Трамп Крым талкууланбай турганын айтты. Зеленский Крым декларациясын эске салды

Сүрөттүн булагы, Bloomberg
АКШ президенти Дональд Трамп украин лидери Володимир Зеленскийдин Крымдын оккупациясы тууралуу айткан билдирүүсүн сынга алды. Ал өзүнүн Truth Social коомдук сайтына Зеленскийдин билдирүүсү "Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кедергисин тийгизерин, анткени Крым Барак Обаманын тушунда эле колдон чыкканын, эми талкууланбай турган маселе экенин" жазды.
Бул билдирүүдөн көп өтпөй Зеленский Трампка жооп кайтарды жана АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун кол койгон Крым декларациясын эске салды. Ал декларацияда жарым аралдын мыйзамсыз аннексиясы тууралуу айтылган. Украин президентинин билдирүүсү тууралуу төмөндө кененирээк сөз болот.
"Крымды тааны деп эч ким Зеленскийден сураган жери жок. Эгер ал Крымды кааласа, анда эмнеге он бир жыл мурун ал үчүн күрөшкөн эмес? Ал учурунда бир ок атылбастан Орусияга берилген. Дал ушундай безге сая турган билдирүүлөр согушту жөнгө салууну татаалдаштырып жатат", - деп жазды Трамп.
"Украина үчүн кырдаал оор. Ал [Зеленский] тынчтыкка жетишет же бүтүндөй өлкөнү жок кылганга чейин дагы үч жыл согуша берет. Менин Орусия менен орток эч нерсем жок, бирок орто эсеп менен алганда, аптасына жөн жерден эле өлүп жаткан орусиялык жана украиналык беш миң жоокер менен ортоктош көп нерсем бар".
Трамптын айтымында, макулдашууга жетишүүгө аз эле калды. Ал Зеленскийдин "колунда эч кандай карта" жок экенин жана ал келишимге макул болушу керектигин кайрадан кайталады.
Трамп бул келишимдин шарттарын тактап айткан жок. Батыш медиалары өз булактарына таянып жазгандай, сунушталган америкалык "тынчтык планынында" АКШ тарабынан Крымды Орусиянын аймагы деп таануу жана фронтту азыркы чеги менен тоңдуруу камтылган болушу мүмкүн. Булар тууралуу расмий кабарланган эмес.
Прессанын кабарларына караганда, бул сунуштар 23-апрель күнү Лондондо талкууланмак. Адегенде АКШ, Украина, Британия жана Евробиримдиктин жогорку даражалуу өкүлдөрү жолугушмак. Бирок соңку мүнөттөрүндө жолугушуунун статусу кыйла эле төмөндөдү. Анткени ал жерге АКШнын Мамлекеттик департаментинин башчысы Марко Рубио менен Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф келишкен жок.
Жыйынтыгында украиналык делегация Дональд Трамптын Лондонго келген атайын өкүлү Кит Келлог менен жолугушту. Атайын өкүл мындан сырткары Евробиримдиктин жана Британиянын расмий өкүлдөрү менен кезикти.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Буга чейин Washington Post өз булактарына таянып, Киевдин аймактык чегинүү боюнча сүйлөшүүгө каалоосу жоктугунан улам Рубио Лондонго келбей калгандыгын жазган. Ошол эле учурда мамдепартамент бул тек гана техникалык маселелерден улам болгондугун, бул жерде саясий чечим жоктугун айтышты.
22-апрелде президент Володимир Зеленский Киевдеги брифинг учурунда Украина аймактык жактан эч кандай чегинүүгө барбай тургандыгын, украиналык делегация болсо Лондондо ок атышууну толук токтотуу боюнча гана талкуулай тургандыгын, андан соң Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө боло тургандыгын билдирген.
"Украина оккупацияланган Крымды юридикалык жактан тааныбайт, бул жөнүндө сөз кылганга дагы болбойт. Бул биздин конституциядан сырткары иш. Бул биздин аймак, бул украин элинин жери",- деп билдирген.
Анын алдында эле Financial Times өз булактарына шилтеме берип, Орусиянын президенти Владимир Путин согушту учурдагы фронт сызыгы менен токтотууну жана Украинанын орус аскерлери тарабынан жарым-жартылай оккупацияланып, Киевдин көзөмөлүндө турган төрт облустун аймагына доо коюудан баш тартууну сунуш кылганын билдирген.

Сүрөттүн булагы, Global Images Ukraine
Басылманын булактары билдирген маалыматка караганда, Путин мындай сунушту жакында эле Санкт-Петербургда Стив Уиткофф менен болгон жолугушуу учурунда билдирген. Кремль жана Ак үй билдирген маалымат боюнча, Стив Уиткофф ушул аптада кайрадан Орусияга барууга камынып жаткан.
Айрым маалыматтарга караганда, Уиткоффтун бул сапары Лондондогу жолугушуудан кийин болмок. Axios басылмасы өз булактарына таянып жазгандай, АКШ президентинин администрациясы 23-апрелде өздөрүнүн "тынчтык планы" боюнча Украинанын жообун күтүп жатышкан. Басылманын маалыматына караганда, 25-апрелде Путин менен Стив Уиткоффтун жолугушуусу болушу мүмкүн.
Трамп Володимир Зеленскийге ультиматум ирээтинде "күндүн соңуна чейин" америкалык тынчтык планынын шарттарын кабыл алууну талап кылып, болбосо АКШ бул тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн чыга турганын айтты деген билдирүүнү шаршемби күнү Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт четке какты.
"Күндүн соңуна чейин деген жок",- деди Ливитт CNN телеканалына.
Деген менен Трамп көңүлү калып жана "мунун баары бүтүшүн каалап жатат" деп белгиледи. Ал украин президенти "туура эмес багытта" кетип бара жатканын, "прессада тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу териштиргенге аракет кылып жатканын, бул болсо президент үчүн кабыл алынгыс" нерсе экенин кошумчалады.
"Анын чыдамы түгөнүп бара жатат",- деп кошумчалады басма сөз катчысы. Мында Трамп тууралуу сөз болуп жатат.
Шаршембинин таңында АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Вашингтон Орусияга жана Украинага "абдан ачык сунушун" бергенин тастыктап жана "тараптар макул деп жооп бериши" керектигин же болбосо АКШ бул жараяндан чыга тургандыгын билдирди.
Шаршемби күнү Лондондо расмий өкүлдөр жолугушуп жаткан учурда биринчи вице-премьер жана Украинанын экономика министри Юлия Свирденко Киев "сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок капитуляцияга каршы экенин" билдирди.

Сүрөттүн булагы, Andrey Ermak/Telegram
"Биздин эл сыртынан "тынчтык" деп жымсалданып тоңдурулган конфликтти кабыл албайт. Биз эч качан Крымдын оккупациясын тааныбайбыз. Эгерде НАТО уюмуна мүчөлүк берилбей турган болсо, анда Украина коопсуздук кепилдиктерин талап кылат. Ал туруктуу тынчтыкты камсыз кылып, келечектеги агрессияларга жол бербей тургандай күчтүү жана так болушу керек",- деп билдирди Свирденко.
Европалык дипломатиянын башчысы Кая Каллас шейшемби күнү AFP агенттигине берген маегинде, тынчтык келишиминин алкагында Крымдын аннексиясын карап, аны Орусиянын аймагы деп таануу Вашингтондун катасы боло тургандыгын айтты.
Анын сөзүнө караганда, Евробиримдик жарым аралды эч качан Орусияныкы деп тааныбайт. "Крым — Украина",- деп кошумчалады Каллас.
ЖМК цитата катары жарыялаган маалыматтарга караганда, америкалык пландын бир пункту боюнча, аннексияланган Крымга Орусиянын көзөмөлүн жана Украинанын оккупацияланган аймактарын таанууга АКШ даяр турган, бирок Вашингтон Киев менен Евробиримдиктин мындай кадамга барышын талап кылган эмес.
Жолугушуу кандай өттү?
Украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак, украиналык делегация Лондондо Кит Келлог менен жолугушуп, өздөрүнүн позициясын жеткиришкенин билирди.
"Биз өз позициябызды жеткирип жана тез арада жана эч кандай шарт койбостон ок атышууну толугу менен токтотуу адилеттүу жана узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүүнүн биринчи кадамы боло тургандыгын белгиледик",- деп жазды Ермак коомдук сайттагы баракчасына.
"Мен кандай гана шартта болбосун Украина сүйлөшүүлөр учурунда өзүнүн принципиалдуу позициясын коргой тургандыгын, анткени алар суверендүүлүктүн жана аймактык бүтүндүктүн негизин түзөт",- деп кошумчалады ал.
Коргоо министри Рустем Умаров Трамптын атайын өкүлү менен Лондондо өткөн жолугушууну жемиштүү деп баалады.







