Каддафинин миллиондору Саркозини түрмөгө түшүрдүбү?

Францияны 2007-2012-жылдары башкарган президент Николя Саркози

Сүрөттүн булагы, Remon Haazen/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Францияны 2007-2012-жылдары башкарган президент Николя Саркози
    • Author, Жорж Райт менен Хю Шофилд

Францияны 2007-2012-жылдары башкарган президент Николя Саркози беш жыл абак жазасына кесилди. Мындай чечим ал Ливиянын мурдагы башчысы Муаммар Каддафи менен көмүскө бүтүмгө барып, миллиондогон евро алды делген иш боюнча күнөөлүү деп табылгандан кийин чыккан.

Париждин кылмыш соту Саркозини пара алуу жана шайлоо өнөктүгүн мыйзамсыз каржылоо сыяктуу башка иштер боюнча актаган.

Аталган чечим боюнча Саркози даттанарын айтууда. Бирок чечимге ылайык, ал бир топ убактысын абакта өткөрөт.

Бейшембидеги отурумдан кийин сүйлөп жатып 70 жаштагы Саркози сот өкүмү "мыйзам үстөмдүгү үчүн өтө олуттуу" болгонун айткан.

Бул иш саясий нукка бурулуп кеткенин кыйыткан Саркози 2007-жылкы шайлоо өнөктүгүндө Каддафиден каражат алып пайдаланууга айыпталган.

Иштин материалдарында маалымдалгандай, алган каражаты үчүн Саркози Каддафинин Батыштагы түшүп кеткен кадыр-баркын көтөрүүгө көмөк көрсөтөрүн убадалаган.

Судья Натали Гаваринонун айтымында, Саркози шайлоо өнөктүгүнө каржылык колдоо алуу максатында жакын жардамчыларына Ливиянын жетекчилери менен байланышууга уруксат берген.

Бирок сот шайлоо өнөктүгүн мыйзамсыз каржылоодо Саркози түздөн-түз пайда көргөнү боюнча жетиштүү далил жок деп чечим чыгарган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошондой эле ал €100,000 айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Судья чечимди окуп жатканда залда отургандар таң кала күрсүнүп жиберишти.

Саркози жакынкы күндөрү Париждеги абакка жеткирилиши ыктымал. Ага каршы ачылган башка кылмыш иштеринде жана азыркы отурумда да өзүнүн ак экенин дайым айтып келген инсан үчүн бул катуу сокку болуп калды. Ошентип, бул иштин аркасынан биринчи жолу Франциянын мурдагы өлкө башчысы камалып жатат.

"Бүгүн болгон окуя мыйзам үстөмдүгү жана сот системасына болгон ишеним жагынан аябагандай олуттуу", — деди Саркози сот имаратынын сыртында.

"Эгер алар менин түрмөдө укташымды чын эле каалап жатса, камакта уктай берем, бирок башым бийик көтөрүлгөн бойдон", — деди ал.

Иликтөө 2013-жылы ачылган эле. Анда ошол кездеги Ливиянын өлкө башчысынын уулу Саиф ал-Ислам Саркозини биринчи жолу айыптап чыгып, атасынын миллиондогон акчасын шайлоо өнөктүгүнө алганын айткан.

Кийинки жылы ливандык ишкер Зияд Такиеддин Саркозинин шайлоо өнөктүгү Триполи тараптан "мол" каржыланып турганын жана ал боюнча жазуу түрүндөгү далилдер бар экенин билдирген. Анын айтымында, суммасы €50 млн болгон каражат Саркози президент болуп шайлангандан кийин да төлөнүп турган. Такиеддин өзү көп убакытка чейин Франция менен Жакынкы Чыгыштын ортосунда арачы болуп жүргөн.

Айыпталгандардын арасында мурдагы ички иштер министрлери Клод Геан менен Брис Ортефе дагы болгон. Сот Геанды башка айыптар менен катар коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, Ортефени кылмыштык бүтүм боюнча күнөөсү бар деп чечим чыгарган.

Былтыр Саркозинин жубайы, мурдагы супермодель жана ырчы, италиялык Карла Бруни-Саркози Каддафи иши боюнча далилди жашырды жана алдамчылык кылуу максатында кылмышкерлер менен байланышты деп айыпталган. Ал эки айыпты тең четке каккан.

2012-жылы шайлоого кайра катышып утулуп калган Саркози бир нече кылмыш ишинин бутасына айланган.

Ал 2024-жылдын февралында чыккан чечимге дагы каршы апелляциялык арыз менен кайрылган. Анда сот аны 2012-жылдагы кайра шайлоо өнөктүгүнө орунсуз ашыкча акча сарптоо жана ишти жашыруу үчүн пиар фирмасын жалдоо боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ал бир жылга кесилип, анын алты айы шарттуу түрдө кыскартылган.

2014-жылы судьяны сатып алуу аракети үчүн Саркози 2021-жылы күнөөлүү деп табылып, Франциянын тарыхында абак жазасына кесилген алгачкы президент болуп калган. Декабрда Париждин аппеляциялык соту ал жазасын түрмөдө өтөөнүн ордуна бирка тагуу шарты менен үйдө өтөө чечимин чыгарган.