Пригожин кантип Украинадагы согуштун жүзү болуп калды?

Россиянын президенти Владимир Путин “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсүнүн кыйраган учагында каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

«Пригожинди мен көптөн бери, 90-жылдардын башынан бери билем. Бул тагдыры татаал адам эле, жашоосунда олуттуу каталар болду, керектүү натыйжаларга да жетишти. Өзү үчүн дагы, мен андан жалпы иш үчүн суранганда дагы, соңку айларда болгон иштер сыяктуу. Таланттуу адам, таланттуу ишкер эле»,-деди президент.

Буга чейин Пригожиндин кырсыкта каза тапканы расмий айтылбай келди.

Пригожинге тийиштүү бизнес-джет шаршембиде кечинде Твер областындагы Куженкино кыштагынын жанынан кыйроого учурады. Анын бортунда Евгений Пригожин деген жүргүнчү бар болгонун Росавиациядан бат эле кабарлашты. Ошондой эле жүргүнчүлөрдүн арасында «Вагнердин» командири Дмитрий Уткин да болгону айтылууда.

Бир жарым жылдан бери жүрүп жаткан Украинадагы согушта Евгений Пригожиндин орус бийлигиндеги статусу бир нече жолу кескин өзгөргөн.

2023-жылдын жазында орус бийликтери мамлекеттин Пригожинге же ал түзгөн Вагнер тобуна эч кандай тиешеси жок деп билдиришкен. Бул таң калыштуу деле эмес – анткени формалдуу түрдө, мындай куралдуу түзүлүштөр мыйзамсыз. Бирок жай айларында көп жылдар бою жеке аскердик компаниядар тууралуу сөз кылуудан оолак болуп келген мамлекеттик маалымат каражаттарында Петербургдук бизнесмен чогулткан жалданма аскерлер согушка катышып жаткандыгы тууралуу маалыматтар чыга баштады.

Андан соң Пригожин жүзүн жашырбастан, орус түрмөлөрүн кыдырып, Украинага жиберүү үчүн камактагыларды үгүттөй баштады – макул болгондорго Владимир Путин өзү ырайым кылды. Күзүндө Кремлдин Вагнер менен байланышын бир нече жолу четке каккан орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Пригожинди "болуп жаткан окуяларга жан дили менен күйгөн" жана Украинадагы аракеттерге "чоң салым" кошкон адам деп атаган.

Андан кийинки окуялар ого бетер тездик менен өнүктү. Ноябрда “Вагнер борбору” Санкт-Петербургда чоң салтанат менен ачылды. Ошол эле маалда туткундан кайтып келген Вагнердин мурдагы жоокери Евгений Нужиндин эл алдында өлүм жазасына тартылган окуясы өнүгүп жаткан. Нужинди барскан менен уруп өлтүрүшкөн, кийин жалданма жоокерлер барсканды өздөрүнүн символуна айландырышкан. Ошол кезде Кремль "биздин бул менен ишибиз жок" деп жооп берген.

Жаңы жылдын алдында Путин мурда абакта отурган Вагнердин жалданма жоокерлеринин бирине сыйлык тапшырды. Ал эми январь айында Украинанын Соледар шаарын басып алгандан кийин Коргоо министрлиги биринчи жолу Пригожиндин жоокерлери согушка катышып жатканын расмий түрдө ырастаган.

Ошол эле учурда Пригожиндин жүрүм-туруму кеңири масштабдагы кол салуунун башка негизги каармандарынан такыр бөлөкчө болгон.

Бийликтер жана массалык маалымат каражаттары “Вагнер” тобун жашырбай калгандан бери Пригожин аскер кызматкерлерин ого бетер катуу сындай баштаган. Анын армия менен тирешүүсүнүн тарыхы Сириядагы согушка барып такалат - Би-Би-Си ошондо да вагнерчилер Коргоо министрлигинин жеке аскердик компанияларды көзөмөлгө алуу аракеттерине нааразы болгонун кеңири баяндап берген.

Былтыры күздө Украинанын контр-чабуулунан кийин Херсон жана Харьков облустарында орус аскерлери оор жеңилүүгө учураганда, Пригожин армияны эң катуу сындагандардын бири болгон. Бирок, ал кезде бийлик жалпысынан армияны сындагандарды тыйбагандай көрүнгөн – Коргоо министрлигин ошол учурда башка да көптөгөн адамдар, мисалы, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров да сынга алган. Бирок бул жаатта Пригожин баарынан алдыга кетти.

Кышында "Вагнердин" негиздөөчүсү Коргоо министрлигинин жетекчилиги Украинанын чыгышындагы салгылашууларда жалданма аскерлердин сиңирген эмгегин таануудан баш тартты деп ачык нааразы боло баштады. Ал эми февраль айында аскер жетекчилиги - коргоо министри Сергей Шойгу жана Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов - "снаряд тартыштыгын" жасалма түрдө жаратып, Бахмутка чабуул коюу үчүн “Вагнерге” жетиштүү ок-дарыларды бербей жатканын ачык айтып чыккан.

Коргоо министрлиги бул айыптоолорду четке какты. Пригожин ошол бойдон токтоп калган жок. Ал Вагнер менен байланышкан көптөгөн телеграм каналдарына калтырган видеолор жана аудио билдирүүлөр барган сайын катаал боло баштады.

Кайсы бир учурда чыр-чатак жеке тирешке айланды – Пригожин Сергей Шойгуну такай сындай баштады. Бул тирештин фонунда, Вагнер түрмөдөгүлөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылып – ал ишти армия өз колуна алды.

Май айында Пригожин аскер кызматкерлерине ультиматум коюп, командачылыкты сөгүп, эгерде ага снаряддар берилбесе, Бахмуттан согушкерлерин чыгарып кетерин айтып коркуткан. Абалды жөнгө салуу үчүн Орус аскерлер тобунун мурдагы командири генерал Сергей Суровикин жиберилген, бирок ал Пригожиндин армия менен мамилесин оңдой алган эмес.

Пригожин Бахмуттан кетем деген коркутуусун дароо ишке ашырган жок, бирок көп узабай жалданма аскерлер ал жактан чындап эле чыгып кетишкен – алар шаарды ээлеп бүтүп, орус армиясынын регулярдуу бөлүктөрүнө өз позицияларын тапшырганын жарыялашкан.

"Акыйкаттык маршы"

Акыры кырдаал 23-июнга караган түнү толук көзөмөлдөн чыкты. Анда Пригожин Сергей Шойгуну “Вагнердин” талаа лагерлерине сокку урууга буйрук берген деп айыптаган (мындай сокку уруу чын эле болгондугу тууралуу эч кандай далил жок). Ошондон кийин ал Москвага “Акыйкат маршы” менен барарын жарыялады.

Ошол кезде Би-Би-Синин жана башка ЖМКлардын маектештери мындай айласыз кадамды бизнесмендин “жини кайнап кеткени” менен түшүндүрүшүп, ал ушундай жол аркылуу аскерлер менен болгон жаңжалына Владимир Путиндин көңүлүн бурууга аракет кылган деп билдиришкен.

Эртең менен жалданма аскерлер Ростов-на-Донудагы укук коргоо органдарынын имараттарын басып алышкан. Генералдар Юнус-Бек Евкуров менен Владимир Алексеев вагнерчилердин туткунунда калышкан. Пригожиндин каналдары ал Герасимов менен Шойгуну өткөрүп берүүнү талап кылган видеону жарыялашкан. Ошол эле учурда, жалданма аскерлердин экинчи колоннасы Москваны көздөй жылып, эки тик учакты жана бир учакты атып түшүргөн (бардыгы болуп Вагнердин согушкерлери, ар кандай булактар боюнча, ош бешке жакын орус жоокерин өлтүрүшкөн).

ФСБ Пригожинге каршы куралдуу козголоң уюштуруу фактысы боюнча иш козгогон. Владимир Путин атайын кайрылуусунда түздөн-түз Пригожинди (анын атын атабай туруп) өлкөнүн далысына бычак сайган чыккынчы деп атап, козголоңдун бардык катышуучулары жазаланат деп убада кылды. Москвада, Москва облусунда жана Воронеж облусунда антитеррордук операция режими киргизилди.

Бирок 24-июнь күнү кечке жуук кырдаал капысынан оңолду. Пригожин колонналарды токтотуп, Ростовдон чыгып кетти. Кремль бизнесменге жана башка вагнерчилерге кааласа Беларуска "кетүүгө", ал эми калган согушкерлерге армия менен келишим түзүү же үйлөрүнө кайтуу сунушталаарын жарыялады.

Бир нече күн Пригожиндин кайда экени табышмак болуп турду. Анан 29-июнда Путин Пригожин жана башка Вагнердин командирлери менен жеке жолукканы белгилүү болду. Кийинчерээк президент өзү сүйлөшүү учурунда согушкерлерге командирлердин биринин кол алдында кызмат өтөөгө сунуш кылганын жана алар макул болушканын айтты, бирок Пригожин бул вариант аларга туура келбейт деп билдирди.

Би-Би-Си менен болгон маегинде “Вагнер” аскердик тобунун мүчөлөрү да согушкерлер армиянын көзөмөлүнө өтүүнү каалабай турганын айтышты.

Пригожиндин жалданма жоокерлери Украинадагы фронтко кайтып барышкан жок. Бирок бизнесменди Орусиядан чыгаруу да, кыязы, ишке ашкан жок. Акыркы эки айдан бери жалпыга маалымдоо каражаттары Пригожин менен байланышкан учактар Минск, Санкт-Петербург жана Москванын ортосунда кандай учуп жатканын дээрлик күн сайын байкап жатышкан. Ошол эле маалда бизнесмендин өзү да социалдык тармактарга постторду азырак жазып калган.

Июль айынын аягында Пригожинге байланышы бар каналдар аны Орусия-Африка саммитинде көрүшкөнүн айтышкан. Вагнердин Африкадагы көптөн берки кызыкчылыктарын эске алуу менен, көптөгөн серепчилер муну Пригожин өзүнүн ишмердүүлүгүн ал жакка алып бара турганынын белгиси катары кабыл алышты.

Чынында эле, Тверь облусунда учак кулагандан эки күн мурун социалдык тармактарда Африка өлкөлөрүнүн биринен Пригожиндин видео кайрылуусу пайда болгон.

"ИГИЛ, "Аль-Каида" жана башка бандиттердин үшүн алып жатабыз", - деди бизнесмен анда. Бул анын ушул кезге чейинки акыркы ачык билдирүүсү бойдон калууда.

Пригожиндин бизнеси жана “Вагнерди” каржылоо

Козголоңдон кийин Владимир Путин Пригожин “Вагнер” аскердик тобу мамлекеттик келишимдер аркылуу акча алып турганын биринчи жолу ырастады. “Баарыбыз бул тууралуу билип алсак. “Вагнер” тобунун толук курамы мамлекет тарабынан, Коргоо министрлигинен, мамлекеттик бюджеттен камсыз болгон, биз бул топту толугу менен каржыладык”, - деди президент. Чындыгында болсо, буга эч кандай мыйзамдуу негиздер жок болчу, анткени жеке аскердик компанияларга, мыйзамда каралбаган башка куралдуу түзүлүштөр сыяктуу эле, Орусияда тыюу салынган.

Ыктыярдуу батальондор гана Коргоо министрлиги көзөмөлдөгөн структуралар катары былтыр ноябрда мыйзамдаштырылган. Путин болсо, “Вагнер” орус армиясынын солдат жана офицерлерине тийешеси жок, “согушкерлер жана командирлер” кызмат өтөгөн аскердик түзүлүш экенин баса белгиледи.

Путиндин айтымында, былтыры мамлекет Вагнерге жана, кыязы, жарадар болгондорго жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 200 миллиард рублга жакын акча төлөп берген.

Кремлди жактаган пропагандист Дмитрий Киселев федералдык орус телеканалы аркылуу “Вагнер” аскердик компаниясы өкмөттүк келишимдер аркылуу “триллион рублга чейин” алганын айтты.

Путиндин сөзүнө ылайык, Пригожиндин “Конкорд” аттуу компаниясы “Вагнерди” каржылоо схемасына кошулуп, Коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдери аркылуу миллиарддаган киреше тапкан. Пригожин өзүнүн басма сөз кызматы тарабынан Коргоо министри Сергей Шойгуга жазган катында “Конкорд” жоокерлерди ичирип-жедирген компаниялар тобун башкарат жана кирешеси аркылуу Сирия, Африка жана Араб өлкөлөрүндөгү долбоорлорду каржылайт деп ырастады.

Бирок Пригожиндин түзүмдөрүнүн мамлекет менен түзүлгөн келишимдеринин тизмеси алда канча кеңири болгон – ал аскерий шаарчаларды жана башка мамлекеттик объектилерди курган, казармаларды тейлеген, мектеп окуучуларынын жана Кремлдеги банкеттердин катышуучуларынын тамак-ашына да сарпталган.

“Фонтанканын” айтымында козголоң болгон күнү коопсуздук күчтөрү Пригожиндин үйүн тинтүү учурунда, накталай акчаларды жана ар кандай номиналдык фирмалардын алты жүз мөөрүн табышкан. “Вагнердин” негиздөөчүсү өзү бир “Газель жана эки автобус” накталай акча бар экенин тастыктап, вагнерчилерге дайыма накталай акча төлөгөнүн жана бул “баарына жакканын” билдирген.

Эксперттер бийлик менен макулдашылган бүдөмүк схемаларсыз мындай көлөмдөгү каражаттарды накталай берүү мүмкүн эмес деп түшүндүрүштү.

"Мен бул иштердин жүрүшүндө эч ким эч нерсе уурдаган эмес же, уурдаса да азыраак уурдады деп үмүттөнөм, бирок, албетте, биз мунун баарын териштиребиз", - деп эскертти Путин.

Би-Би-Си менен маектешкен юристтер муну Пригожин “экономикалык” берене боюнча кылмыш жообуна тартылаарын түздөн-түз эскертүү катары баалашты.

Би-Би-Синин маектештери бул иш сыртынан козголушу мүмкүн экенин айтышкан.

Бирок көп өтпөй Пригожин Орусияга учуп келип эле тим болбостон, Кремлде Путин менен жолукканы – бул тууралуу президент өзү ачык айтканы белгилүү болду.

Пригожин менен Уткиндин “Эгиздери”

“Вагнер” аскердик тобунун негиздөөчүсүнүн да, вагнерчилердин командиринин да “эгиздери” болгон — алар Евгений Викторович Пригожиндин жана Дмитрий Валерьевич Уткиндин наамына паспорт алып, расмий түрдө алардын фамилиясын, атын жана атасынын атын алган жарандар.

“Эгиздер” тууралуу соттун хроникасынан билинчү, же алар жеке маалыматтарынын өзгөргөнүн Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттаган болсо белгилүү болчу. Мурда Леонид Красавин болгон бир “эгиздин” туулган күнү Пригожиндикине окшош эле. Бирде ММКлар Пригожин Литвага учуп келди деп болжошкон, ал кезде бизнесмен өзү санкциялардын астында болгон.

Литванын Мамлекеттик коопсуздук департаментинин башчысы Дариус Яунискис "Азаттык" радиосуна берген маегинде бул операцияны Евробиримдиктин жана европалык чек арачылардын алсыздыгын көрсөтүү үчүн орусиялык атайын кызматтар даярдаган деп билдирди.

Дмитрий Уткиндин адашы Пригожинге таандык Concord Management and Consulting компаниясын бир нече ай жетектеген, андан кийин ал кайра өзүнүн мурдагы атын алган. Пригожиндин адаштары да ошондой кылышкан, бирок Твердин жанындагы авиакырсык маалында “Вагнердин” эки лидери “эгиздерин” пайдалана алыштыбы -жокпу, белгисиз.

Козголоң болгон күнү күч органдары Пригожиндин үйүн тинтүү учурунда башка адамдардын атына берилген, бирок анын сүрөтү коюлган жасалма паспортторду табышкан. Кээде аларда көрсөтүлгөн жеке маалыматтар чыныгы адамдарга таандык болгон. Тактап айтканда, Пригожин башка ат менен SOGAZ медициналык борборунун VIP пациенти болгон.

Көтөрүлүштөн кийин Пригожин Белоруссияга кеткенин жарыялаганы менен, Санкт-Петербург менен Москвага келип турган. «Нью-Йорк Таймс» гезити июль айында Пригожин өз кыймылын жашыруу үчүн “эгиздерди” колдонот деген Пентагондун версиясын жазган. (DO)