Олимпиаданын алдында Париждин транспортуна диверсия жасалды
Париж Олимпиадасынын ачылыш аземине бир нече саат калганда, жогорку ылдамдыктагы темир жол тармагынын бир нече жеринде зымдар өрттөлүп, каттамдар үзгүлтүккө учурады.

Сүрөттүн булагы, AFP
Франциянын темир жол компаниясы өлкөнүн ар кай жериндеги объектилери - темир жолдор менен вокзалдар вандализмге кабылганын билдирди. Кээ бир жерлерде өрт болгону айтылууда.
SNCF темир жол компаниясы жогорку ылдамдыктагы темир жол тармагын үзгүлтүккө учуратуу аракетин "кара мүртөздүк" деп сыпаттады.
Париждин батыш, түндүк жана чыгыш тарабына кеткен бир нече каттамдар үзгүлтүккө учурады. Бирок бийлик түштүк багытындагы төртүнчү чабуулду токтотуп кала алды.
Андан 800 миң жүргүнчү жабыркаган. Компания мүчүлүштүк бир аптага созулушу мүмкүндүгүн эскертти.
Франциянын премьер-министри күнөөлүүлөрдү таап жазалоо максатында полиция менен чалгын кызматы биргеликте иш алып барып жатканын кабарлады.
Парижде жүргөн Би-Би-Си кабарчысы Кэти Горналл жол тармагындагы үзгүлтүктөн улам Париждеги темир жол станцияларында башаламандыктар болгонун кабарлады.
"Темир жол линияларын туташтырган түйүндөргө өрт коюлгандан кийин Еurostar поезддери токтотулуп же кечигип, жүз миңдеген жүргүнчүлөр жабыркаганы, бул кимдир бирөө тарабынан атайын пландалган чабуул болгону айтылды".
Ачылыш аземине саналуу сааттар калган Олимпиада оюндары менен анын байланышы бар экени түшүнүктүү. Бирок мындай окуя, Олимпиаданы көргөнү барган күйөрмандар үчүн башаламандык жаратууда.
"Азыр биз Париж 2024 Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары менен байланыштык. Алар "Темир жол тармагынын Атлантика, Түндүк жана Чыгыш линияларына жабыркаганы тууралуу кабарыбыз бар. Окуянын кесепетин аныктоо үчүн темир жол оператору менен тыгыз кызматташып жатабыз деп жооп беришти",-дейт кабарчыбыз.












