Орусиялык "Вагнер" жоочулар тобунун Судандагы карааны...

Жейк Хортон, Питер Мвайи, Григор Атанесян, Жереми Хауэлл жана Даниэл Палумбо.

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы

Судан Африка континентинде алтын өндүрүү боюнча үчүнчү орунда турат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Судан Африка континентинде алтын өндүрүү боюнча үчүнчү орунда турат.

Орусиянын "Вагнер" аттуу жеке менчик аскердик компаниясы анын жалданма жоокерлери (жоочулары) учурда Суданда жок деп ынандырууга аракеттенип келет. Би-Би-Сиде деле бул жоочулардын Суданда бар экендиги тууралуу так маалымат жок. Бирок "Вагнер" жоочулар тобу, көптөгөн булактардын маалымдашынча, Африканын бул өлкөсүндө өз кызыкчылыктарына жана байланыштарга ээ. Болгондо да бул жоочулар азыркы тапта өз ара согушуп жаткан эки башка тарап менен тең карым-катнаш жүргүзүп келет.

"Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү жана Орусиянын президенти В.Путиндин өтө жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Евгений Пригожиндин айтымында, эки жылдан ашык убакыттан бери Суданда бул компаниянын бир дагы жоочусу жок.

Бирок алар Суданда мурда жүрүшкөн болчу. Евробиримдик менен АКШ, өз маалыматына таянып, Суданда Пригожин жана "Вагнер" жоочулар тобу менен байланышы бар деп шектелген фирмаларга санкция киргизген.

Учурда Хартум шаарынын борбордук бөлүгү бүлүнүп жатат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Учурда Хартум шаарынын борбордук бөлүгү бүлүнүп жатат

Алтынга байланыштуу күмөндүү келишимдер

2017-жылы Эл аралык кылмыш соту Судандын ошол кездеги президенти Омар Баширди Дарфур калкын тукум курут кылды (геноцидге дуушар кылды) деп айыптап чыккан. Дал ошол кезеңде Омар Башир татынакай эле Москвага учуп келип, Кремлде орусиялык бийликтер менен бир нече келишимге кол койгон.

Алардын арасында Кызыл деңиздеги Порт-Судан жергесинде орусиялык аскер-деңиз базасын түзүү келишими, ошондой эле орусиялык "М Инвест" фирмасы менен Судандын Кен байлыктар министрлигинин ортосундагы алтын кенин иштетүү боюнча концессиялар жаатындагы келишимдер бар эле.

Судан Африка континентинде алтын өндүрүү боюнча үчүнчү орунда турат.

АКШнын Каржы министрлиги "М Инвест" фирмасын жана анын туунду компаниясы болгон "Meroe Gold" фирмасын орусиялык "Вагнер" жоочулар тобунун Судандагы ишмердүүлүгүн жымсалдап коргоп берген көшөгө деп эсептейт.

  • 2019-жылдын апрелинде Омар Баширге каршы нааразылык чараларынан көрүнүш. Ал эми орусиялык "Вагнер" жоочулар тобу оболу Башир мырзаны колдоп, кийин аны бийликтен кулаткан генералды колдоп калган.
Хартум шаары. Айыгышкан эки тарап тынчтык тууралуу макулдашылды дегенге карабай чабуулдар уланды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хартум шаары. Айыгышкан эки тарап тынчтык тууралуу макулдашылды дегенге карабай чабуулдар уланды
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2020-жылы АКШнын ошол кездеги Каржы министри Стивен Мнучин: "Евгений Пригожин жана анын тармагы Судандын жаратылыш байлыктарын өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланып, өздөрүнүн кесепеттүү таасирин дүйнөнүн ар кыл аймактарына жайылтып жатышат", – деп билдирген.

"М Инвест" фирмасы жана анын туундусу "Meroe Gold" фирмасы экөө тең АКШ тарабынан санкцияга (чектөөлөргө) кабылган.

CNN сыналгы компаниясы иликтөө жүргүзүп, Судандан алтын кургактык аркылуу Борбордук Африка Республикасына (БАР) экспорттолуп жаткандыгын, орусиялык "Вагнер" жоочулар тобу БАРда дагы эле иш-аракет кылып жаткандыгын, эң маанилүүсү, БАРга экспортко чыгарылган бул өнүм Судандын расмий статистикалык маалыматтарында эч чагылдырылбагандыгын аныктады.

Андан тышкары, былтыр британиялык «Дейли телеграф» газетасындагы макалада маалымдалгандай, олуттуу көлөмдөгү алтын өлкөдөгү аскердик аба майдандары аркылуу аткезчилик (контрабандалык) жол менен чет өлкөлөргө чыгарылат.

"Вагнер" жоочулар тобу Суданда башка дагы эмне менен алектенет?

Орусиялык жана чет элдик булактар 2017-жылдан тартып Судандагы "Вагнер" тобунун жоочулары тартылган сүрөттөрдү жана видео тасмаларды бир нече жолу жарыялашты. Бул булактардын айтымында, "Вагнер" тобунун жоочулары ал жерде судандык жоокерлерди машыктырып, ар кыл жапырт элдик нааразылык чараларын күч колдонуп басууга көмөк да көрсөтүшкөн.

Би-Би-Си бул сүрөттөрдүн аныктыгын жана сүрөттөрдүн алиги айтылгандарга дал келээр-келбестигин көз карандысыз жак катары азырынча текшере элек.

 2019-жылы "Вагнер" жоочулар тобуна таандык түзүмдөрдүн биринин командири жана Судан мамлекетинин жоокерлери.

Сүрөттүн булагы, Telegram

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2019-жылы "Вагнер" жоочулар тобуна таандык түзүмдөрдүн биринин командири жана Судан мамлекетинин жоокерлери.

2021-жылы "Вагнер" жоочулар тобуна караштуу Gray Zone деген Telegram каналы эки жыл мурдагы бир аземдин фото сүрөттөрүн жарыялады. Бул азем маалында "Вагнер" жоочулар тобундагы "негизги аскердик түзүмдөрдүн биринин" ысымы ачыкталбаган бир командири Судандын жоокерлерине эстеликке деп атайын сыйлыктарды тапшыргандыгы ушул сүрөттөрдөн да айгинеленет.

2021-жылы июль айында ушул эле канал башка видео тасманы жарыялаган. Анда "вагнерчилердин" бир жоочусу машыктырылып жаткан судандык жоокерлер менен биргеликте тик учактан парашютчан секиришкендиги чагылдырылган.

Судандагы "Вагнер" жоочулар тобу канчалык таасирдүү?

АКШнын Каржы министрлигинин маалымдашынча, орусиялык "Вагнер" жоочулар тобу Суданда "жарым аскерлештирилген күжүрмөн чараларды жүргүзүп, авторитардык режимди сактоого жардам берип, жана да жаратылыш ресурстарын пайдалануу менен алектенген".

Ал эми Улуу Британиянын Коргоо маселелерин иликтөө боюнча бириккен институттун (RUSI) өкүлү, доктор Жоана де Деуш Перейра болсо:

"Башында, 2018-жылы, ал жерде Судан аскерлерин машыктырган 100гө жакын жоочу бар болгон жана ошол учурдан тартып тараптардын өз ара мамилелери өнүгө берген", – деп билдирди).

Судандык басма сөздүн билдирүүлөрүнө караганда, кийин бул өлкөдөгү "Вагнер" жоочулар тобунун саны 500гө жеткен. Алардын көпчүлүгү түштүк-батышта – Борбордук Африка Республикасы менен чек арага жакын жердеги Ум-Дафук кыштагында жайгашышкан.

2019-жылы Суданда президент Омар Баширге каршы жапырт элдик нааразылык чаралары башталганда, Sudan Tribune гезити бул нааразылык чараларына Судандын атайын кызматтары менен бирге "орусиялык күжөрмөн жоокерлер" көз салып турганын билдирген. Ал эми Судан бийликтери бул маалыматты четке какты.

Орустардын Африкадагы ишмердүүлүгү тууралуу китептин автору Самуэл Раманинин айтымында, өлкөдөгү "Вагнер" жоочулар тобу президент Баширди колдоо боюнча үгүт өнөктүгүн жүргүзгөн.

"Пригожин Израилди колдоп жана исламга каршы чыгып жатышат, деп демонстранттарды айыптоону сунуштады", – дейт доктор Рамани.

Анын айтымында, бул жүрүм орусиялык жоочуларды Баширдин атайын кызматтары менен тирешүүгө алып келди жана "Вагнер" тобу акыры Баширди кулаткан кишини – генерал Абдел Фаттах аль-Бурханды колдоону чечти.

"Орусиянын Тышкы иштер министрлиги төңкөрүшкө каршы болду, ал эми Пригожин менен "Вагнер" тобу Суданда ал-Бурхандын бийликке келишин кубаттап чыгышты", – дейт доктор Рамани.

Андан кийин, 2021–2022-жылдары "Вагнер" тобу, – Раманинин айтымында, – Судандагы Ыкчам колдоо аскер күчтөрү менен байланышты бекемдеген. Ушул тапта Ыкчам колдоо күчтөрү өлкөнүн негизги аскерлерине жана генерал ал-Бурханга каршы согушуп жатат.

Мындагы маселенин маңызы төмөнкүчө: Пригожинди Судандагы алтын кен байлыктары өзгөчө кызыктырып жатат.

Ал эми Судандагы алтын кендерин Ыкчам колдоо күчтөрүнүн жетекчиси, генерал Мохамед Хамдан Дагало (ал, ошондой эле, Хемети деген ат менен белгилүү) мырза өзүнө каратып алууга үлгүргөн.

Генерал Хемети 2022-жылы Судан-Орусия мамилелерин чыңдоо мүдөөсүндө Москвага иш сапар менен барды.

Бирок, Confluence Advisory аналитикалык борборунун судандык адиси Холуд Хайрдын айтымында, азыркы таптагы жаңжалда, "Вагнер" тобу ич ара согушуп жаткан судандык тараптардын эч бирин колдободу.

"Вагнер" тобу генерал ал-Бурхандын ишканалары менен да, Хемети мырзанын ишканалары менен да ар кандай түрдөгү жана көлөмдөгү байланыштарга ээ", – дейт Хайр айым.

"Вагнер" тобу Африканын башка өлкөлөрүндө

"Вагнер" тобу Борбордук Африка Республикасында бир нече жылдан бери иш-аракет жүргүзүп келе жатат. БАРда анын жалданма жоочулары алмаз кендерин кайтарышууда. "Вагнер" тобу, ошондой эле, Ливия менен Малиде да аракет кылып келээрин басылмалар абдан көп жолу жазып чыгышты.

2021-жылы Би-Би-Синин кабарчылары "Вагнер" тобунун жоочусу байкоостон жоготкон бир компүтердик шайманды (гажет) таап изилдеген соң, ошондой эле, ливиялык жоокерлер жана карапайым жарандар менен сүйлөшкөндөн кийин, "Вагнер" тобунун Ливиядагы жарандык согушка катышкандыгын да аныктап берген.

Мали өлкөсүндө аскердик хунта "исламчыл" сөзүнө жамынган террорчуларга каршы күрөшүү үчүн "Вагнер" тобунун жоочуларын тымызын түрдө жалдаган.

Эл аралык Human Rights Watch уюмунун укук коргоочулары "Вагнер" тобунун жоочуларын Малиде да, БАРда да кыйноого жана киши өлтүрүүгө катышкан болчу, деп айыптоодо. (TT)