Сүрөткө түс берилип, жан киргенде, жакыныраак болуп калат

Чоробек Сааданбеков, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Курманжан Датка

Сүрөттүн булагы, Emil Tilekov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курманжан Датканын калыбына келтирилген сүрөтү. Карл Густав Маннергеймдин жыйнагынан

100-150 жыл мурда тартылган тарыхый фотолор кыргыздардын күнүмдүк турмушунда кийген кийимдери жөнүндө кызыктуу баян салып бере алат. Бирок ал кезде фотолор ак-кара болуп тартылгандыктан, апалардын кымкап чапандары, саркеч көйнөктөрү кандай түстө болгонун билбей келебиз. Бул күндөрү Бишкекте эски сүрөттөрдүн түсүн калыбына келтирип, кыргыз кийиминин тарыхына жаңы көз караш берген сүрөтчү Эмил Тилековдун көргөзмөсү өтүп жатат.

Би-Би-Си Эмил мырза менен кыргыз кийимдеринин тарыхы тууралуу аңгеме дүкөн курду.

***

Би-Би-Си:

Кыргыз кийимин көптөн бери изилдеп келе жатасызбы?

Эмил Тилеков:

Негизи бир топ жыл болду. 10-15 жылдай, балким андан деле мурун. Анткени, кыргыздын улуттук кийими дегенде, элдин көбү филармониянын, сахнанын кийимдерин элестет да. Улуттук кийим менен сахна кийиминин өзгөчөлүгү чоң. Ошол эски кийим кандай болду экен деп мен учур-учуру менен эле кызыкчумун. Анан чогула берди акырындык менен.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эсимде бар, илгери сүрөтчү Гүлнара Касымалиева кыргыз келини менен плакат жасайм деп Кыргыз драмтеатрынан элечек алат. Аны кантип оройт деп Клавдия Ивановна Антипинага барганбыз.

1990-жылдардын башы болсо керек эле. Сурасак “Мен мобу түндүк жагын жакшы билбейм, түштүк боюнча бүт баарын айтып берем”, - деди. Ал жерде конокто эки апа бар экен. Бирөөсү - Турсун апа. “Мобул апалар бар, ырас болду силер келгениңер. Булар баарын айтып берет”, - деди Клавдия Ивановна.

Анан элечек кийип жүргөн Турсун апа ошол жерде баарын айтып берген. Мен анда жаштык кылып, анча деле көп маани бербей, кээ бир сөздөрүн чала-була угуп, кулагыман өткөзүп жибергем. Азыр ошого абдан өкүнөм. Анткени ал айткан:

Элечек кыргыздын кийими жөнүндө эле эмес. Илгери кийимин карап туруп, элдер таануучу – ким экен, кайсы уруудан, кайсы жерден экен деп. Элечекчен келин болсо, а бул жаш келин экен, же жыгымы башкача болсо, бул жесир экен деп айырмалашчу.

Ошондо мага кызык болуп калды.

Кыргыз аял, 56 жашта. Кытай, Үч-Турпан аймагы

Сүрөттүн булагы, Emil Tilekov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз аял, 56 жашта. Кытай, Үч-Турпан аймагы, 1906-жыл. Карл Густав Маннергеймдин жыйнагынан

Би-Би-Си:

Азыркы улуттук кийим менен ал кездеги кийим эмнесинен айырмаланат?

Эмил Тилеков:

Акыркы жылдары базарда “картон элечек” деп коёт, сапаты начар алтын саймалуу чапандар сатылат. Булардын тигилиши башка, эптеп эле сатмай да. Баарын илгеркидей кылып жасап туруп кийсе, аябай татынакай, аябай жакшы көрүнөт. Муну реконструкция (калыбына келтирүү) деп коёт.

Би-Би-Си:

Мындай нерселерди, ошол эле фотолорду калыбына келтирүү кандай жүрөт?

Эмил Тилеков:

Клавдия Ивановна Антипина альбомун чыгарабыз деп жүргөндө, биздин музейден жергиликтүү фотосүрөтчүлөр тарткан. Эркин Болжуров тартчу. Мен анда жардам берип жүрчүмүн.

Темир Мусакеев деген сүрөтчү-мультипликатор, эски сүрөттөрдү колго түстөгөн. Эми технологиялар өзгөрдү. Графикалык редактор деп коёт, компүтердик программалар бар, нейрожеле дегендер бар. Ошолорду колдонуп кылса болот. Натыйжасын өзүңөр көрүп жатасыңар.

Бүркүт. Казакстан. Семипалатинск облусу. 1899-жыл. Самуил Дудиндин сүрөтү.

Сүрөттүн булагы, Emil Tilekov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бүркүт. Казакстан. Семипалатинск облусу. 1899-жыл. Самуил Дудиндин сүрөтү

Би-Би-Си:

Бул сиздин кыргыз кийимине арналган жалгыз эле долбооруңуз эмес да?

Эмил Тилеков:

Ооба, бул жалгыз эле долбоор эмес. Негизи кийим эле эмес, күнүмдүк салттуу турмуш деп коёт, бүт майда-бачек: боз үй кандай жасалган, жасалгасы эмне, кийизи, саймасы кандай жасалган? Ошолордун баарын өндүрүш керек. Кийиз деген жоголуп баратат, сайма деген жоголуп баратат. Бирок акырындык менен элдер кызыгып бирдеме жасап жатышат.

Ак элечек кийген аял. Иллюстрация

Сүрөттүн булагы, Emil Tilekov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эмил Тилековдун "Ак элечек" долбоорунан. Модель - Гүлайым Айылчиева.

Би-Би-Си:

Орто Азия чөлкөмүнө фотографтар алгач качан келе баштаган?

Эмил Тилеков:

1856-жылы Чокан Уалиханов келген. Ал макалаларды жазып, кичине сүрөттөрдү тартып койчу. 1857-жылы Семенов Тян-Шанский менен чогуу Кошаров деген сүрөтчү келген. Ал бир нече сүрөт тартып кеткен. Ошол жерден эле мобул кийим-кечени көрсө болот. Булар кол менен тарткан кадимки сүрөтчүлөр болгон.

Биринчи фотосүрөттөр чоң-чоң шаарларга келген – Ташкент, Верный. Бизге болсо кийинчерээк, 19-кылымдын аягында, жетти. Ошол саякатчылар, изилдөөчүлөр, келип сүрөт тартып кеткендери бизге жакшы маалымат берип жатат да.

Мисал үчүн, бизде казактар менен көп талаш болот. Киргиз деп илгери казактарды айтчу деп, алар өзүнө тартат. Киргиз деп жазылган соң кыргыздыкы деп, биздикилер өзүнө тартат.

Бирок бул жерде көпчүлүк сүрөттөр казактыкы. Анткени казактар бизге караганда Орус империясына алда канча эрте кошулган. Алар көбүрөөк изилденген. Аларда фотосүрөттөр аябай көп.

Бирок биздин деле сүрөттөр чыгып жатат азыр, чет өлкөлүк музейлерден, алардын базасынан чыгып жатат. Алар биз менен бөлүшүп жатат. Интернетке чыгып жатат. Ошол жерден тапса болот, ушундай кылып изилдесе болот.

Эмил Тилеков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эмил Тилеков

Би-Би-Си:

Ошол сүрөттөрдү кантип айырмаласа болот? Мисалы, Акмөөрдүкү деп бир фото талаш жаратып жүрөт.

Эмил Тилеков:

Ал Акмөөр деген келин. Бирок ал кыргыз эмес, казак. Азыр так эсимде жок, биздин бир изилдөөчү Санкт-Петербург бекен, бир жерден тааптыр.

Бирок ал сүрөт интернетте мурда эле жүргөн. Кебетесинен эле көрүнүп турат казак экени. Анткени ал кимешек кийип турат. Биздин элечек эмес. Бутунун астындагы ала кийиз жатат, оюсу боюнча байкалып турат түштүк казактардыкы экени. Бизде андай оюуну Таласта салышат.

Тарыхта айтылган Акмөөр болсо Кыргызстандын башка аймагынан, түндүк жактан келген. Мен ал сүрөттү изилдеп көрсөм, Каркыра деп жазылып турат, бирок Каркырадан деле тартылган эмес. Ал Верныйдан (ред. азыркы Алматы шаары) тартылган, анткени 19-кылымдын аягында Жетисуу облусунун көргөзмөсүн уюштурушкан.

СССРдин ВДНХасы сыяктуу нерсе болгон. Ал жерге бүт баарын алып келген. Арасында бүрткүтчүлөр, саятчылар жүрөт. Ошол жерде тартылган сүрөттөр. Павел Лейбин деген фотосүрөтчү бир нече сүрөт тарткан.

Ошол Акмөөр деген келин боз үйдүн алдында турат, казактын боз үйү. Сүрөткө башка топ адамдар тартылган. Салыштырса көрүнөт. Каркыра деле эмес экен.

Ак-Мөөр аттуу казак аял

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ак-Мөөр аттуу казак аял

Би-Би-Си:

Айтып жатпайсызбы казактыкы деп, кийиминен бир көрүп эле кыргыз менен казакты айырмалай турган учурлар барбы?

Эмил Тилеков:

Ооба бар, анткени бычылганы башкача. Бизде элечек дейт. Түштүктө каляк деп коюшат. Талас жакта илеки дешет. Айрмасы бар. Анткени Казактан аябай чоң. Уруулары, тайпалары аябай чоң.

Бизде эле момундай айырма болуп жатса, аларда ого бетер, бизден көп. Мен сүрөттөрдү көп көрөм, макалаларды окуйм. Мен көрүп эле таанып коём. Муну көзү каныккан деп коёт.

Кээ бир сүрөттөр болот, кийим-кечесинен билинбейт. Сүрөтчүсү ким, качан тартылганы тууралуу маалымат жок болсо, анда билбейсиң чындап эле. Андай фотолорду кийин дагы изилдеш керек болот.

Фотограф келгенде бир эле фото тартып кеткен эмес да. Бир учурда чыгат баары бир. Анан ошолор менен салыштырып тапса болот.

Би-Би-Си:

Көргөзмөдөгү фотолор сиздин жеке архивиңиздин чети эле болсо керек...

Эмил Тилеков:

Бул жердеги сүрөттөр “Сорос-Кыргызстан” фондунун айсанатына чыккан. Азыр болсо эки жүздөн ашык сүрөт бар. Алар иштелип жатат. Бул оңой иш эмес. Жарым саатта, бир күндө бүтүрө албайсың. Четинен алып иштеп жатам.

Би-Би-Си:

Эмне үчүн түс берүү сизди көбүрөөк кызыктырды?

Эмил Тилеков:

Мындай болуп жатпайбы, ак-кара сүрөттөр, биринчи көргөндө, бул тарыхый сүрөттөр, бул алыс деп өзүңөр түшүнөсүңөр. Түстүү болуп, жан киргенде, ал кишиге жакыныраак болуп калат.

"Түстүү тарых" көргөзмөсү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эмил Тилековдун "Түстүү тарых" көргөзмөсү

Эмил Тилеков тууралуу

Эмил Тилеков 1962 -жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Семен А. Чуйков атындагы көркөм училищени бүтүргөн. 2001-жылдан бери графикалык дизайн менен алектенет.

"Бешкемпир", "Асан-Үсөн" тасмаларында жана "Сорос-Кыргызстан" фондунун 6 социалдык ролигинде койгон сүрөтчү жана костюмдардын дизайнери. "Темир Канат" дизайн студиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана көркөм жетекчиси.

"Сорос-Кыргызстан" фондунун басма программасында басылма материалдардын, китептердин, календардын, семинарлардын жана конференциялардын дизайнери.

Эскертме: Макалада колдонулган фотолор "Сорос-Кыргызстан" фонду – “Искусство стипендиясы“ демилгесинин алкагында ишке ашкан “Түстүү тарых” долбоорунан алынды. #soroskg #SorosArtFellowship #ArtOfDiversity