Энергетикалык жана саясий талкуу: кайым айтышка Өмүрбек Бабанов менен Сапар Исаков кошулду

Кайым айтыш

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ишкер жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы бийликти сындаган сөздөрүнө жооп кайтарды. Акыркы кездеги саясий жана энергетикалык кайым айтышууларга мурдагы дагы бир өкмөт башчы - Сапар Исаков да кошулду.

Бабанов өз билдирүүсүндө 2017-жылдагы президенттик шайлоодогу жагдайларга токтолуп, "500 миң кыргызстандыктын добушу менен үмүтү уурдалган" деп билдирди.

"Бүгүн жаңылыктардан Алмазбек Шаршеновичтин саясий атаандаштык тууралуу айтканын окуп калдым. Саясий талкуулардан алысмын, бир гана адилеттик, калыстык үчүн кыскача ой бөлүшүп коеюн дедим. 2017-жылы кандай шайлоо өткөнүн эл унуткан жок. Мамлекеттик ресурстар бир тарапты сүрөп, дарыгерлер менен мугалимдерди саясатка зордоп аралаштырып, адамдарды коркутуп-үркүтүп, агитаторлорду тоого алып барып сабаган учурлар болгон. Ошол жылы 500 миң кыргызстандыктын добушу менен үмүтү уурдалганын эч ким жокко чыгарбас. Ошондо Кыргызстандын келечегин жана туруктуулугун ойлоп, командамды токтотуп, өзүм убактылуу сыртка чыгып кеткенмин. Шайлоо учурунда, андан кийин да коомду бөлүп жарган бир дагы билдирүү жасаган эмесмин",- деп жазды ал.

Ошондой эле Бабанов атаандаштык тууралуу сөз кылып, Атамбаевдин бир уулу шаардык кеңеште, экинчиси Жогорку Кеңешке кайрадан талапкер катары ат салышып жатканын баса белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдү оң баалап жатканын айтты:

"Мындай учурда атаандаштык жөнүндө айтуу башка бирөөгө көбүрөөк жарашмак. Азыр болсо өлкөдө стабилдүүлүк орноп, криминалсыз, башаламан эмес тартип түзүлүп жатканын көрүп турам. Ошондуктан бүгүнкү биздин милдет – өлкөдөгү туруктуулукту сактап, анын өнүгүшүнө көмөктөшүү. Мамлекеттин тагдыры жеке таарынычтан, жеке амбициядан да маанилүү. Сизде эгер чын эле таарыныч бар болсо, анда акылман, тажрыйбалуу аксакал катары туура кадам жасоого чакырам. Сырттан туруп талашпай-тартышпай, тескерисинче, Кыргызстанды алдыга жылдырууга умтулалы",- деди Бабанов.

Атамбаев менен Бабанов - мурдагы саясий өнөктөштөр. Алсак, 2011-жылы Алмазбек Атамбаевдин өкмөтүндө Бабанов биринчи вице-премьер-министрлик кызматты ээлеген. Атамбаев президент болгондо, 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын сентябрына чейин, Кыргызстандын премьер-министри болуп иштеген.

Бирок Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо ошол кездеги мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев баштаган бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековго негизги атаандаш болгон. Шайлоо курч атаандаштыкта өткөн. Өнөктүктөн кийин Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси - "үгүт маалында эл алдында айткан айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет" деген доо менен, экинчиси - "бийликти басып алууга даярдык көрүү" деген негизде ачылган. Бабанов шайлоодон соң өлкөдөн чыгып кетип, 2019-жылы кайра Кыргызстанга кайтып келген. Мурдагы депутат, экс-өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда ири ишкер катары да белгилүү.

Алмазбек Атамбаев 17-ноябрда "Фейсбук" аркылуу кезектеги билдирүүсүн жарыялап, анда азыркы президент Садыр Жапаровдун беш жылдык башкаруусун сынга алган. Атамбаев өлкөдөгү экономикалык абал, энергетикалык кризис, сөз эркиндигинин чектелиши жана демократиялык институттардын начарлашы боюнча алгачкы убадалар аткарылбай калганын белгилеген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Сен өлкөбүздү башкарып жатканыңа беш жыл болду. Алгачкы жылдары эл сага чоң үмүт артты, айтканыңдын баарына ишенди. Сен элге кандай гана убада кылбадың: сөз эркиндиги, көзкарандысыз ММКлар, адилет шайлоо, адам укугун коргоо жана башка түгөнбөгөн убада. Бул убакыттын ичинде эл ал тургай асманда курулган Асман шаарында жашап калгандай үмүттөнүп да алды…" деп жазган Атамбаев.

Анын бул айыптоосуна жооп катары президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков комментарий жазып, мурдагы президенттин дооматтарын негизсиз деп атады.

"Сөз эркиндиги боюнча мактанбай эле коюңуз, сиздин убакта муунтуу чегинен ашкан. Анын бир мисалы мен. Мага карата 2 миллион сом доо, башкаларга алды 10 миллион сом доого жыгуулар болгон. Саясий куугунтук тууралуу сөз кылбай эле коелу, эң көп саясатчылар, оппозиция өкүлдөрү камалган. Азыр сиздин уулдарыңыз саясатка эркин аралашып, командаңыз каалаганын сүйлөп жүрөт",- деп жазды Орунбеков.

Атамбаев менен учурдагы бийликтин ортосундагы саясий кайым айтышуу 9-ноябрда президент Садыр Жапаровдун социалдык тармактардагы билдирүүсүнөн кийин башталган. Жапаров өз кайрылуусунда энергетика тармагынын 2020-жылга чейинки карызы 137 миллиард сомду түзгөнүн белгилеп, системаны "катастрофалык" деп мүнөздөгөн. Жапаров азыркы бийлик бул схемаларды жоюп, 2027-жылдан тарта тармак киреше алып келе баштаарын убада кылган.

"Энергетиктер ал мезгилдеги кыргыз энергетика системасындагы болуп жаткан бул жагдайды жакшы билишет. Бүткүл генераторлор эски. 1960-жылдардан бери жаңыланган эмес. Жаңы салынган ГЭСтер да жок. Болгону 2009-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи генератору ишке кирген. Башка көзгө басар бир ГЭС курулган эмес. Көз карандысыздык алганыбыздан бери эле кыштын күнү электр энергиясы дефицит болуп келген", - деп жазган Жапаров.

Бул айыптоолорго жооп иретинде Испанияда жүргөн Алмазбек Атамбаев билдирүү таратып, өзүнүн президенттик мезгилинде Кыргызстан энергетикада "маанилүү бурулуш" жасаганын айтып, "Датка-Кемин" сыяктуу долбоорлордун аркасында 2017-2018-жылдары өлкө тыштан электр энергиясын сатып алууну токтотконун белгилеген. Ал бул мезгилди Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыкты алган учуру деп атаган.

Кийинчерээк, президент Садыр Жапаров Атамбаевдин кайрылуусун "былжырбай" деп атап, мурдагы президенттин тушунда энергетика тармагы "сазга батканын" кайталап, бардык коррупциялык схемалар жоюлганын билдирген.

Алмазбек Атамбаев 2023-жылдан бери Испанияда жашап келет. Ал "Кой-Таш иши" боюнча сыртынан 11,5 жылга соттолгон.

Сапар Исаковдун билдирүүсү жана таржымалы

Энергетикалык жана саясий талкууларга Кыргызстандын дагы бир мурдагы өкмөт башчысы да кошулду. 18-ноябрда Бабановдун билдирүүсүнөн бир аз мурда Атамбаевдин жакын адамдарынын бири болгон Сапар Исаков да үн катты. Ал энергетика тармагына байланыштуу азыркы бийлик айтып жаткан жүйөлөр чындыкка дал келбейт деген пикирин билдирген.

"Учурдагы президенттин 2011 - 2017-жылдар аралыгында "бир дагы электр станциясы курулган эмес" деген билдирүүсү белгилүү фактыларга карама-каршы келет. Учурда Бишкектин эски ЖЭБинин ордунда так ошол мезгилде ишке киргизилген, жаңы энергоблоктору бар модернизацияланган жылуулук электр борбору иштеп жатат. Өлкөнү азыркы энергетикалык кризистин оор кесепеттеринен сактап турган мына ушул кубаттуулуктар",- деди ал.

Сапар Исаков - Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири катары саналат. Ал 2012-жылдан тартып президенттик аппаратта тышкы саясат боюнча бөлүм башчы, кийин Президенттик аппараттын жетекчиси болуп иштеген. 2017-жылдын август айында премьер-министрликке дайындалган.

Бийлик алмашкандан кийин Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупциялык иштерге байланыштуу кылмыш иши козголуп 15 жылга кесилген. Исаков Улуттук тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду жаңылоо иштери боюнча дагы күнөөлүү деп табылып 18 жылга соттолгон.

Андан тышкары атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломаттык рангынан, II даражадагы "Манас" орденинен жана үч жыл мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылган.

2020-жылдын октябрь айындагы окуялар учурунда ал Молдовановка айылындагы №27 абактан чыгып, көп өтпөй изин жашырып кеткен.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы болсо ага издөө жарыяланганын маалымдаган. Учурда Исаковдун жүргөн жери так белгисиз, бирок ал Орусия экени айтылып келет.