Садыр Жапаров Афганистандагы кыргыз жарандарын эвакуациялоону тапшырды

Чет өлкөлүктөр менен афганистандыктар өлкөдөн учуп кетүү жолдорун издешүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чет өлкөлүктөр менен афганистандыктар өлкөдөн учуп кетүү жолдорун издешүүдө

Талибан Афганистанда бийликке келип, өлкөдөгү кырдаал курчуп кетти. Чет мамлекеттиктер эле эмес, оогандыктар да өз коопсуздугу үчүн тынчсызданып, өлкөдөн чыгып кетүүнүн жолдорун издеп жатышат. Афганистандагы кыргыз жарандары кырдаалга жараша өлкөдөн чыгарылмакчы.

Президент Садыр Жапаров Афганистандын аймагында жүргөн кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды мекенине эвакуациялоо боюнча Тышкы иштер министрлигине тапшырма берди.

“Мамлекет башчысы Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы жана Тышкы иштер министрлиги аркылуу саат сайын тиешелүү маалыматтарды алууда”, - деп айтылат президенттин сайтында.

Ошондой эле, Кыргызстан Афганистандагы кырдаалга тыкыр көз салып турганы белгиленген.

Кыргызстандын Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязовдун 15.08.2021 Би-Би-Сиге билдиришинче, элчиликте жыйырма чакты кыргыз жараны калган. Алардын баары 21-августка чейин Кабулду таштап кетишет.

“Элчилик кызматкери эвакуацияланса кандай болот деп буга чейин казактар менен сүйлөшкөнбүз. Аларга чартердик рейс келгени жатат. Абал ошондой эле коркунучтуу болуп баратса, биздин дипломаттарды казактар менен чогуу кетиребиз”, - деген Ниязов.

Ниязов кошумчалагандай, бүгүнкү күнгө чейин он чакты кыргызстандык Афганистандан чыгарылган. Элчиликтин мүлкү жана материалдык буюмдары дагы жайгаштырылууда.