You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ак терек, көк терек, өкмөткө уран менен торий казууга уруксат керек
Сталбек Абдижалил, Руфат Эргешов, Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстанда уран казууга мыйзамдагы тыюуну алып салуу каралууда. Тийиштүү долбоор парламентте биринчи окууда колдоо тапты. Уран жана торий кендерин иштетүү экологияга эч кандай зыян келтирбейт деп өкмөт айтып жатат. Ал эми экологдор уран казуунун жаратылышка кесепети оор болоорун эскертүүдө.
"Биздин максат уран эмес"
Жогорку Кеңеш шаршембиде биринчи окууда колдоп берген долбоордо уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү каралган.
Мыйзам долбооруна 69 депутат макул деп добуш берсе, үчөө каршы чыкты.
Кыргыз өкмөтү уран менен торийге болгон тыюуну алып салуу менен полиметаллдык сейрек кездешүүчү жана критикалык минералдарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, өлкөнүн экологиялык, экономикалык абалын жакшыртат деп жатат.
"Азыркы колдонуудагы мыйзамда так эмес чечмелөөгө алып келген терминдер кирип калган. Уран, торий казып алуу деген сөздөр пайдалуу кендердин башка минералдарын изилдөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө тыюу салып жатат. 30-40 жылда Кыргызстан казган эмес уранды. Биздин максат уран эмес. 83 кенде уран бар, экология таза болуш үчүн уранды ошол жерден алып кетип, Кара-Балтадагы комбинаттан торийди бөлүп алып ошол жерге сактайбыз. Ал эми урандын бизге кереги жок, биз Кыргызстанда аны байытпайбыз, андай техника жана технология дагы жок. Бизде запаста турган 4419 тонна бар. Эгер уранды алып чыга турган болсок, башка өлкөдөн суроо-талап боло турган болсо, аны Кыргызстандан алып чыгып кетебиз",-деди экология министри Мелис Тургунбаев.
Биринчи окууда дээрлик талкуу болгон жок. Кээ бир депутаттар гана уранга байланыштуу бирин-экин суроо берип, шашпай кое турууга чакырды.
“Муну токтотуп турсак болот. Адистерден сураш керек, өз убагында Айдаркен комбинатында дагы элге зыян келбейт деп айтып, бирок азыр зыяны тийип жатат. Азыр уранды кое турсак, келечекте башкача технология келиши мүмкүн. Азыр экономикабыз жакшы эле болуп жатат”,-деди оппозициялык фракциянын лидери Исхак Масалиев.
"Түгөнбөс баш оору"
2019-жылы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү үчүн жеке компанияга лицензия берилгенде, коомчулукта нааразылык дүрт эткен.
Жер жерлерде болгон каршылык жыйындарынан кийин өлкө аймагында уран иштетүүгө таптакыр тыюу салган мыйзам кабыл алынган.
Эми уран казууга жол ачкан мыйзам кайрадан каралып жаткан учурда айрым экологдор кабатырланып жатканын билдирди.
“Экономикалык максатка ылайык жагы бар, ошондой эле шарттуу түрдө экологиялык максатка ылайыктуулугу да бар, мамлекет дайыма айлана-чөйрө менен пайда табуунун ортосунда маневр жасайт. Мамлекет дайыма экономикага пайда берчү жагын карайт. Бүткүл дүйнө жүзүндө колдонулуп жаткан бардык тыюу салууларга жана чектөөлөргө карабастан, мен атомдук энергияны коркунуч катары карабайм. Европада, Францияда канча атомдук электр станциялары бар экенин карагыла",-дейт Влад Ушаков, экологиялык активист.
"Бирок мен билгенден, кандай гана иштетүү, кен казуу болбосун, табиятка эч кандай жакшылык алып келбейт. Экологиялык жактан, биологиялык ар түрдүүлүк жагынан алып караганда, кандай гана кенди иштетпейли, жаратылышка зыян келтирет. Ошондуктан колдон келсе, тийбей эле койгонуң жакшы. Биз азыр келе турган акча менен кылымдарга кала турган жаратылыштын ортосунда тандап жатабыз”.
Ошентип уран темасы кайрадан коомдук талкуунун чордонуна кайтып келди.
Коомдук ишмер Эмил Каптагаев: "Мыйзам кабыл алына тургандыгы айдан ачык эле го дейм... Заман ошондой, илгеркилер айтмакчы "ай дээр Ажо жок, кой дей Кожо жок", депутаттар колдоп беришет",-деп жазды социалдык тармакта.
"Уран деген уран... Мындан 60-70 жыл мурда казылган уран кенинин кесепетин эмдигиче жоюп сала албай, эл аралык коомчулуктан жардам сурап, акыры келип Кажи-Сай менен Миң-Куштагы калдыктардын бир аз жерин Орусиянын "Росатом" ишканасы жаңылап жаап берет деп үмүт кылып турабыз. Ал деле утурумдук, анткени калдыктар көмүлгөн жерлерди тынымсыз жөнгө салып, тынымсыз тейлеп туруу зарыл. Дагы 20-30 жыл өткөндөн кийин кайра жаңылап жаап капиталдык түрдө оңдоо керек. Радиациялык калдыктар көмүлгөн жерлер укумдан тукумга өтүп туруучу көйгөй, түгөнбөс баш оору болуп кала берет..."
Кесепеттүү мурас
Айрым иликтөөчүлөр Кыргызстанда 1960-жылдардан тарта уран кендерин казуу токтотулганына көңүл бурууда. Ага чейин өлкөнүн бир катар аймактарында уран өндүргөн ишканалар иштеген. Ошонун кесепети бүгүнкү күнгө чейин сакталып келүүдө.
Борбор Азиядагы эң чоң уран калдыгы - Кыргызстандын Майлуу-Суу аймагында. Майлуу-Сууда "Кансыз согуш" жылдарында 1946-жылдан баштап, 22 жыл боюу эки гидрометаллургиялык завод иштеп, уран өндүргөн. Завод 1968-жылы жабылган. Сууга жакын жайга көмүлгөн радиокативдүү калдыктар бүтүндөй Фергана өрөөнүнө коркунуч туудуруп келе жатат. Коркунучтун масштабы чоң.
"Майлуу-Сууда курамында ураны бар уулуу заттар көмүлгөн 23 жай бар. Баардыгы сайдын жээгинде жайгашып калган. Жээктерди чыңдоо иштери 50 жыл мурун жүргүзүлгөн. Андан бери деле жумуштар жүрүп жатат, бирок жетиштүү эмес. Ошондуктан коркунуч бар. Мына, №8-калдык сакталган жайды көрүп турасыңар, сууга өтө эле жакын. Тоо боорунда көчкү коркунучу бар, үстүндө жарака кеткен. Көчкү жүрсө, бул жердеги 700 миң куб уран калдыкты сүрүп сууга алып түшсө, бүтүндөй Фергана өрөөнүн ууландыруу коркунучу бар. Бул аймактагы көпчүлүк уран калдыктары сакталган жайларда калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүшү керек. Көбү суу аккан сайдын эле жээгинде турат. Суу жеп баштабасын деп убактылуу чыңдоо иштерин жүргүзүп келе жатабыз. Авариялык калыбына келтирүү иштерине деп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын 3-4 миллион сом бөлөт. Бул эми толук калыбына келтирүүгө жетпейт",-деген эле 2018-жылы Би-Би-Сиге берген маегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттигинин Майлуу-Суудагы адиси Каныбек Ташкенбаев.
Анын айтымында, калдык сактоочу жайларга эң чоң коркунуч туудурган бул табигый кырсыктар. Маселен, 2017-жылы уран калдыгы сакталган жайлардын бирине жакын жерге көчкү түшүп, сууну бөгөп калган.
"Суу калдык сакталган жайга чейин көтөрүлүп кетсе, кесепети оор болот эле. Бактыга жараша тосулган көчкүнү жарып кетти",-деген адис.
Буга чейин эл аралык жардамдар аркылуу суу жээгиндеги өтө кооптуу делген калдыктардын бири жылдырылып, башка жайга көмүлгөн экен.
Радиациялык калдыктар сакталган жайлардагы экологиялык абалга баа берип, техникалык-экономикалык негиздемелерди жасаган германиялык «Визутек» компаниясынын адистери Майлуу-Сууда атайын изилдөөлөрдү өткөрүп жүрөт.
Уран - Менделеевдин мезгилдүү системасындагы элементтердин бири. Ал радиоактивдүү заттардын тобуна кирет. Уран негизинен атом бомбасына жана атомэлектро станцияларында пайдаланылат.