Мерц: Украинага берилген куралдарга коюлган чектөө алынат

Мерц

Сүрөттүн булагы, Paulius Peleckis/Getty Images

АКШ, Германия, Улуу Британия жана Франция Украинага жеткирилип жаткан курал-жаракты алыс аралыкка колдонбоо боюнча мурда коюлган чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу Германиянын канцлери Фридрих Мерц билдирди.

Мерц WDR телеканалы өткөргөн форумда сүйлөп жатып: "Украинага берилген куралдардын алыска атуу мүмкүнчүлүгүнө эч кандай чектөө жок. Британ тарап да, француз тарап да, биз да, америкалыктар да чектөөнү алып таштады", – деди.

"Бул Украина эми өзүн коргоого укугу бар дегенди билдирет. Мисалы, Орусиядагы аскердик объектилерге да сокку урууга мүмкүнчүлүгү бар", – деп кошумчалады ал.

Азырынча Украина бийлиги да, анын союздаштары да бул билдирүүлөр боюнча комментарий бере элек.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул чечим кырдаалды жөнгө салуу аракетине каршы келерин айтты.

"Эгерде мындай чечим чынында эле кабыл алынган болсо, бул маселени саясий жол менен чечүүгө багытталган аракеттерибизге каршы келиши мүмкүн", — деди ал.

Москва Киев менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө даяр экенин билдирип келет. Бирок орусиялык аткаминерлер Украина аткара алгыс шарттарды коюшууда. Алардын арасында аннексияланган аймактарды таануу талабы да бар. Ошондой эле президент Володимир Зеленскийдин легитимдүүлүгүнөн да күмөн санап келишгет.

ATAСMS ракеталарынын алыска уча турган түрү дагы бар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ATAСMS ракеталарынын алыска уча турган түрү дагы бар

Зеленский Германияга барабы?

Мурда Германия Украинага Орусиянын аймактарына алыстан атылуучу ракеталар менен сокку урууга расмий түрдө уруксат берген эмес. Киевдин өнөктөштөрү Москва чыңалууну курчутуп жибериши ыктымал деп чочулап, Украинага алыскы аралыктан атылуучу курал-жарак берүүдөн баш тарткан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Der Spiegel журналы шаршемби күнү Украина президенти Владимир Зеленский Берлинге барары күтүлүп жатканын жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Мерц менен Зеленский орус-украин сүйлөшүүлөрүн, Евробиримдиктин Орусияга каршы жаңы санкциялар топтомун жана Украинага бериле турган мындан аркы аскердик көмөктү талкуулоону көздөп жатышат.

Ал бир нече жолу Киевге бериле турган аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтүүнү, анын ичинде Taurus аттуу алыска учуучу канаттуу ракеталарды берүүнү сунуштаган. Бирок бул ракеталарды жеткирүүгө Германия канцлери Олаф Шольцтун өкмөтү бөгөт койгон.

Taurus ракеталары 500 чакырым аралыкка чейин учуу алат. Ал Орусиянын европалык аймагындагы көпчүлүк региондорду, анын ичинде Москваны кыйратууга кудуреттүү.

Улуу Британия Украинага Storm Shadow аттуу канаттуу ракеталарды жеткирип жатат, ал эми Франция SCALP ракеталарын берүүдө.

Буга чейин айрым ЖМКлар Лондон менен Париж Киевге бул ракеталарды Орусиянын аймагындагы буталарды атуу үчүн колдонууга уруксат бергенин жазышкан, бирок бул маалымат расмий түрдө тастыкталган эмес.

Ошол эле учурда Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Киев Батыштан барган куралдарды кантип колдонорун өзү чечиши керек экенин айткан.

АКШ Украинага ATACMS баллистикалык ракеталарын жеткирип жатат. Көптөгөн америкалык маалымат каражаттары өз булактарына таянуу менен 2024-жылдын ноябрында Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Украинага ATACMS ракеталары менен Орусиядагы буталарга сокку урууга уруксат бергенин жазышкан.

Учурдагы АКШ президенти Дональд Трамп бул чечимди катуу сындаган. Бирок бул сөздү кызматка киришерден мурун жана Путин жөнүндө "акылынан такыр адашкан" деген билдирүү жасаганга чейин айткан.

Вашингтон азырынча Мерцтин билдирүүлөрүнө расмий жооп бере элек.

Москванын Кызыл аянтындагы парад. 2025-жыл

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Москванын Кызыл аянтындагы парад. 2025-жыл

Аба чабуулдарынан коргонуу

Украина Орусиянын абадагы артыкчылыгына каршы туруу үчүн АКШдан согуштук учактарды сураган.

2023-жылдын май айында президент Жо Байден АКШда жасалган F-16 согуштук учактар менен камсыз кылууга башка мамлекеттерге уруксат берген. Дания менен Нидерланддар мындай учактарды берүүгө макул болгон.

Украин учкучтары аларды башкарууну Батыштын 11 өлкөсүндө үйрөнүп келишкен.

Президент Зеленский жакында эле Украина батыш өлкөлөрү жиберген F-16 согуштук учактарын Орусия учурган ракеталарды атып түшүрүүгө колдонгонун, соңку учурда ракеталык чабуул күчөгөндүктөн согуштук учактар көп керек болуп жатканын айткан. (АА)