"Суу берем, сен электр энергиясын бер" деген милдеттемем жок". Энергетика министринин Би-Би-Сиге берген маеги
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Би-Би-Сиге эксклюзивдүү маек куруп, учурда өлкөдө эң көп талкууланып жаткан маселелер – электр жарыгынын өчүүсү, реформалар, майнинг компанияларынын иши, жаңы ЖЭБдердин курулушу жана атомдук электр станциясы боюнча айтып берди.
Би-Би-Си: Жылда күз-кыш мезгилинде Кыргызстанда электр энергиясынын маал-маалы менен өчүшү кадыресе көрүнүшкө айланды. Мындай өчүрүүлөр быйыл дагы болуп жатат. Тиешелүү министрлик адатта "пландуу өчүрүү болгон жок, ашыкча чыңалууну көтөрө албаган көмөкчү чордондор өзү өчүп жатат" деп түшүндүрөт. Быйылкы өчүүлөрдү да ошондой деп сыпаттайсыздарбы же башка дагы олуттуу көйгөйлөр барбы?
Таалайбек Ибраев: Министрликтин эң чоң милдети — элди электр энергиясы, жылуулук, газ, көмүр менен камсыз кылуу. Биз жай бою ошол кыштагы керектөөгө даярданып келебиз. Жыл сайын, мисалы, былтыр кетирген кемчиликтерибизди кышка чейин оңдоп бүтүүгө аракет кылабыз. Ошондуктан учурда ремонт иштерибиз жана даярдыгыбыз 100 пайызга жакын аяктап, 1-ноябрдан тартып кышка кирдик. "Өчүп жатат" деген сөзүңүз менен макул эмесмин. Мен күн сайын телефондон, планшетимден абалды карап турам. Күнүнө республика боюнча 2–3 жерде кыска мөөнөтүү өчүүлөр болуусу мүмкүн. Бирок ошол эле саатта оңдолуп, электр энергиясы берилүүдө. Башка өлкөлөрдөгүдөй сааттап өчүргөн жокпуз. Өчүрүүлөр кайсы жерлерде болуп жатат? деген суроо жаралышы мүмкүн. Кыргызстанда 1,5 миллион керектөөчү бар. Анын 1 миллион 400 миңи - жалпы калк. Калгандары ишканалар, кафе-ресторандар ж.б.у.с. Келишим боюнча бул абоненттерди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга милдеттүүбүз. Жогоруда айтканымдай, бирин-серин өчүүлөр бар. Учурда аба ырайы да жакшы болуп жатат. Мен айтып кеткен 1,5 миллион абоненттин 750 миңи АСКУЭ (электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу боюнча автоматташтырылган система) менен камсыз болгон. АСКУЭ орнотулган жерлерде өчүрүү жок. Башкача айтканда, сиз айткандай чыңалуу көбөйүп, өчүрүлүп жаткан учурлар АСКУЭ жок аймактарда болууда. Анткени эл жарыкты каалагандай колдонуп жатат. Кереги бар-жоктугуна карабай лампалар күйүп турат, кечинде үшүп жылыткычты күйгөзөбүз да, эртең менен жумушка өчүрбөй кетип калабыз. Мына ошондой жерлерде чыңалуу күчөп, көмөкчү чордондор аны көтөрө албай, автоматтык түрдө өчүп калып жатат.
Өзүңөр жакшы билгендей, ар бир мамлекеттик орган санарип системасына өтүү милдеттемеси менен иштеп жатат. Биз да ошол багытта берилген тапшырмалардын алкагында иштеп жатабыз. Буйруса, 2026-жылдын аягына чейин керектөөчүлөрдү 100 пайыз АСКУЭ эсептегичке өткөрүүнү пландап жатабыз. Эки жыл мурун ар бир квартал сайын инспекторлор абоненттерге кагаз квитанцияларды таратчу. Алар көп учурда кардарлардын колуна жетпей калчу да, төлөмдөрдө ар кандай мүчүлүштүктөр чыгып турчу. Азыр болсо баарыбыз телефон аркылуу колдонуп жаткан "Менин жарыгым" тиркемеси иштөөдө. Бул дагы реформа алкагында жасалган иш. Учурда төлөмдөрдүн 99,9 пайызы ушул тиркеме аркылуу кабыл алынып жатат. Мурун квитанция басып чыгарууга эле 40 тонна кагаз кетчү экен. Ал кагаздарды жогоруда айтылган 1,5 миллион абонентке квитанция жеткирүү үчүн сарптачубуз. Анын суммасы 10 миллион сомду түзчү. Мен кагаздын баасын эле айтып жатам. Андан тышкары боёк, басып чыгарууга кеткен чыгымдар канча эле. Учурда алардын баары жоюлду.
Мындан тышкары, АСКУЭ орнотулган аймактарда коммерциялык жоготуулар 3–5 пайызга чейин кыскарды. Мурун абонент төлөбөй калса, бир бригаданы алып, беш-алты киши машина менен барып, зымкарагайга чыгып, өчүрүп, төлөгөндөн кийин кайра барып күйгүзүп турчу. Алардын чыгымдары тууралуу айтпай эле коёюн. Азыр мындай нерселер артта калды.Учурда кардарлардын төлөө көрсөткүчү 100 пайыз. Дебитордук карыз деген маселе жоюлган. Эгерде абонент төлөбөй калса, "Менин жарыгым" тиркемесинин өзүнүн программасы аркылуу автоматтык түрдө өчүрүлөт. Абонент төлөгөн соң программа кайра автоматтык түрдө күйгүзүп коёт.

Би-Би-Си: Жыл сайын электр энергиясын колдонуу көбөйүп жаткандыктан, чыңалуу да жогорулап баратат. Ошол эле мезгилде жаңы ГЭСтер, көмөк чордондор курулуп, тармакта реформа жүрүп жатканын белгилеп кеттиңиз. Бирок быйыл өчүрүүлөр мурунку жылдарга салыштырмалуу эртерээк башталгандай болду. Жол чырактарга чейин өчүрүлүп, таң эрте жумушка баргандарга, айрыкча мектеп окуучуларына ыңгайсыздык жаралып жатканы тууралуу видеолор тарады. 1-ноябрдан тартып өлкө боюнча электр кубатына чектөө киргизилип, эртең мененки жана кечки убактарда калк үчүн берилген 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин төмөндөтүлдү. Бул чечимдин негизги себеби эмнеде болду?
Таалайбек Ибраев: Мындай маселени азыр жалгыз Кыргызстан эмес, жалпы дүйнө жүзү сезип жатат. Климаттын өзгөрүүсү, суунун аздыгы – бул жалпы таасир берген көрүнүш. Биздин мамлекетте эле эмес, коңшу мамлекеттерди деле карап көргүлө. Бизге окшогон тоолуу өлкө – Тажикстан. Алар да эртең менен эки саат өчүрүп, кечинде эки саат өчүрүп, бүгүнкү күндө ошондой режим менен иштей баштады. Себеби алар дагы электр энергиясынын 90 пайызын суудан алат. Түштүк тарапка бара жатканда Токтогулдун жанынан өткөндө өзүңөр деле көрүп жатсаңар керек. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл суу сактагычта суу 2 миллиард куб метрге аз. Былтыр кышка 13 миллиард 400 миллион куб метр суу менен кирсек, быйыл 11 миллиард 200 миллион кубдун тегерегинде кирдик. Былтыр жаан-чачын 107 пайыз болсо, быйыл болгону 92 пайызды түздү. Бүгүнкү күнгө чейин аба ырайы кургак болуп, дээрлик бир да жолу жаан жааган жок. Билесиңер, Кыргызстан электр энергиясынын 90 пайызын суудан, 10 пайызын Бишкек ЖЭБден алат. Бишкек ЖЭБ жылына 1 миллиард 900 миллион кВт саат берсе, калган электр энергиясынын баарын ГЭСтерден алабыз. Быйылкы план боюнча 12 миллиард 700 миллион кВт саатты ГЭСтер, 1 миллиард 900 миллион кВт саатты Бишкек ЖЭБи камсыздайт. Ошондо өлкө ичинде жалпы өндүрүлгөн энергия 14 миллиард 600 миллион кВт саатты түзөт. Андан ашык чыгара албайбыз. Бул чакан ГЭСтерди, баарын кошкондо ушундай.
Ал эми биздин керектөө 18 миллиард 935 миллион кВт саат. Демек, бизге 4 миллиард 335 миллион кВт саат энергия жетпей жатат. Өлкөнүн ичиндеги керектөөнү толук камсыздоо үчүн ошол көлөмдү коңшу өлкөлөрдөн сатып алышыбыз керек. Болбосо, Тажикстандагыдай өчүрүүгө туура келет. Суунун аздыгы боюнча дагы бир нерсени айтып коёюн. Орто-Токой, Киров, Папан – бардык суу сактагычтарды карасаңар, суунун деңгээли аз. Жайында 45 градуска чейин ысык болгон күндөрдү көрдүк. Мындай ысык мурда болгон эмес. Айрыкча быйыл абдан ысык болду. Ошол ысык мезгилде да биз электр энергиясын берип турдук. Эгер азыр 56–57 миллион кВт саат энергия колдонуп жатсак, жайында 45 миллион кВт саат колдондук. Башкача айтканда, жайында да жогорку керектөө болду. Жайында импорт кылбайбыз. Электр энегриясын биз кыш мезгилинде гана сатып алабыз. Сентябрдын аягы, октябрдан тартып коңшу өлкөлөрдөн сатып ала баштайбыз.
Быйыл суунун келиши дагы аз болду. Ошондуктан биз элден үнөмдөөнү суранып жатабыз. Эмки жазга чыгуубуз керек. Эгер азыр Токтогул суу сактагычын өтө бошотуп салсак, анда аны кантип толтурабыз? Эртең генератор иштебей калышы мүмкүн. 2021-жылдан тартып суунун аз келген мезгилин баштан өткөрүп жатабыз. Токтогул суу сактагычынын жалпы көлөмү 19 миллиард 500 миллион куб метр. Биз жок дегенде 15 миллиард куб суу менен кышка киришибиз керек. Ошондуктан элден үнөмдөөнү суранып жатабыз. Атайын чектөөлөрдү киргизген убакыт – эртең менен саат 7:00дөн 9:00гө чейин жана кечинде 18:00дөн 21:00ге чейин. Бул маалда биз өчүрүп жаткан жокпуз. Эч ким жарыксыз калган жок. Биз болгону керектөөнү 2 кВт саатка азайтып койдук. Бул болгону АСКУЭ эсептегич орнотулган жерлерде гана колдонулууда. Башка эсептегичтерге колдонууга мүмкүн эмес. Үч саатта үй муздап кетпейт.

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Өткөн жылы берген маегиңизде Кыргызстанда кубаттуулугу 30 мегаватт болгон бир гана майнинг компания иштейт дедиңиз эле. Ал дагы электр энергиясын Орусиянын "РусГидро" ишканасынан ташып келе турганын айткансыз. Бирок быйыл электр энергиясындагы тартыштык талкуулана баштаганда өлкө ичинде бир эмес, бир нече майнинг компания иштеп жатканы белгилүү болду. Электр тартыштыгы күчөп турган шартта мындай керектөөчүлөргө кандай негизде уруксат берилип калган?
Таалайбек Ибраев: Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, майнинг компанияларга электр энергиясын колдонууга уруксат берилет. Бирок биз чет мамлекттин электр энергиясын колдоносуң деп айтып жатабыз. Болгону бизде эки эле майниг компаниясы бар. Мисалы, убагында 8-9 компания салыкта катоодон өтүп калган. Бирок алар бүгүнкү күндө иштеген жери жок. Өткөндө блогерлер эбак иштебей калган объектини тартып чыгарып коюшуптур. Ашыкча сөз болбош үчүн биз дагы кызматкерлерибизди жиберип, текшертип, расмий жообун бердик. Эми жогоруда сиз айткан майнинг компания – келишими бар компания. Алар Орусиядан электр энергиясын алып, Казакстандын KEGOC компаниясынын ортомчулугу электр энергиясын ташып келет. Транзит үчүн бизге да каражат толөшөт. Бул мамлекет үчүн инвестиция болуп эсептелет. Ал компания салык төлөп жатат, жумуш орундарын түзүп жатат. Силердин айрым кесиптештериңер майнинг десе эле башкача түшүнөт. Бүгүнкү күндө ошондой эле тынымсыз иштеген металл эриткен компаниялар бар. Алар металлды эритип, Кумтөргө тоголок шакекчелерди жасап берет. Алар да тынымсыз иштеп, электр энергиясын көп колдонушат. Ошол эле тигүү цехтери деле күнү-түнү иштеп жатпайбы. Алар да электр энергиясын жеп жатат.
Би-Би-Си: Ошондо электр энергиясын Орусиядан алган майнинг компания азыр иштеп жатабы?
Таалайбек Ибраев: Жок, азыр бир дагы майнинг компания иштеген жок. Мен жоопкерчиликтүү түрдө айта алам. Эгер кайсы бир компания көмүскө иштеп жатса, аны биз колдонуп жаткан электр энергиясынын көлөмүнөн эле билип коёбуз.
Би-Би-Си: Сиз айтып жаткан компаниялар Кыргызстанга эч кандай зыян келтирбесе, анда алардын иши эмнеге токтоп калды?
Таалайбек Ибраев: Силер ызы-чуу баштап жатпайсыңарбы. "Мына, электр энергиясын майнингге берип атасыңар" деп. Мен канча жолу түшүндүрүп келдим. Бир жылдан бери какшап эле айтып келе жатам. Булар ишин баштагандан бери транзитке Улуттук электр тармактарына 236 миллион сомдун тегерегинде акча төлөдү. Бул пайдалуу эле нерсе. Биздин линияны колдонгону үчүн алар акча төлөп жатат. Мамлекетке болсо салык төлөйт.
Би-Би-Си: Сиз айткан эки компания тең электр энергиясын Орусиядан алчу беле?
Таалайбек Ибраев: Кеминде иштеген компания Орусиядан алчу. Мындай да, "Камбар-Ата" ГЭСи 2010-жылы курулуп, ошондо 120 мегаватттык агрегат коюлган. Бирок 90 мегаватт эле электр энергиясы чыгып келген. Себеби ал жерде ошол убакта подстанция курулган эмес. 120 мегаватт кубаттуулукту көтөрө турган линия да жок болчу. Экинчи майнинг компания да инвестор катары келген. Ал ошол "Камбар-Атага" 1,5 миллиард сом салып, "Мен силер чыгара албай жаткан 30 мегаватт электр энергиясын чыгарып берейин, акча салайын, ошонун электр энергиясын мага бергиле. А мен өзүм салган акчамды кайтарып алгандан кийин силерге подстанцияны да, линияны да өткөрүп берем деген. Бул да инвестиция. Учурда күн электр станциялары келип жатат. Биз жерди берип жатабыз, алар акча салып, күн станцияларын курууда. Электр энергиясын биз сатып алып жатабыз. 25 жыл өткөндөн кийин алар объектти бизге тапшырып кетет. Бул дүйнө жүзүндөгү практика. Жөн эле келип, бирөө акча бере салбайт. Ал үчүн насыя алышы керек же грант издеши керек. Ошон үчүн биз айтып жатабыз. Акча салып электр энергиясын чыгар, 3–4 жылда акчаңды чыгарып ал, калганын бизге таштап кетесиң деп. 100дөн ашык чакырым линияны оңдоп берсе, эки подстанцияны жаңыртып берсе - бул энергетикага чоң салым болуп жатпайбы. Биз быйыл эле капиталдык курулушка Улуттук электр тармактары аркылуу 3 миллиард сом акча жумшадык.

Сүрөттүн булагы, Official
Би-Би-Си: Путиндин сапарынын алкагында энергетикалык кызматташуу боюнча бир катар ири долбоорлор ишке аша турганы айтылды. Айрыкча жогоруда сиз белгилеген күн электр станциясын куруу жана Кара-Кечеде ЖЭБ долбоорун ишке ашыруу маселелери көңүл борборунда болду. Ушул демилгелер тууралуу кененирээк айтып бересизби?
Таалайбек Ибраев: Владимир Владимирович айткан бул "Юнигрин" деген Орусиянын компаниясы. Торайгыр айылында 300 мегаваттык күн энергиясынын станциясын куруу иштери башталды. Орусиянын "Нововинт" деген дагы бир компаниясы 100 мегаваттык шамал станциясын курууга учурда даярдык көрүп жатат. Жабдыктарын алып келип, иш башталды. Кара-Кече боюнча жерин бөлүп бердик. Бул 1 миң 200 мегаваттык чоң ЖЭБ болот.
Би-Би-Си: Кыргызстан жашыл энергиянын потенциалы өтө чоң өлкөлөрдүн бири деп айтылып келет, бирок реалдуу өндүрүш кыйла эле төмөн экени байкалат. Буга эмне тоскоолдук болуп жатат?
Таалайбек Ибраев: Төмөн эмес, өз нугу менен эле бара жатат. Мисалы, күн, шамал станциясын куруу үчүн бир жыл изилдейт. Кыш мезгилинде канча саат күн тиет, канча саат шамал үйлөйт, жаз мезгилинде кандай болот – баарын карайт. Анан орточо көрсөткүчтү алып, программасын иштеп чыгат. Кыргызстан боюнча кайсы жерде шамал кандай, кандай күн тиет – ошонун баары ЮСАИДдин программасы менен изилденген. Ага карабастан булар өз изилдөөлөрүн да жасап жасады. Азыр изилдөө аяктап, буйруса, быйылкы жылдын аягы же эмдиги жылдын башы менен жыйынтык көрүлө баштайт. Ысык-Көлгө баратканда жолдун жээгинин баары жалтыраган панелдер болот. Баткен, Талас, Нарын облустарында да ишке ашат. Учурда орнотчу жерлер даярдалып, жумушчулар алынып, иш жүрүп жатат. Кечээ эле Торайгырга барып келдим, ал жакта иш кызуу жүрүүдө. Алар эмдиги жылы августта 500 мегаватттын тегерегинде электр энергиясын берүүгө даяр болот. Учурда жашыл энергияга байланыштуу 4 гигаваттын тегерегинде келишимдер бар.
Би-Би-Си: Учурдагы энергетикалык кырдаал кандай, кризис барбы? Кыштан кандай чыгабыз?
Таалайбек Ибраев: Менде саат сайын кайсы подстанция кайсы РЭСтен канча кубаттуулук алып жатканы, кайсы жерде өчүрүү болуп жатканы баары чыгып турат. Эртең менен келгенден баштап менин милдетим ошол. Карап отурушум керек. Кайсы жерде өчүрүү болуп жатат, эмне кылуу керек, кандай чара көрүү зарыл — ошонун баарын карайм. Жогоруда айтып кеткендей, быйыл суунун аздыгынан улам элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып жатабыз. Көчөдөгү жарыкты өчүрүп жатасыңар деп айтып өттүңүз. Бизде алдыда дагы жашоо бар да. Бир жыл менен жашоо бүтүп калбайт. Сууну толтуруп, кийинки жылы элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылышым керек. Мына, 22:00дөн кийин кафе-ресторандардын баары тойлорду токтотуп калды. Жакшы эле болуп жатпайбы. Көчөлөрдө болсо өзүңөр көрүп жатасыңар жарык күйүп эле турат. Биз үнөмдөп жатабыз, бул жакшы эле жыйынтык берүүдө. Ушунун баары 70 мегаваттын тегерегинде үнөмдөөнү камсыз кылууда - бул бир райондун электр энергиясы.
Би-Би-Си: Жакында эле Алматыда энергетиктердин жыйынында Кыргызстан–Казакстан–Өзбекстан мамлекеттери келишимге кол коюп макулдаштыңыздар. Ошондо Кыргызстан кышкысын алардын электр энергиясын алып, жайкысын суу берүүгө милдеттендиби?
Таалайбек Ибраев: Мен аларга милдеттүү түрдө суу бербейм. Ушуну баса белгилеп кетким келет. Бул жерде "бартер" деген сөз такыр туура эмес. Суунун көлөмүн биз мамлекет өзү чыгарган режимге жараша беребиз. Мисалы, бүгүн 458 куб метр суу чыкса, ошол эле көлөм берилет. Жайында биз электр энергиясын эч кимден албайбыз.
Мисалы, бир литр суу — бир киловатт деп эсептеп коелу. Ошондо 450 куб метр суу секундасына чыкса, биз 450 мегаватттын тегерегинде иштетебиз. Суу ошол деңгээлде чыгат, кошумча суу эч кимге берилбейт. Биздин андай милдеттемебиз жок. Кандайча мен милдеттеме алам? Азыр Токтогул суу сактагычында 10 миллиард 700 миллион куб суу бар. Алдыда декабрь, январь, февраль, март турат. Кыш кандай болорун мен билбейм. Билбей туруп кантип милдеттеме алам? Тескерисинче, мен алардан суранып жатам. Учурда бизге 4 миллиард 335 миллион киловатт-саат жетишсиз болуп жатат. Ошону бергиле деп. Эгер милдеттеме алган болсом, анда бекер алмак элем да. "Сен мага бекер бер, мен сага бекер берем" деп.
Мисалы, Түркмөнстандан мен бекер электр энергиясын албайм, сатып алам. Суу болсо баары бир агып чыгат, мен аны кармай албайм. Мисалы, сиз менин кошунам болсоңуз, суу жаныңыздан агып өтүп жатса, "сатып ал" деп айта албайм да. "Эмнеге сатып алам? Бар, тосуп ал" дейсиз да. Бирок мен кантип тосом? Секундасына 400–500 куб суу кетип жатат — бул абдан чоң көлөм. Кыш бою 5–6 миллиард куб суу кетет. Учурда Өзбекстандан дагы, Казакстандан дагы, Орусиядан дагы электр энергиясын сатып алам. Эч кимдин алдында "мен сага суу берем, сен мага электр энергиясын бер" деген милдеттемем жок. Алар тескерисинче айтып жатат: "Токтогул ГЭСиндеги суу баары бир бизге агып келет. Кышында азыраак агызып, жайкысын көбөйсүн" деген логика менен бизге жардам берип жатышат. Баасын болсо ачык айта албайм. Анткени келишимде бааны жарыялабоо боюнча пункт бар.

Сүрөттүн булагы, Official
Би-Би-Си: Көптөн бери Кыргызстанга атомдук электр станциясын куруу демилгеси көтөрүлүп жатат. Бул боюнча экологияга байланыштуу оң жана терс пикирлер айтылып келет. Өткөндө Путиндин сапарында дагы бул маселе козголду. Кандай жылыштар бар?
Таалайбек Ибраев: Эң биринчи маселе — бул атомдук станцияны ким келип курбасын, экология. Кыргыз эли макулдугун бермейинче биз аны курбайбыз. Учурда биз ошол багытта иштеп жатабыз. Ал үчүн балдарды окутушубуз керек. Учурда биздин ЖОЖдордо андай адистик жок. Балдарды окутуп бергиле, адистерди даярдап бергиле, экологиялык жактан изилдеп, жыйынтыгын алып бергиле деп шарт коюп жатабыз. Мен энергетик катары бул маселени алдыга жылдырып жүрүшүм керек. Бул – он жылда араң курула турган долбоор. Министр катары альтернатива булактарын сөзсүз карашым керек. Учурда күн энергиясын киргиздик. Жакын арада шамал энергиясы ишке кирип жатат. Эмдиги жылы буйруса биринчи станцияларды ишке киргизе баштайбыз. Мунун баары убакытты талап кылат. Эртең келишим түзө коёп эле баштап жиберчү иш эмес.
Би-Би-Си: Соңку жылдары чакан ГЭСтерге дагы олуттуу көңүл бурулууда. Учурда канча чакан ГЭС иштеп жатат жана канча электр кубаттуулугун чыгарууда?
Таалайбек Ибраев: Чакан ГЭСтер жайында 1 миллиардга жакын электр энегриясын чыгарат. Кышында 600 миллион киловатт саат берет. Быйыл 40ка жакыны курулуп ишке киргени жатат. Учурда 27–28и иштеп жатат. 48–50 мегаватын тегерегинде ишке кирди. Жакында эле Шамшы коктусунда бир чакан ГЭСти ишке бердик. Жыл аягына чейин дагы ишке кирчүлөрү бар. Буйруса, 2026-жылдын биринчи кварталында, Орто-Токой суу сактагычындагы 21 мегаваттык Орто-Токой ГЭСи дагы иштеп калат.








