “кошуп алуу” термини колдонулбай, “Орусиянын Кавказды басып алуусу” деп түз жазылганын белгилейт. “Орустар жергиликтүү элди “туземцы” деп аташып, аларды басып алуу үчүн кантип жана эмне кылуу керек экенин жазышкан. Башкача айтканда, ошол кезде колдонулган терминология азыркыдан таптакыр башкача”, - деп белгилейт ал.
Лондон экономика мектебинин профессору, тарыхчы Дина Гусейнова белгилегендей, “ички колонизациялоо” термини 1895-жылы эле тарыхчы Петр Милюков тарабынан Брокгауз энциклопедиясында колдонулган.
“Мамлекеттик бийлик” менен “эркин колонизацияга” көмөктөшүү жолу аркылуу империянын ички чек арасын кеңейтүү дегенди түшүндургөн бул аналитикалык термин калктын басымдуу бөлүгүн чакан башкаруучу элита тарабынан улам күчөтүп эксплуатациялоо процесси менен коштолгон. Бул тууралуу 19-кылымда Орусия империясынын эл аралык байкоочулары, андан кийин империялык доордун социалисттери жазышкан», - дейт Гусейнова.
“Тарыхчылардын дүйнөлүк коомчулугу, анын ичинде Россиядан келген этникалык орустар” жалпысынан Романовдор империясы Батыш Европанын деңиз империялары сыяктуу эле отурукташтыруу колониализминин идеологиясын да, практикасын да колдонгон дегенге кошулат, деп белгилейт орус жана кавказ тарыхын изилдөөчү Стефан Бадалян Риг Техас университетинен.
Ал империялардын түрлөрүнүн ортосундагы айырмачылыктар колониялардын жалпы мүнөздөмөсүндө эч кандай мааниге ээ эмес экенин белгилейт
"Кургактыкта же деңиз аркылуу кеңейген империялардын логистикалык жана жергиликтүү айырмачылыктары ар кандай болушу мүмкүн, бирок ал империялардын элдерди биринен бирин жогоруу коюусу - бир гана космополиттик элитаны эмес, бүтүндөй бир диний, лингвистикалык, этникалык жамааттарды башка топтордон өйдө коюусунун алдында эч нерсе болбой калат”, - дейт Ригг.
Анын пикиринде, Россиянын же Англиянын империализмин өлчөө пайдасыз, анткени бул эки мамлекет тең өз доорун чагылдырып турган. “Орус империясы өзүнүн карөзгөйлүгү жагынан башка империялардан кем алган эмес. Ал Улуу Британия, Жапония жана башка державалар менен согушкан жана кызматташкан, анткени ал өзүн, башка элдердин жерлерин жана ресурстарын ээлөө үчүн күрөшкөн дүйнөлүк империялык атаандаштыктын катышуучусу катары көргөн. Каршылаштары да аны ошондой таризде тааныган”, - деп жыйынтыктайт Стефан Ригг.

Сүрөттүн булагы, REPRODUCTION BY TASS
Армян тарыхчысы Тигран Закарян Чубарьяндын Орусия басып алган жерлерин жалпы “социалдык-экономикалык аймакка” кошуп алган деген жүйөсүнө көнүл бурат. “Бирдиктүү экономикалык-географиялык аймакка” шилтеме берүү дал ошол колониализмди коргоочулардын салттуу аргументи деп белгилейт Закарян, — жана жалпылап айтканда “бирдиктүү аймак” бул коомдук ойлоп табылган категория болуп эсептелет.
“Американы колонизация кылганга чейин Европа мамлекеттерин ал аймактар менен эч нерсе байланыштырган эмес, бирок колонизация башталгандан соң ал жерлер Европа өлкөлөрү тарабынан экономикалык жактан интеграцияланган. Индия колония болгонго чейин Англия менен жигердүү соода алакада болгон, ал колонизациялангандан кийин гана Улуу Британия Индиянын экономикасында үстөмдүк кыла баштаган. Мен Россия империясынын курамына кирген ар кайсы аймактарда да ушундай болгон эмес деп айтууга эч кандай себептерди көрбөй турам”, - деп белгилейт Закарян.
Ал ошондой эле “бирдиктүү экономикалык аймак” деген жүйөө басып алынган аймактарды “артта калган” деп эсептей турганын белгилейт. “Күчтүү өлкө кубаттуулугу азыраак өлкөлөрдү түздөн-түз көзөмөлдөп, алардын ресурстарын өзүнүн бийлигин жана байлыгын көбөйтүү үчүн колдонгон практика” деген колониализмдин жалпы аныктамасы Россиянын мисалына абдан ылайыктуу”, - деп жыйынтыктайт ал.
"Агартып тазалап коюу": Колониялык тарых кантип иштейт
Азербайжандык тарыхчы Ариф Юнусов “колонизаторду” сындоого тыюу салуу жана Орусия менен “кошулууну” мактоо советтик тарых илиминде да бар болгонун баса белгилейт.
“Биз, (СССРдин) чет-жакасындагы өлкө өзүбүздүн тарыхыбызды жазганыбызда эмнени жазыш керек, эмнени жазбаш керек деген буйрук болгон. Даана чектөөлөр коюлган. Россияны сындаганга акыбыз жок болчу, бизге Азербайжандын өз ыктыяры менен кошулушу жөнүндө гана айтууга туура келди, бул Орусиянын турмушту жакшыртуу боюнча тарыхый миссиясы деп айтканга мажбур болдук. Ал эми терс нерселердин баары, алар айткандай, буржуазиялык мамлекеттер менен байланыштырылышы керек болчу”, - дейт Юнусов. Ал ошондой эле, мисалы, СССРдин динге каршы идеологиясынан улам тарыхчылар Куран тууралуу жаза албаганын, тарыхый архивдерге кирүү КГБ тарабынан цензурага алынганын эскерет.
Ал СССРдин тарыхы боюнча окуу китеби чындыгында Россиянын эле тарыхы боюнча окуу китеби болгондугун белгилейт — анда СССРдин курамындагы республикалардын тарыхы дээрлик жазылган эмес. Эгерде тарыхчы расмий багытка каршы чыккысы келсе, аны улутчул деп аташкан, дейт Юнусов.
Учурдагы Орусияда тарых боюнча окуу китептерин кайра жазуу жана жаңы терминологияларды кайра ойлоп табуу жаңы эле жабашталган жок, деп белгилейт активист Данхая Ховалыг. Орусиянын курамындагы республикаларда көптөн бери бир жактуу жазылган окуу китептери жарык көрүп келет: “Кийинки жылы Туванын тарыхы боюнча жаңы окуу китеби жарык көрөт, ал “бир тууган” тува жана орус элдеринин байланышын жана достугун кайрадан дагы баса белгилейт”.
“Орусия окуу китептерин кайра жазууну жана концепцияларды кайра карап чыгууну азыр эле күтүүсүздөн чечкен жок, жөн гана көп адамдар муну эми байкап калышты. Орусия тарых китептерин, өзгөчө колонизация болгон элдердин тарыхын көптөн бери кайра жазып келет. Ал эми азыр колонизация болгон элдердин тарыхы гана кайра жазылып жаткан жок, анткени, орустардын басымдуу көпчүлугү ал тарыхты капарына да алмак эмес. Учурда орустардын өзүнүн да тарыхы кайра жазылып жатат. Орусиянын бул кылып жатканы кээ бир адамдарга дароо оркоюп көрүнө калды, анткени бул алардын эркиндиктерине жана тарыхына тийешелүү болууда."

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орус бийлигинин империя түшүнүгүн кайра карап чыгуусунун себеби, “илимий жана коомдук талкууларда “империя” бул иерархия, эксплуатация жана маргиналдаштыруунун синонимине айланганып калганында”, - дейт Стивен Ригг. Демек, Чубарьян орус чиновниктеринин “батыштагы атаандаштарына караганда падышалык жана советтик империялар интеграциялык, гумандуу жана теңчиликтүү болгон” деген сөздөрүн кайталайт.
Бирок, мындай мамиле “мурдагы советтик республикалардын эксперттеринин изилдөөлөрүн жана ой-пикирлерин атайылап этибарга албайт”, алардын көз карашы болсо “орустар өздөрү “периферия” деп атаган аймактарда Россия империясы эмне кылганы же эмне кылбаганы тууралуу ар кандай талкуулар үчүн зарыл”, - дейт профессор Ригг.
Армян тарыхчысы Тигран Закарян азыркы орус элитасы псевдо-антиимпериалисттик дискурсту колдонот деп белгилейт. Ал эми муну орус саясаты жаңы эле ойлоп тапкан жок – Германия биринчи дүйнөлүк согуш учурунда, мисалы, Индияда жана башка британ колонияларында көтөрүлүш чыгаруу аракетинде ушундай риториканы колдонгон. Закарян: “Учурда бул картаны ойноо орус колониализмин актоо же ал тургай анын бар болгонун четке кагуу аракетин билдирет”, - дейт.
“Бул мен үчүн тарыхты орус мамлекетинин, тагыраак айтканда, колонизатордун көз карашына ылайык кайра жазып чыгуу. Анын максаты, өлкөнүн саясатын коштоп келген зордукчул жана кандуу тажрыйбаны жымсалдап, актап, тазалоо.” - деп жыйынтыктайт Данхая Ховалыг.
Тарых – согушту коргоо
Өткөндү кайра карап чыгуу Орусиянын расмий идеологиясынын ажырагыс бөлүгү болуп калды, деп белгилейт армян тарыхчысы Тигран Закарян. Анын айтымында, азыр Орусиянын расмий тарыхы СССРди Орус империясынын жолун улантуучусу катары көрсөтүү үчүн иштелип чыккан “20-кылымдын биринчи жарымындагы соңку сталиндик советтик тарыхнааманын” аралашмасы жана “орустун консервативдик ой жүгүртүүсү менен айкалышкан орус империясын кадимкидей коргоп, мактоо”.
“Илгерки империяны (аны колониялык деп атабастан туруп) мактап - жактоо бардык мурдагы советтик республикалардын Орусиянын таасир чөйрөсүнө кайтып келүүсүнө болгон интеллектуалдык негиз катары кызмат кылат”, - деп белгилейт армян тарыхчысы.
Буга Лондон экономика мектебинин профессору, изилдөөчү Дина Гусейнова да көңүл бурат. Ал белгилегендей, жакында эле Мединский менен Торкунов тарабынан сунушталган 11-класстар үчүн жаңы тарых китеби “мектеп окуучуларына коңшу мамлекетке каршы согуштун зарылдыгын, ал тургай, сөзсүз түрдө болушу керектигин түшүндүрөт”.
"Орус улутчулдугу, шарттуу түрдө, жакшылыктын күчү болгондуктан, украин улутчулдугу "ашынган улутчулдук" деп аталды. Орус күчтөрүнүн украиналык “ашынган улутчулдукка” каршы күрөшү өз кезегинде Экинчи дүйнөлүк согуштун тажрыйбасы менен түздөн-түз байланыштуу, анда кандайдыр бир жол менен советтик армиянын катарында согушкан украиндердин ордуна “бандерчилер” гана калган”, - деп белгилейт Гусейнова.
Чубарьян дын авторлугу астында 2024-жылга карата даярдалып жаткан жаңы окуу китеби “20-кылымдагы Бандерадан баштап ашынган улутчулдарга чейинки путиндик кыска варианттын ордуна” Орусиянын “узун” тарыхына арналат.
“Чындыгында бул империализми жана колониализми жок “жакшы” империянын концепциясы. Анын максаты Орусия империясы, көп улуттуу федерация катары Советтер союзу жана азыркы Орусия Федерациясы биринин жолун бири улап келе жатканын көрүүгө мүмкүндүк берүү. Бул ыкма авторлорго, мисалы, Франция Алжир согушунда туш болгон деколонизация көйгөйлөрү постсоветтик мейкиндикте жок деп айтууга мүмкүндүк берет”, - деп белгилейт Гусейнова.

Сүрөттүн булагы, SERGEI CHUZAVKOV/SOPA IMAGES/LIGHTROCKET VIA GETTY IMAGES
Чубарьян Украинада постколониялык көз караш кеңири жайылганын ачык айтпаса да, постсоветтик өлкөлөрдүн тарыхчыларынын Орусия тууралуу пикирине комментарий берип жатып, ошого ишаарат кылып жатат деп ойлойсок болот, деп эсептейт профессор Гусейнова.
“Тарыхка мындай мамиле кылуу империялык - колониялдык режимдин агониясы болуп саналат”, — дейт Данхая Ховалыг. “Бийлик адамдар колонизация жана деколонизация жөнүндө сөз кыла баштаганын түшүнүп турат. Андыктан, аларда азыр жаш муунду ынандыра алат жана режимди колдогон адамдардын лоялдуулугун бекемдей алат деп үмүт кылып, ушул аталыштар менен ойноо гана калды.”
Анын айтымында, орус агрессиясын колониялык согуш деп ырастаган украиналык активисттердин аракеттеринен, жана Орусиянын курамындагы республикалардын согушка каршы жана деколонизация боюнча демилгелеринен улам Кремль азыр "Орус империясы" деген терминден коркуп жатат.
“Окуу китептери согушуу Орусия үчүн жаман эместигинпропаганда кылат. Орусия боштондук согуштарын жүргүзүп жатат. Биз эч кимди басып албайбыз. Ооганстанды же Индияны британиялыктар басып алат, биз болсо жөн гана кошуп алабыз деп айтылат. Ал эми Москвада мурдагы СССРдин элдери буга кандай карайт деген ой эч кимди кызыктырбайт. Эң негизгиси орус калкы бул уламышка ишениши керек, анткени Россиянын тарыхы - тынымсыз согуштардын тарыхы,” - дейт азербайжандык тарыхчы Ариф Юнусов орусиянын расмий логикасын кайталап жатып.
Биз мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдөн, анын ичинде Борбордук Азия мамлекеттеринин илимпоздорунун эксперттик ойлорун сурадык, алардын пикирлерин кийинки материалдарда жарыялоону пландап жатабыз.










