"Компромисттик вариант". "ЖМК жөнүндө" жаңы мыйзам долбоору талкууда

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстанда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорду иштеп чыккан жумушчу топ аны "компромисттик вариант" деп атады. Мурда президенттик администрация иштеп чыккан долбоор медиа коомчулуктун нааразылыгын жаратып, парламентте үч окуудан өткөнү калганда президент кайра чакыртып алган эле.

Медиа

Сүрөттүн булагы, Getty Images

ЖМК жөнүндө мыйзамдын жаңы долбоорун Маданият, маалымат, туризм министрлигинин алдында түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыкты.

Жаңы долбоордо медиа коомчулукту нааразы кылган ашыкча чектөөлөр, тыюулар жок. Мурдагы долбоордо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган интернет басылмалардын баарын текши каттоого алып, кыйкым тапкан учурда каттоосун жоюп салат деп каралган болчу.

Мыйзамдын мурдагы долбооруна журналисттик коомчулуктун бир да сунушу кирбей калганына катуу нааразылык айтылган.

“ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам жалаң эле бөгөттө, басмырлоо, тыюу салуу, муунтуу болуп калды. Мисалы, Кыргызстанда 29 миңден ашык сайт милдеттүү катары каттоодон өтүш керек экен. Татаал шарттарды түзүп, каттоодон өткөрбөй койгон атышат. Эгерде катталбай калса, эркин журналистсиңби, редакциясыңбы, аккредитациядан өтө албайсың, маалымат ала албайсың, эчтекени чагылдыра албайсың деген нормаларды киргизип коюптур. Сөз эркиндигин, көз карандысыз медиаларды түп тамыры менен жок кылган мыйзамды алып чыгып койду. Эл аралык уюмдар, Венеция комиссиясы, БУУ, ЕККУ дагы мындай кебетеси менен мыйзамды кабыл алса болбойт деп билдирүүлөрдү жасады. Анда эл аралык стандарттарга, Кыргызстан өзүнө кабыл алган милдеттенмелерге каршы болуп калат ”,-деген Би-Би-Сиге медиа платформанын мүчөсү Семетей Аманбеков.

Азыркы долбоор боюнча интернет-басылмалар ыктыярдуу негизде гана каттала алат.

"Санарип технологиялар өнүккөн сайын маалымат таратуунун ар кандай ыкмаларына мүмкүнчүлүк берүү зарыл, мисалы, ар кандай интернет-платформалардагы видеопрограммаларга, сайт аркылуу маалымат тараткан басылмаларга, социалдык тармактар ыктыярдуу түрдө өзүнүн басылмасын жалпыга маалымдоо каражаты катары каттоодон өткөрүп, жалпыга маалымдоо каражаттары жөнундөгү мыйзамдарга ылайык укук-милдеттерге ээ болушу керек",-деп айтылат мыйзам долбооруна жазылган түшүндүрмө катта.

"Ыктыярдуу каттоодон өтүү үчүн ЖМКларга ошондой шарттарды түзүп бериш керек",-дейт жумушчу топтун мүчөсү Кайыргүл Орозбай кызы. - "Керек болсо кандайдыр бир артыкчылыктарды бериши керек мамлекет. Ошондо гана ЖМК өзүнүн ролун билип туруп, интернет басылмалар ыктыярдуу түрдө каттоодон өтөт.

Айтмакчы, тармактык басылмаларды каттоо тартиби Россиянын жана Казакстандын мыйзамдарында да каралган. Ошондуктан Кыргызстан медиа мыйзамдары боюнча өзүнүн эки союздашынын тажрыйбасына жакындап жатат.

Мыйзам долбоорунда ошондой эле цензурага тыюу салуу каралган, кызмат адамдарынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердигине кийлигишүүсүнө жол берилбей турганы жөнүндө нормаларды белгилейт. Ошондой эле чектөөлөр жалпыга маалымдоо каражатынын уюштуруучусу үчүн да каралган, ал дагы ЖМКнын редакциясынын ишине кийлигишпөөгө тийиш.

ЖМКны кыянат пайдаланууга жол берилбейт

ЖМК

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жаңы долбоордо биринчи жолу коомдук кызыкчылык деген түшүнүк кирди.

"Бул абдан чоң таасирдүу берене деп айтсак болот. Анткени мурдагы доллбоордо сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдалануу деген түшүнүк кирип калган. Басма сөз эркиндигин журналисттер кандай пайдаланып атат, анын критерийлери көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан биз бул беренени абдан дыкат карап чыктык. Ар бир журналист өзүнүн жоопкерчилигин билиш керек. Бирок көтөрүлгөн маселе коомдо кызуу талкуу жаратып атса, бул маселени элге жеткиргени үчүн журналист ошондо гана жоопкерчиликтен бошотулат",-дейт Кайыргүл Орозай кызы.

Долбоордун 5-беренесинде жалпыга маалымдоо каражатын кандай учурларда кыянат пайдаланууга жол берилбей турганынын конкреттүү учурлары тизмектеп көрсөтүлгөн.

Анын ичинде бийликти зомбулук менен басып алууга же Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн зомбулук менен өзгөртүүгө ачык чакырыктарды камтыган материалдарды жайылтууга, согушту пропагандалоо, улуттук, расалык, региондук жана диний касташууну күчөтүүгө, терроризмди, башка экстремисттик материалдарды ачык актоочу материалдарды жайылтууга, калктын ден соолугуна жана адеп-ахлагына зыян келтирүүчү порнографияны, бир жыныстуу никелерди, зомбулуктун жана мыкаачылыктын культун пропагандалаган материалдарды жайылтууга ЖМКны пайдаланууга жол берилбейт.

Ошондой эле жарандарды жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук жана региондук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий же башка ынанымдары, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого алып келген, жарандардын жеке жашоосуна кийлигишкен, алардын ар-намысына жана кадыр-баркына, ишкердик беделине шек келтирген, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарган, баңги заттарын жайылткан жана балдардын ден соолугуна же интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп- ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтарды жайылтууга болбойт.

Кесиптик этикалык стандарт

Биринчи жолу мыйзам долбоорунда маалымат таратууда жана жалпыга маалымдоо каражатынын редакциялык саясатында этикалык стандарттарды сактоо зарылдыгы көрсөтүлдү.

Кыргызстан журналисттеринин кесиптик этикалык кодекси көп жыл мурун эле иштелип чыккан. Анда журналисттердин маалымат булактарын купуя кармоо укугу, диний жана маданий өзгөчөлүктөргө урмат-сый менен мамиле кылуу, жеке турмуштун кол тийгистиги сыяктуу этикалык эрежелери каралган.

Бирок көп журналисттер бул эрежелерди сактаган эмес, ошол себептүү адамдардын жеке турмушуна кийлигишип, такталбаган ушак-айың деңгээлиндеги маалыматтарды чыгарып, бирөөлөрдү каралап, жамандаган контент көп болуп жаткан. Эми жаңы мыйзам кабыл алынып калса, өлкөдөгү бардык салттуу ЖМКлар эле эмес, каттоодон өткөн тармактык басылмалар дагы этикалык эрежелерди сактоого милдеттүү болушат.

"1992-жылкы мыйзамда да, анын жаңы варианттарында да этика боюнча маселе каралган эмес. Алтынчы вариантанды этика боюнча жоопкерчиликти киргиздик. Эгерде журналист чын эле журналисттин ишмердигин жүргүзүп жатса, алар кесиптик этикалык эрежелерди аткарган милдеттүү болот",-деди Кайыргүл Орозбай кызы.

"Оор берене"

Оор берене

Кыргызстанда ЖМКлардын мыйзамдык иштөө эрежесин өзгөртүү аракеттери массалык тополоңго чакырган деген шек менен эркин журналисттер кармалып, бир жылдан бери соттолуп жатканда, өлкө бийлиги сөз эркиндигин кысымга алып жатат деп эл аралык уюмдардын олуттуу сынына кабылган учурда болуп жатат.

15-январда УКМК “24.kg” маалымат агенттигинде тинтүү жүргүзүп, анын башкы директору А. Оторбаева менен башкы редактору М. Ниязованы алып кетип, суракка алды. Кийинки күнү таң эрте он бир журналист кармалып, камакка алынган.

Алар: Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева, Акыл Орозбеков. Булардын баары “Темиров LIVE” долбоорунда жана “Айт, айт десе" ютуб каналында иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен журналисттер. Аларга массалык тополоңго чакырык деген оор берене менен айып коюлууда.

“Эмне үчүн оор берене коюшту? Биринчиден коркутуу керек болду. Экинчиден, дароо камаш керек. Бир репост үчүн эле камап атат. Каяктагы массалык тополоң. Кылмыш-жаза кодексинде массалык тополоң болгондо, ага катышкан адамдар жөнүндө жазылып турат. Ал эми бул жерде массалык тополоң болбосо деле, ошого чакырык кылып атасыңар деп камап айтпайбы. Мыйзамды бурмалап колдонуп атышат”,-дейт медиа платформанын мүчөсү Семетей Аманбеков.

Азыркы учурда он бир журналисттин көбү үй камагына чыкты, камакта төртөө калды.

Бийлик тарап өз кезегинде сөз эркиндигине жамынып, революция жасайм деп оолугуп, эл топтоп, бийликти кулатууну көздөгөн күчтөр жөнүндө сөз кылууда.

“Кимде ким баш аламандык уюштурам деген максатта эл топтой турган болсо, жообу катуу болот. Көп эл топтоп алып, анан жанагыдай артынан атып же жардыруу кылып карапайым элдин арасынан бирөө жарымды жабыр тарттырбай алдын алып, андай арам ойлуу лидерлердин сазайын колуна беребиз. Биз мурдакылардай аларды “эркелетип” олтурбайбыз”,-деген Садыр Жапаров журналисттер камалган окуядан кийин.

Андан мурда бийлик адамдары катышкан коррупциялык иштерди казып жүргөн иликтөөчү журналистти сот кыргыз паспортун мыйзамсыз алган деп өлкөдөн чыгарып жибергени белгилүү.

Журналисттер кармалып, өлкөдөн куулуп же соттолуп жатканда, Кыргызстандын бийлиги эл аралык уюмдардын олуттуу сынына кабылды.

“Кыргызстанда жарандык коомду жана маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн куугунтуктоо күчөдү жана репрессиялык мыйзам долбоорлору кабыл алынууда”,- деп айтылат CIVICUS Monitor платформасынын отчётунда.

“Чет элдик өкүл”

Чет элдик өкүл

Сүрөттүн булагы, АРТЕМ ВАЖЕНКОВ

Журналисттер өзүнүн кесиптик ишмердигине “Чет элдик өкүл” мыйзамынын дагы кесепети тийбейби деп чочулап турган чагы. Жогорку Кеңеште көптөн бери курч талаш-талкуу менен кабыл алынган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр боюнча сырттан каржылык колдоо алган журналисттик жамааттардын баары өзүнчө “чет элдик өкүл” рээстрине илинүүгө тийиш.

Көбүнчө донор уюмдардан грант алып оокат кылып келаткан медиа уюмдар азыр кара тизмеге илинсе, кандай иш кыларын билбей бүдөмүк абалда турат.

"Донорлорго түздөн түз таасир тийгизип атат. Биздин эң негизги донор Сорос-Кыргызстан" фонду жабылды. Эми "Интернюс" жабылса, анда ого бетер жаман болот. Аны ЮСАИД каржылайт эмеспи. Бул мыйзам кандай иштейт, билбейбиз",-дейт "Политклиника" сайтынын жетекчиси Дилбар Алимова.

"Политклиниканын" уюштуруучусу коммерциялык уюм. Бирок бул жамаат өзүнчө коомдук фонд ачып, грант каражаттарды тартып иштеп келаткан. Анткени, донорлор коммерциялык уюмдарга грант бербейт.

Эми гранттык булактар жабылса же грант алууга олуттуу тоскоолдуктар пайда болсо, "Политклиника" сыяктуу эркин онлайн басылмалар каржылык кыйынчылыкка кептелери шексиз.

Сөз эркиндигин чектөө аракеттери муну менен эле бүтүп калган жок. Башка дагы мыйзамдарга кабелтең толуктоолор каралып даярдалууда. Мисалы, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маалымат каражаттарында жана интернетте жалаа жана мазактоо үчүн акчалай айып салууну сунуш кылууда. Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү караган тийиштүү долбоор коомдук талкууга чыкты.

Мындан сырткары, блоггерлердин ишмердиги жана жоопкерчилиги жөнүндө өзүнчө мыйзам долбоору бар экени айтылууда.

Үч жыл мурда “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" мыйзам кабыл алынган. Бирок андан фейктер азайып, жалган маалымат тараткандар тизгинин тартып калган жок.

“Фейктерди колдогон мыйзамды жазып чыгышты. Ошол мыйзам аларга эч кандай чара көрбөйт. Жанагындай катталып, пресса деген күбөлүгү бар, стандарттар менен иштеген, эки тарапты тең караган журналисттерге бөгөт коюп, басмырлап, жок кылганга аракет кылып атат”,-дейт Семетей.

“Демократия эмес иллюзия”

Демократия эмес иллюзия

Сүрөттүн булагы, Getty Images

ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам долбоорунун айланасында талаш-талкуу эки-үч жылдан бери жүрүп келатат.

Президенттик администрациянын укук бөлүмүнүн башчысы Аки-пресске жарыялаган макаладан эле өлкөдөгү маалымат саясаты кайсы багытта баратканы кашкайып көрүнөт.

Мурат Укушов көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттары (басылмалар, интернет сайттар) иш жүзүндө күнүгө сенсациялык-терс, жаңжал мүнөздөгү маалыматтарды таратып жатканын, саясий жана коомдук ишмерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, катардагы жарандар тууралуу ачыктан ачык жалаа жана маскаралаган маалымат тарап жатканын ын толтура мисалдары бар экенин белгилейт.

“Интернет-сайттар, социалдык тармактар, блогдор жаргондорго, блат лексикага, наадан сөздөр менен сүйлөмдөргө, адамга жалаа жабуу, кордоолорго жайнап чыгууда, ачык эле тилдеп, сөгүп-саккандан да кайра тартпай калышты. Жапайы тилге өтүп алышты. Кээде 21-кылымдын башында биз адамча сүйлөп жаза албай калгандай таасир калууда”,-деп жазды.

Автор Кыргызстандагы сөз эркиндигин демократия эмес иллюзия деп атап, ал иш жүзүндө мамлекет менен коомдун социалдык жана саясий өзөгүн талкалап жатканын, ал эртеби-кечпи жарыла турганын айтууда.

«Көзөмөлү жок сөз эркиндиги өлкөдөгү туруктуулукту бузушу мүмкүн, анткени ЖМК коомдук пикирди манипуляция кыла турган мүмкүнчүлүккө ээ”.

ЖМК жөнүндө жаңы мыйзамды жазган автордун маалымат мейкиндигин көзөмөлгө алууга чакырып жатканы түшүнүктүү. Бирок медиа платформанын өкүлдөрү ээнооздук менен ээнбаштык үчүн жоопкерчилик башка мыйзамдарда каралганын жүйө тартууда.

“Ал үчүн башка жоопкерчилик бар. Кылмыш-жаза кодексиндеги жоопкерчилик бар. Жеке турмушка кийлигишүү деген. Тилекке каршы, укук коргоо органдары, мамлекеттик көзөмөл органдары ошолордун баарына көздү жаап атат. Мисалы, бир журналист туура эмес маалымат чыгарса, аны ошол замат эле баса калат. Жалган маалыматка, фейкке каршы деген мыйзамды кабыл алды ошо менен маалыматты алдырып салып атат, чын болобу, калп болобу, ага карабайт”,-дейт Семетей Аманбеков. (КС)