М. Ниязов: Кабулдагы кыргыз элчилиги эвакуациялана элек

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргыз Республикасынын Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязов

Сүрөттүн булагы, Kabar.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз Республикасынын Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязов

Ушу сааттарда талибдер Афганистандын баш кааласы Кабулга кирип барганы, бийликти тынч өткөрүү процесси башталганы айтылууда.

Кыргыз Республикасынын Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязов Би-Би-Сиге ал өлкөдөгү азыркы кырдаалдан маалымат берди:

Би-Би-Си: Ушул сааттарда Афганистанда кырдаал кандай болуп жатат? Талибдер шаарга кирдиби?

М.Ниязов: Ооба, “Талибан” шаарга кирди. Ашраф Гани отставкага кетти. Эми жаңы бийлик орногону жатат. Эми кырдаал кандай өнүгөт деп карап турабыз.

Би-Би-Си: Афган президентинин кызматтан кеткени боюнча мамлекеттик сыналгыдан тастыкталдыбы?

М.Ниязов: Ал отставкага бергени анык. Анын кызматтан чегини жатканы жергиликтүү ММКда да айтылды.

Би-Би-Си: Буга чейин Кабулдагы элчилик, дипломатиялык өкүлчүлүктөр эвакуацияланат деди эле. Кыргыз элчилиги эмне болду?

М.Ниязов: Биз азыр кырдаалга жараша чара көрөлү деп жатабыз. Азыр элчиликте жыйырма чакты кыргыз жараны калды. Алардын баары 21-августка чейин Кабулду таштап кетишет, колдорунда билеттери бар. Элчилик кызматкери эвакуацияланса кандай болот деп буга чейин казактар менен сүйлөшкөнбүз. Аларга чартердик рейс келгени жатат. Абал ошондой эле коркунучтуу болуп баратса, биздин дипломаттарды казактар менен чогуу кетиребиз. Орустар да жардам көрсөтөлү деп атышат. Өзбектер деле жардамга даяр. Азыр элчилик аралык биримдик күчтүү болуп атат.

Бүгүнкү күнгө чейин он чакты кыргызстандыкты кетиргенбиз.

Элчиликтин мүлкүн, материалдык буюмдарын дагы орду-орду менен жайгаштырып атабыз.

Аудионун түшүндүрмөсү, М. Ниязов: Кабулдагы кыргыз элчилиги эвакуациялана элек