"Чарчаганча күрөшүү": Грузин өкмөтүн сынаган 100 күн

митинг

Сүрөттүн булагы, Jerome Gilles/NurPhoto

2024-жылдын күзүндө Грузияда парламенттик шайлоо өтүп, өкмөттүн жаңы курамы бекитилген. Ошол эле замат премьер-министр Ираклий Кобахидзе Евробиримдикке кошулуу боюнча сүйлөшүүлөр төрт жылга токтотулганын жарыялаган. Бул элдин жапырт нааразылыгын жараткан жана акциялар 100 күндөн бери уланып келе жатат.

10 жыл мурун Грузия демократиялык реформаларды жүргүзүү боюнча чөлкөмдө лидер атыккан. Бир жыл мурун өлкө Евробиримдикке кирүүгө талапкер деген макам алган.

7-мартта "Грузин кыялы" түзгөн өкмөт өз ишин баштаганына 100 күн толду. Ошондон бери бийликтин саясатына макул болбогон демонстранттардын соту дээрлик күн сайын өтүп жатат. Парламент мыйзамдарды тез жана түп-тамырынан бери өзгөртүп, жарандардын бийликти сынга алуу укугун чектеп, нааразылык өткөрүү мүмкүндүгүн азайтууда.

Грузиндердин көбү дагы эле Евробиримдикке кошулууну колдойт. Талдоочулар өлкө башка постсоветтик-авторитардык өлкөлөрдөн айырмаланып турганы менен демократиялык баалуулуктарды бийик туткан дүйнөдөн тездик менен алыстап баратканын белгилешүүдө.

Бийликтин саясаты европачыл маанайдагы жарандардын болуп көрбөгөндөй нааразычылыгын жаратууда. Айып пул салынып, жарандар камалып жатканы менен нааразылык акциялары 100 күндөн бери токтой элек.

митинг

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Митингдерди чектөө аракети

Былтыр декабрь айынан бери парламент эки жолу ыкчам түрдө мыйзамдарды өзгөртүп, демонстрация өткөрүүгө чектөө киргизип, жазаны катаалдаштырды. Натыйжада камакка алуунун максималдуу мөөнөтү төрт эсеге – 60 суткага чейин, айып пул айрым учурларда 10 эсеге көбөйтүлдү.

Грузин укук коргоочулары мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр антиконституциялык жана репрессиялык экенин белгилешүүдө.

Европа Кеңешинин конституциялык органы болгон Венеция комиссиясы бийликке мыйзамды кайра карап чыгууну сунуштады. Бирок грузин бийлиги буга көнчүдөй эмес.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Комиссия бул боюнча корутунду даярдап жаткан учурда башкаруучу партиянын өкүлдөрү баяндаманын авторлору менен онлайн жолугушуудан баш тартышкан.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе баяндама жарыялангандан кийин комиссияны "согуштун дүйнөлүк партиясынын кызыкчылыгы үчүн иштеген жеңил-желпи структура" деп атады.

"Биз алардын корутундусун олуттуу кабыл ала албайбыз", – деген Кобахидзе.

Грузин бийлигинин реакциясы таң калыштуу болгон жок. Катаал мыйзамдар кабыл алынып, нааразылык акциялары күч менен басыла баштагандан кийин Тбилиси менен Евробиримдиктин мамилеси кыйла начарлап кетти.

Европадагы көптөгөн өлкөнүн лидерлери башкаруучу партияны парламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттукташкан эмес. Алар шайлоо учурунда болгон мыйзам бузууларды текшерүүнү талап кылышкан.

Январдын аягында Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) жаңы парламенттик шайлоо өткөрүү жана саясий тутукундардын баарын бошотуу шарты менен грузин делегаттарынын мандатын бекиткен.

Грузин делегациясы буга жооп кылып, ассамблеядагы ишин токтоторун айтып, коюлган шарттарды шантаж жана өлкөнүн эгемендигине шек келтирүү деп атаган.

Азыр парламентте башкаруучу партияга каршы чыга турган эч ким жок. Оппозиция 26-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, мандат алуудан баш тарткан

Сүрөттүн булагы, Parliament of Georgia/facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азыр парламентте башкаруучу партияга каршы чыга турган эч ким жок. Оппозиция 26-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, мандат алуудан баш тарткан

Кайрадан "чет элдик агенттер"

Жаңы кабыл алынган мыйзамдар нааразылык акцияларына тыюу салуу менен эле чектелген жок. Депутаттар азыр жарандык секторду жана маалымат каражаттарын бутага алууда.

Азыр парламентте башкаруучу партияга каршы чыга турган эч ким жок. Оппозиция 26-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, мандат алуудан баш тарткан. Алардын ордун "Грузин кыялынын" тизмеси менен шайланып, бирок андан чыгып кетип, өздөрүнүн саясий топторун түзгөн депутаттар ээлеген. Бийликтеги партия азырынча алардан курч сын-пикир уга элек.

Мындай кырдаал башкаруучу партияга "майдай" жагууда.

"Соңку 20 жылда биринчи жолу жамааттык улуттук кыймыл Грузиянын парламентине көрсөтүлгөн жок. Бул өлкөнүн демократиялык системасынын тоскоолдуксуз өнүгүшү үчүн абдан маанилүү. Радикализмсиз демократиялык системабыз ылдам өнүгөт, экономикалык прогресс, деги эле бардык багыттар боюнча өнүгүү үчүн тоскоолдуктар алда канча азаят", – деген Кобахидзе өкмөттүн 24-февралдагы жыйынында.

2023-жылы грузин парламенти Орусиянын "чет элдик агенттер" мыйзамына окшош "Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө" мыйзамды кабыл алган. Көптөгөн нааразылыктан кийин ал жокко чыгарылган. Бир жылдан кийин ушул сыяктуу мыйзамды "Грузин кыялы" сунуштаган. Каршылык акцияларына жана Брюссель менен Вашингтондун сынына карабай, мыйзам кабыл алынган.

Көптөгөн бейөкмөт уюм жана жалпыга маалымдоо каражаттары "чет элдик агент" катары каттоодон өтүүдөн баш тартышкан. Алар бул мыйзамды шылдың катары кабыл алышкан.

Бийлик кабыл алынган мыйзам натыйжасыз болгонун айтып, аны башка документ менен алмаштырганы жатат. Эл өкүлдөрү ал экинчи дүйнөлүк согушка чейин кабыл алынган "Чет элдик агенттерди каттоо жөнүндөгү" америкалык мыйзамга окшош экенин билдиришүүдө.

Премьер-министрдин айтымында, парламентте оппозициянын жоктугу Грузиянын өнүгүшүнө пайда алып келет

Сүрөттүн булагы, Georgian Prime Ministry / Handout/Anadolu

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Премьер-министрдин айтымында, парламентте оппозициянын жоктугу Грузиянын өнүгүшүнө пайда алып келет

Укук коргоочулардын айтымында, АКШда мыйзамдын таасири чектелүү жана жарандык уюмдардын көбүнө тиешеси жок. Бирок Грузиянын шартында бул мыйзам репрессиянын жаңы куралы болуп калышы мүмкүн.

"Эгер бул чет элдик агенттерди каттоо жөнүндө" мыйзамдын аналогу болсо жана алар бул мыйзамдын духун колдонгулары келсе, анда мунун жарандык уюмдарга тиешеси жок. Бирок албетте, алардын ниети – жарандык коомго тиешелүү бардык типтеги уюмдарды тизгиндөө. Мындай репрессиялык шартта Грузияда жарандык уюмдардын иштөөсү мүмкүн болбой калат", – деди Грузиядагы Жаш юристтер ассоциациясынын төрагасы Нона Курдованидзе.

Бейөкмөт уюмдардын тоскоолдуксуз иштөөсү жана алардын мыйзам чыгаруу жараяндарына катышуусу Грузиянын Евробиримдикке кирүүсүндө негизги шарттардын бири болгон.

Бирок "Грузин кыялынын" демилгеси менен бейөкмөт уюмдардын мыйзам чыгаруу жараяндарына милдеттүү түрдө катышуусу тууралуу жобо жокко чыгарылууда.

ЖМКлар жөнүндө мыйзамдарды өзгөртүүгө өзүнчө даярдык көрүлүп жатат. Ага ылайык, теле жана радиокомпанияларды тыштан каржылоого тыюу салынат.

Демилгени сынга алгандар бул мыйзам долбоору көз карандысыз маалымат каражаттарына цензура жана кысым көрсөтүү үчүн колдонуларын айтып жатышат.

Укук коргоочулардын айтымында, демонстрациялардын алгачкы он күнүндө 300дөн ашык киши полициянын зордук-зомбулугунан жапа чеккен. Бул үчүн укук коргоо органдарынын бир дагы кызматкери жоопкерчиликке тартылган эмес

Сүрөттүн булагы, Mirian Meladze/Anadolu

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Укук коргоочулардын айтымында, демонстрациялардын алгачкы он күнүндө 300дөн ашык киши полициянын зордук-зомбулугунан жапа чеккен. Бул үчүн укук коргоо органдарынын бир дагы кызматкери жоопкерчиликке тартылган эмес

Грузия менен Батыштын алакасы

Дональд Трамп президент болуп келгенден кийин Грузия-АКШ мамилелери калыбына келерине, анын ичинде бир катар чиновниктерге жана башкаруучу партиянын негиздөөчүсү, миллиардер Бидзина Иванишвилиге каршы киргизилген санкциялардын алынышына үмүттөнүүдө.

Евробиримдик мурда дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режимди токтоткон. Бирок Венгрия менен Словакия макулдук бербегендиктен, грузин чиновниктерине каршы санкция киргизүү боюнча чечим кабыл алынган эмес. Натыйжада айрым өлкөлөр жеке чектөөлөрдү киргизишкен.

Улуу Британия былтыр декабрда Грузиянын ички иштер министрлигинин бир катар чиновниктерине, анын ичинде министрге санкция салган.

Батыштын санкциялары бийликке кысым көрсөтүүнүн кошумча куралы болушу мүмкүн. Талдоочулар өкмөттүн азыркы багытын өзгөртө турган негизги күч – Грузиядагы ички каршылык экенин белгилешет.

Саясат таануучу Гия Нодиянын айтымында, нааразылык акциялары бийликке ыңгайсыздык жаратып жатат, бирок алар сыр бербегенге аракет кылууда. Азыр абал башкаруучу команда менен бюрократиялык аппараттын ынтымагынан көз каранды болуп турат.

"Көптөгөн чиновниктер адегенде ачык эле нааразылыгын билдиришкен. Мындай аракет жазасыз калбай турганын эскертүү үчүн азыр алардын көбүн иштен алышууда. Бийликтин башкы максаты – бюрократиялык аппарат менен алардын тарапташтарын наркы жээке өткөрүп жибербөө", – дейт Гия Нодиа.

Былтыр декабрда парламент мамлекеттик секторду кайра уюштурууну жөнөкөйлөштүргөн мыйзам долбоорун кабыл алган.

Transparency International Georgia уюмунун такталбаган маалыматтарына ылайык, мыйзамга өзгөртүү киргизилгенден кийин 400дөй мамлекеттик кызматкер иштен алынды.

Алардын арасында Грузиянын Евробиримдикке киришин ачык колдогондор да бар.

митинг

Сүрөттүн булагы, Jerome Gilles/NurPhoto

Мындан ары эмне болот?

Социалдык изилдөөлөр институтунун (ISSA) аткаруучу директору, социолог Яго Качкачишвилинин айтымында, азырынча репрессиялык механизмдер "Грузин кыялына" пайда алып келген жок. Шайлоодон кийин башкаруучу партиянын рейтинги төмөндөп кетти.

Уюмдун быйыл январь айында жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, калктын үчтөн бир бөлүгү гана бийликтеги партияны колдой турганы белгилүү болгон.

Качкачишвили "Грузин кыялынын" рейтингинин төмөндөшү өлкөдө авторитаризмдин күчөшүнө байланыштуу деп эсептейт:

"Биздин коом, өзгөчө жаш муун европалык демократиянын стандарттары менен чоңойду. Кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар болду. Бирок биз өнүгүүнүн европалык жолуна түшүп, европалык институттарды жана механизмдерди түзүүгө бет алганбыз".

ISSA сурамжылоосуна ылайык, респонденттердин 86% Грузиянын Евробиримдиктеги келечегин колдойт.

Гия Нодианын баамында, Грузияда 28-ноябрда башталган нааразылык акцияларын катаал жана тез басуудан натыйжа чыккан жок. Эми бийлик коркутуу, камакка алуу жана айып салуу сыяктуу узак мөөнөттүү тактикага өттү.

"Азыр алар нааразылык акцияларын дароо басууга күч үрөбөй, митингге чыгуу жолдорун татаалдаштырып, демонстранттарды чарчатуунун жолдорун издешүүдө. Ошол эле учурда алар репрессиялык мыйзамдарды кабыл алуу менен келечекте эч ким мындай кадамга барбай тургандай ыкмаларды колдонуп жатышат", – дейт Гия Нодиа.

Анын айтымында, бийликтин жаңы тактикасы азырынча жемиштүү болгон жок. Тбилисиде жана башка шаарларда нааразылык акциялары уланууда. Ошол эле учурда көп күндүк нааразылык акцияларынан жыйынтык чыкпагандыктан, митингден көңүлү калган демонстранттар да көбөйүүдө.

"Биз митингчилердин шаабайы сууду деп айта албайбыз, бирок оптимизм да күчөгөн жок. Андыктан азырынча эч нерсе чечиле элек. Сабырдуулуктун жана чыдамкайлыктын согушу уланууда", – дейт Нодиа. (АА)