You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Би-Би-Синин жети эрежесин карманган журналисттер оңой менен сөзгө калбайт"
Маркум Султан Жумагулов Би-Би-Сидеги тажрыйбасы тууралуу "Журналистикага жол" деген китебинде кеңири айтып берген эле.
Баткен сабактары
1999-жылы жай соңунда башталган Баткен коогалаңы Кыргызстанды дүйнөгө дүңгүрөтө таанытты. Бул окуялар өлкөбүздүн саясый-экономикалык жана аскердик чама-чаркын, геосаясый ал-абалын эл аралык коомчлуктун сынынан өткөрдү. Ошону менен бирге биздин маалыматтык технология менен масс-медианын иштөө жөндөмү да тарзага салынды.
Баткен окуялары от алгандан баштап эки ай бою көрүнүктүү дүйнөлүк маалымат агенттиктеринин кабарчылары Бишкек менен Баткенде коно жатып иштеп, жергиликтүү кесиптештери менен жарышка салынгандай эле болду. Дал ошол эки мектепти жакындан салыштыруу мүмкүндүгү жаралды. "Платон менин досум, бирок чындык баарынан артык" дегендей, ачуу чындыкты көрмөксөнгө салган жарабас. Биздин редакторлор менен журналисттер маалымат топтоо, иргөө жана таратуу ыкмалары азыркы заманга бап келбей калгандыгын моюнга алууга аргасызбыз.
Куралчан жоочулардын Баткен жергесине кирип келиши, кийин жапондук жана кыргызстандык жарандардын барымтага алынышы жөнүндө кабарларды кыргызстандык эмес, эл аралык агенттиктер озунуп жар салганы кызык. Жапон жарандары туткундалып кеткен алгачкы күндөрү дүйнөлүк дөө-шаа агенттиктер Бишкекти каптап, бул факт эл аралык жаңылык болуп жаткан чакта Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары күнүмдүк кабарларды таратуу менен капарсыз турушту. Кийин бул факт жөнүндө айтпай коюу мүмкүн болбой калган чакта гана мааниси бүтүндөй региондук кыйырга көтөрүлгөн окуяга кайрылышты. Ошондо да алгачкы күндөрү кадыресе окуялардын тизмегинде чагылдырып келишти. Мындай мамиле жергиликтүү да, эл аралык да коомчулукту айраң-таң калтырганына акыры көзү жеттиби, айтор, кийинки жылдан тарта жергиликтүү ММК демилгени колго алуу жышаанасына күбө болдук.
Сөзүбүз куру болбосун үчүн көрүнүктүү бир мисалды талкуулайлы. Жапондук геологдордун тилмечи болуп жүрүп, алар менен чогуу 64 күн бою исламчыл жоочулардын колунда барымтада жаткан кыргыз атуулу Өмүрбек Жанакеевдин таржымалын укпаган жан аздыр. Ал кыргыз телевидениеси менен радиосу ошол учурда жай турмушту баяндап, атурсун кайсы бир чоң тойдон репортаждарды тынбай берип жаткандыктан, куралчан топтор бир нече күндөн бери Баткендин чегара жерлерин ээлеп жатканын укпай, бейкапар иштеп жүрүшкөнүн кийин гезиттерге берген интервьюсунда баса белгилегени бар. "Эгер куралдуу кол салуулардын анча мынча шек-шоораты кулакка жеткенде Жапон өкмөтү өз жарандарын токтоосуз опурталдуу аймактан алып кетмек, геологдор деле бир мүнөт турмак эмес", - дейт Өмүрбек Жанакеев. Албетте, илгери-кийин мындай башынан өтүп көрбөгөн жергиликтүү ММК жетекчилери кандай кыларын биле албай, абдырап калган чыгар. Бир чети совет заманында олуттуу фактыларды идеологиялык мекеменин гана уруксаты менен ченеп-өлчөп алып көнгөн редакторлор озунуп демилге көтөргөнгө даабаса керек. Кандай болгон күндө да, кыргызстандык ММК бул орчун окуяларды чагылдырууда чет жердик кесиптештерине караандабай калганы айкындалды.
Түштүк коогалаңын жергиликтүү ММК бирдей беткей тартуулаганын да айтпай кете албайбыз. Эгер өкмөттүк аталган тарап жалаң расмий булактан алынган сараң маалыматтар менен чектелсе, эркин журналисттер айрым учурларда ырасталбаган жана такталбаган кабарларды таратып жибергендери бар. Көп мамлекеттер аралашкан жана куралдуу кагылыштар менен коштолгон окуяларда так эмес кабарлардын көп эселеген жоопкерчилиги болору бышык. Мисалы бир репортердун "Баткендин Зардалы айылында куралчан жана сакалчан адамдар мурдатан эле баш калкалап, атурсун үй-бүлө да күтүп алышкан" деген маалыматын көп өтпөй Өзбекстандын расмий бийликтери коңшусуна доомат катары пайдаланды. Алар Кыргызстанга өз жеринде эмне кыймыл жүрүп жатканын этибар албаган мажирөө мамлекет, ал эми зардалылыктарга акча үчүн кылмыштуу топторду калкалаган калк сыңары сын такты. Кийин такталагандай, сакалчан адамдар куралдуу кол салганга чейин Тажикстанга ары-бери каттаганда Зардалыда өргүп, эс алып кеткендери чын. Бирок алардын куралдары болгон эмес жана эч качан үй-бүлө күтүшпөгөн. Эл аралык маалымат агенттиктери мындай орчун жана опуртал фактыларды расмий, көз-карандысыз жана күбө болгон тараптардан такталмайын же тастыкталмайын коомчулукка таратпоо эрежесинен оңой менен тайбасын кыстара кетели.
Өлкө түштүгүндө кол салган топторду атоодо да ушу кезге чейин ар башка мамилелер болуп келатат. Жергиликтүү ММК ылгабай же тергебей туруп эле аларды "эл аралык бандиттик топтор", "террорчулар" атаганы атаган. Ырас, бул аталыштар расмий өкүлдөрдүн оозунан чыккандыктан, редакторлор менен репортерлор ошого таянып айтып жатышса керек. Ошол эле кезде Кыргызстанга кол салган куралчан адамдар өздөрүн "Өзбекстан Исламчыл Кыймылы" же " моджахеддер" мындайча айтканда, "кудай жолуна түшкөндөр" атайт. Алар (Батыш ММКлары) "жоо күчтөрү", " куралчан топтор", "өздөрүн исламчыл күчтөр санагандар" сыяктуу бейтарап аталыштарды колдонгонун байкайбыз. Такыр арга калбаганда "расмий бийликтер "эл аралдык бандиттик топтор" атап жатышкан" дегендей шилтеме жасашат. Албетте, өз өлкөсүнүн атуулу жана патриоту катары жергиликтүү репортерлор эл-жерине коркунуч туудурган күчтөрду жектөөгө акылуу, мында талаш да болушу мүмкүн эмес. Тек гана Батыш журналистикасынын алтын эрежесине ылайык, айрыкча согуштук аракеттер туурасында кабарчылар эч жакка тартпаган, окуяны калыс чагылдырган бейтарап өңүттө турууга тийиш. Эл аралык маалымат агенттиктери менен иштешүү ниети бар журналисттер ушул жагдайды жадысынан чыгарбаса деген кеп.
Ошентип, бир өксүк жактарыбызды бир сыйра териштирип алдык окшойт. "Өзүңдүн буруш жактарыңды аңдабай туруп, өңгөнүн дурус жактарын үйрөнө албайсың" деген накыл кеп бар эмеспи. Эми мындан ары эл аралык маалымат агенттиктеринин иш жол-жоболорун иликтегенге көчсөк болот. Би-Би-Си радиостанциясы, ошондой эле Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту менен бир нече жылдан берки алака Батыш журналистикасынын теориясы менен кошо практикасын айкаштырууга өбөлгө түзгөнүн дагы бир ирет белгилей кетейин. Бул британдык маалымат борборлорунун стандарттарын талдоо аркылуу эл аралык журналистиканын иш эрежелери менен талаптары тууралуу кеңири маалымат алсак болот. Анткени планетанын 150 миллион чамалуу калкына кырктан ашуун улуттук тилде кабар тараткан Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы чынында эле дүйнөлүк маалымат чордону катары таанылган, анын "алтын корунда" маалымат жасоонун жана таратуунун алдыңкы тажрыйбасы топтолгон. Алдыда биз карай турган жол-жоболор менен эрежелер бир эле Би-Би-Синин ойлоп чыгарган менчиги деп ойлогон жарабайт. Тек гана кыйла жылдар бою жыйналган тажрыйлбаларынын маңызын алып, колдонмо эреже катары жер-жерлердеги кабарчыларына тараткан. Биз өмүр бою өз казаныбызда кайнгап жата бербейбиз, эртели-кеч эл аралык саябанга жабыла чыгарыбыз - турулуу иш. Акыры баары бир эл аралык журналистика стандарттарынын алиппесин үйрөнүүгө туура келерин бөркүбүздөй көрөлү.
Би-Би-Синин жети эрежесин карманган журналисттер оңой менен сөзгө калбайт дешет. Албетте, бул эрежелерди көбүбүз мурда эле укканбыз, ошондуктан "анын эмнеси бар экен?" деп таңданышы да ыктымал. Бирок кептин баары - үстүртөн тааныш болуп, андан да аны бекем тутунбай жатканыбызда! Эгер аталган эрежелерге терең кунт коюп, көз чаптырсак, бул жарыкчылыкта калыс жана үзүрлүү иштөөнүн биз билгенден да бөлөк жөрөлгөлөрү аз эместигине ынанабыз. Билген - бир кеп, аны дилге ширеткен - башка кеп. Тажрыйбалар далилдегендей, бул жол-жоболорду карманган репортерлор менен редакторлор ишинин кыйла жеңилдегенин жана журналисттик намысы менен адамдык абийиринин таза жүргөнүн сезбей койбойт.
Оболу Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын жети эрежесин жалпы жонунан атап өтөлү да, бир четинен чечмелей баштайлы: маалыматтардын аныктыгы, бейтараптык, калыстык, (обьективдүүлүк) мыйзамдуулукту сактоо, атайын ой-ниетти көздөбөө, адептүүлүк, оперативдүүлүк.
Маалыматтардын аныктыгы. Биз жар сала турган кабар чындыкка төп келээрине даана көз жетмейин ашыкпоо керек. Репортердун бир жолку калпыстыгынан бүт агенттиктин (гезит же теле редакциясынын) кадырына доо кетерин эске тута жүргөн абзел. Аныкталбаган жана такталбаган кабар мамлекеттер аралык мамилеге дейре бүлүк саларына өйдөдө Баткендин Зардалы айылынын мисалында токтолдук. Өтө орчун жана опуртал фактылар ар тараптан такталып же ырасталмайын чет өлкөлүк агенттиктер оңой менен таратышпайт. Демек, көнгөн адатка салып "кудай сактасын" же " бара көрөбүз" деген тобокелдиктен эмитен эле качкан оң. Эгер окуя кол жеткис жерде же үлгүрүү мүмкүн болбой калган чакта өтсө, эң ишенимдүү булактардан тактап жана сөзсүз аларга шилтеме жасоо сунуш кылына.
Окуялардын мүнөзүн аныктоо да өзүнчө түйшүк. Маселен, куралчан тирешүүлөр менен согуштук аракеттерди чаташтырбоого тийишпиз. Өлкө түштүгүндөгү окуяларды кантип атоо керек деген маселе эмгиче элде журналисттердин башын маң кылып келет. Бир карсаң, эки тарап ок атышып, курмандыктар катталууда - дээрлик согуштун бардык жышаанасы бар сыяктуу. Бирок согуш катары аныктама берейин десең, ал аймакта өлкө Конституциясына ылайык кырдаал киргизилген эмес. Дагы бир көрүнүктүү мисал. Оппозициянын же пенсионерлердин ондогон өкүлдөрү Өкмөт үйүнүн жанына келип, нааразылык аракеттерин башташты. Муну эмне деп атоо керек: митингби, пикетпи же демонстрациябы? Анткени ар биринин өзүнчө укуктук аныктамасы бар да. Жергиликтүү мыыйзамдар боюнча митинг же демонстрациялар үчүн жергиликтүү бийлик органдарынан уруксат алыш керек, пикетке уруксат милдет эмес. Бирок аны өткөрүү үчүн өзүнчө жай каралган. Ошентип окуянын юридикалык маани-маңызы аныкталмайын чет элдик агенттиктер тек гана "нааразылык аракеттери" дегендей аталыш менен чектелүүнү туура көрүшөт.
Бейтараптык. Эл аралык агенттиктер менен кызматташкан кабарчылар эч качан бир тараптын таламын талашпоого тийиш. Алардын башкы милдети: маалыматты жана анын чоо-жайын ачып берген жагдайларды тезирээк кардарга жеткирүү. Окуялардан кандай ой, тыянак чыгарат - угармандын, көрөрмандын же окурмандын жеке иши. Эч кандай көз карашты же таңуулоодон оолак болуу эрежеси бар. Кайсы бир фактыга баа бериш үчүн аз дегенде эки көз карашты чагылдырууга аракет кылган абзел.
Кайра эле көрүнүктүү мисалды тандайлы. Өкмөт үйүнүн жанында оппозициячыл партиянын жактоочулары нааразылык аракеттерин өткөрүп жатышат. Бир аз убакыттан кийин укук коргоо күчтөрү аларды бул жерден сүрүп чыгарып, өтө өжөрлөнүп кармап кетишти. Бул окуяны өкмөтчүл ММК демонстрациячылар коомдук тартипти бузгандыктан милиция өкүлдөрү күч колдонууга мажбур болду деген кыязда чагылдырарын божомолдоо кыйын эмес. Ал эми оппозициячыл тарап өзүнүн конституциялык укутарын жактоого чыккан жазыксыз жарандар бийликтин куугунтугуна кириптер болду дегендей жар салары белгилүү.
Эл аралык агенттиктер мындай учурда бардык тараптын ой-пикирин топтоого умтулат. Айталы, оппозиция жактын өкүлү бийлик саясатына нааразылык билдирүү үчүн ордо аянтка чыгышса, укук коргоочулар аларды кысымга алганын, бул чогулуштарды, демонстрацияларды өткөрүү жөнүндө мыйзамдык укуктарын чектегенге тете иш экенин маалымдады. Ошол эле кезде милиция жетекчиси шаар бийликтеринин чечими боюнча ордо аянтта демонстрацияларды өткөрүүгө тыюу салынып, мындай иш чаралар үчүн өзүнчө жер бөлүнгөнүн, демек, милиционерлер аталган чечимди аткаруу үчүн жөнөтүлгөнүн каршы жүйө койду. Колдон келсе үчүнчү тараптын бул фактыга мамилеси чагылдырылса, ого бетер дурс болор эле. Адатта көз карандысыз, бейтарап өңүттү ээлеген саясый серепчинин көз-карашына кайрылууну эп көрүшөт. Жалаң бир жактын үнү камтылган репортажды дүйнөлүк агенттиктерге сатыш дээрлик мүмкүн эмес. Би-Би-Синин талабына ылайык, маселен, бул агенттиктин журналисти бир да саясый партиянын активдүү мүчөсү же өкмөттүк чиновник болбошу керек.
Калыстык (обьективдүүлүк). Би-Би-Си ар дайым орчун окуялардын бардык өңүттөрүн көз жаздымда калтырбоого аркеттенет. Айрыкча эл аралык алака-катыштар жаатында калыстыктан таюуга жол берилбейт. Мисалы, Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда талаштуу жерлер боюнча сүйлөшүүлөр башталды же аягына чыкты дейли. Жүйөсүн айтуу үчүн эки тарапка тең бирдей мүмкүндүк берүү зарыл. Эгер кайсы бир жагы пикирин билдиргенден баш тартса, аны кабарда белгилөө менен бирге ал тараптын позициясын ачыкка чыгаруунун башка амалын табууга туура келет. Же болбосо шайлоону алалы. Талапкерлердин бирөөсүн гана андап, калганын эскербей кетүү эрежеге сыйбаган жосун болуп саналат. Эгер материалда бирөөсү тууралуу сөз жүрсө, калганына да же ошол эле репортажда , же кийинки баяндарда орун берилүүгө тийиш.
Мындай бир татаал жагдайды ажырата кетпесек болбос. Кыргыз Өкмөтү электр кубатынын кунун кескин көтөрдү. Калк ичинде нааразылыктар күч алды. Парламент да көпчүлүк таламын талашууда. Атургай дайыма өкмөт сөзүн сүйлөп келген ММК да бул сапар жактоого даабай турат. Айтор, өкмөт бул кескин чечими менен бүтүндөй калайык-калктын нааразылыгына кабылды. Бирок ошол эле кезде анын жүйөсүнө кулак какпай кетиш калыстыкка жатпас эле. Эл аралык агенттикке маалымат берген журналист көпчүлүктүн "жакыр калкты туңгуюкка кептеп жатышат, чет өлкөлүк кредиттерди бир ууч топ жең ичинен жеп алып, аны төлөштүн амалын табалбай, акыры ушул кадамга барышууда" сыяктуу нааразы добуштары менен кошо өкмөт өкүлдөрүнүн үнүн кыстара кетсе тең салмак сакталышы ыктымал. Бул чукул чараларга өкмөт, балким, Өзбекстандын газынан көз каранды болбоо максатында барып жаткандыр? Же чабал өлкөнүн көзгө басар байлыгы - электр тармагын чындап көтөрүү ниетинде келечекти мелжеген саясат болуп жүрбөсүн?.. Айтор, коргонууга мажбур болгон жактын жүйөсү канчалык орчундуу же орунсуз экенин маалымат кардарлары өздөрү салмактап алсын.
Мыйзамдуулукту сактоо. Батыш журналистикасынын эң артык жагы катары мыйзам чегинде иш жүргүзүүсүн көрсөтсөк болот. Кайсы өлкөгө келбесин, ошол жердин мыйзамдарын жалпы жонунан да билүүгө умтулушканы байкалат. Кичине эле шек туудурган учур болсо, жетекчилиги менен кеңешип-таңашмайын обу жок тобокелдикке барышпайт. Элди артта калган деп бөлбөй, өлкөнүн геосаясый, экономикалык абалына жараша "буларга жарай берет" дегендей мамиле жасамайды алардан көрүү мүмкүн эмес. Чынында укутук маданияты, мыйзамды кадыр тутуу сезими Батышта кыйла жогору экендиги тангыс факт эмеспи. Алардын жанында өзүбүздүн мыйзамдарды билбегенибиз, билсек да тоото бербегенибиз оркоюп көрүнүп жатпайбы! Баш жакта биз мисал келтирген "Баткенге Кыргызстандын коргоо министрлиги согуштук кырдаал киргизиптир" деген имишти жергиликтүү репортерлор тактап отурбастан эле редакцияларына кабарлашса, Би-Би-Синин Борбор Азия боюнча кабарчысы Лондондогу редакторлору чыдамсыздык менен күтүп отурганына карабай, көшөгөрлүк менен бардык инстанцияларга чапкылап, чын-төгүнүн тактап жүрдү. Акыры фактыны биротоло ырастап үлгүрбөгөндүктөн, эфирге "Баткенге согуштук кырдаал киргизилгендиги тууралуу тактала элек кабар тарады. Кыргызстандын Конституциясына ылайык мындай кырдаалды өлкө президенти жарыялоого укуктуу, бирок ал чечим парламент кубаттаган соң гана күчүнө кирет" деген маалымат берди. Ошентип, журналист учурдагы кырдаалды бузбай берип, милдетин да кынтыксыз өтөдү, жергиликтүү мыйзамды сактап, калыс да кармай алды. Мындай ишти кыязы "койлордун да башы түгөл, карышкырдын да карды ток" дейбиз го...
Атайын ой-ниетти көздөбөө. Бул эреже көп жагынан калыстык менен үндөшүп турат. Маселен, ошол эле Би-Би-Синин талабы боюнча, кайсы гана тараптын болбосун көз карашын оңдоп- түзөбөй, бузбай же атайылап күчөтпөстөн берүү милдети тагылган. Айталы, кайсы бир топтун жактоочулары демонстрацияга чыгып, негизинен айлык менен пенсия өлчөмдөрүн көтөрүү өңдүү экономикалык мүнөздөгү талаптарын бийлик менен коомчулук алдына коюшту. Бийликке каршылаш ММК бул фактыны чоюп "демонстрациячылар өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышты" деп, саясый өңүткө оодара салышы ыктымал. Чет өлкөлүк агенттиктер бул кабардын маанисин көбүртүп-жабыртып же кемитип бергенден качышат. Ырас, бул окуялардын арты саясый мааниге ооп кетиши мүмкүн деген көз карандысыз эксперттердин жоромолунан кыя өткөнгө тыюу салынган эмес. Журналист өзүн окуялардын катышуучусу катары кармап, көпчүлүк менен кошо күйүп-жанып, каламайдын шарына аралашпасы абзел. Анын башкы озуйпасы окуяларга сабырдуулук менен баам салып, анын маани-маңызына жана тегерегиндеги жагдайларга байланыштуу фактыларды топтоп, калың калкка эртелей жеткирүү экенин дагы бир сыйра эске салсак.
Адептүүлүк. Чет жердик журналисттер өлкөнүн экономикалык, маданий ж.б. деңгээлине жараша мамиле жасабай турганын белгилегенбиз. Мүмкүн кимдир бирөөлөрүнүн ичинде жактырбоо же текебердик сезими катылып жаткандыр, аны өз абийирине коелу. Эмнеси болсо да анысын сыртка чыгарбаганга машыгышкан. Журналисттик парзына караманча каршы жагдай болбосо, элдин кулк-мүнөзүн, салтын, маданиятын жана диний көз карашын сыйлоо адебинен тайышпайт. Ошондой эле репортаждарда аз улуттун укуктары менен каада-салтын кемсинтиши мүмкүн деген шектүү жагдайлардан оолак туруу сунушу бар. Бирок бул акыйкатты айтуудан жалтанууга себеп болот дегендикке жатпайт. Өтө тыкандыкты сураган бул эрежени эл аралык агенттиктер кантип карманганын Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоодогу мисалдар менен териштирип көрөлү. Аз улут лидери мыйзам жоболорун одоно бузуу жолдору менен шайлоонун биринчи айлампасында алдыга чыкты. Анын жоруктары терең териштирилгенде, балким, кылмыш белгилери табылмак. Шайлоо комиссиясы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн ал лидерди саясый өнөктүктөн четтетти. Бирок эртеси эле анын миңдеген жактоочулары аз улуттун саясый укуктары чектелди деген ураандар менен демонстрация уюштурушту. Катуу жаңжалдан чочуган бийликтер шайлоо комиссиясынын чечимин бузууга барышты. Оппозициячыл ММК, албетте, өз өкмөтүн принциптен тайыган жалтак бийлик деп жар салышты. Ал эми бийликти жактаган тарап кыргыздардын демократчыл, бөлөк-бөтөнгө боор тарткан, кечиримдүү улут экенин, өткөөл мезгилде саясый туруктуулук баарынан артык болорун жүйө кармашты. Би-Би-Си бул жолу бардык тарапка бирдей сөз ыйгарды, башкалардын сезимин козгогудай ээн ооз сүйлөөгө сылыктык менен жол берген жок, ашыкча комментарий жасабады. Ток этерин айтканда, калыстыгы менен кадырын сактап калды.
Оперативдүүлүк. Батыш журналистикасынын бизди караандатпай кеткен артыкчылыгы мына ушунда. Баткен окуяларынын маалында Бишкектеги басма сөз жыйыны менен тең жарыша Токиого же Лондонго кабар чуркатып жаткан чет жердик кесиптештерге бир чети суктансаң, бир чети ич күйүүгө болот эле. Албетте, алардын колундагы техниканы көрүп, көз күйбөй койбойт. Бул жагынан айла жок дечи. Бирок эл аралык репортерлордун жаңылык издөө ыкмасына баам таштап көрдүңүздөр бекен? Мындай карасаң, дээрлик күн сайын коёндой окшош аскердик маалыматта түшүп жатат, «өкмөттүк аскерлер айлана-тегеректи түрө чалгындап, улам чегарага жакындап баратат, бандиттик топтор бекинип жатышы ыктымал деген жерлерге абадан сокку урулууда» деген сыяктуу. Жергиликтүү ММК бул кунарсыз маалыматты таратуу менен ыраазы болуп турса, Би-Би-Синин кабарчысы : «А Баткен тоолоруна качан кар түшүшү мүмкүн?» деген суроону капыстан жылдырып жатпайбы? Байкадыныздарбы, тоолуу чек ара тилкелерине кар түшсө, Кыргызстан менен Тажикстандын бул өткөөл жолу бүтөлүп калат деген сөздү илип алган да, куралчан жоочулардын акырындан артка чегиниши өкмөттүк аскерлердин ийгиликтүү аракеттеринен эле эмес, кар түшкүчө өз жайыбызга жакындай берели деген келгиндердин тактикасынан болуп жатканын жаңылык сыңары таап чыкты. Чынында эле суук жышаанасы сезилер менен исламчыл топтор Тажикстандагы жашыруун жайларын көздөй чегине баштоо жөнүндө өз кол башчыларынан буйрук алганын кийин барымтадан башы бошоп чыккан жарандар ырастаган.
Дүйнөлүк агенттиктер эскирип кеткен кабарларды оңой менен албайт. Алса да мурда белгисиз калган кызыктуу жагдайларын таап чыгып, ынандыра алганда гана макул дешип мүмкүн. Ошондуктан, алар менен кызматташкан кабарчылар алыстагы редактордун «Сиз жиберген фактынын жаңылыгы эмнеде?» деген суроого ар дайым ынанымдуу жооп кармап турушу керек болот. «Минтип койсом эмне болмок эле, алар көрүп туруптурбу? » деген жүр-нары мамилеге көргөндөр бул адатынан эмитен арылбаса, алыска чыгалбайт. Биз жиберген кабарлар далай алчы-таасын жеген редакторлордун колунан өтөрүн, маңдайындагы компьютерде башка агенттиктерден түшкөн жаңылыктар тынбай жүгүрүп турарын жалпыбызга түйүп алалы. Башка агенттиктер да уктап жаткан жок, ошояктагы кесиптештерибиз жүр-нары ишибизди, атургай калпыбызды заматта ашкерелеп коёт. Дегеле аты таанымал агенттиктер өз кадырын катуу кармагандыктан, оңой менен калпыстыкка жол беришпейт.
Эл аралык маалымат жасоо эрежелерин негизинен Би-Би-Синин тажрыйбасынан алып жатпайбызбы. Бул корпорация дүйнөдө күчтүү радио берүүлөрү менен таанымал. Ошондуктан, радиожурналисттер үчүн Би-Би-Синин чакан кеңештерине көңүл бура кеткен ашыкча болбос.
Биз такай шилтеме жасап келген Би-Би-Синин иш эрежелери менен жол-жоболорун чубай берсек убакыт түтпөс. Кыскача мисалдар нускалуу чыгып, ошолорду көңүлгө тута жүрсөк деле аз эмес. Дегеле эл аралык агенттиктер менен кызматташуу учурунда мурда тутунуп келген эрежелер менен көз-караштарды кайра калчоодон өткөрүп, айныгыс деп саналган нарктарга бөлөк өңүттөн сереп таштоого туура келди. Эн биринчи андаганым бул болду: Кыргызстаныбыз чынында эле дүйнөлүк күрдөөл өнүгүштөн кыйла оолак калган өлкө. Биздин ички ыйкы-тыйкылар, ар кандай "чылыктар" өзүбүздү тушап, өзүбүздүн гана башыбызды кеңгиретпесе, бөлөк бирөөнүн бир да кылын кыйшайтпайт жана башкалардын бизге кенедей да сообу тийбейт. Өзүбүздү өзүбүз камчылап, өзүбүздү өзүбүз сүрөбөсөк, бизге баласындай каралашчу эч ким жок экенин бөркүбүздөй көрүп коелу. Ошондой эле куулук-шумдуктан тазараак сакталып калган өзүбүз сымал жаратылышыбызга эле суктарын артпаса, дүйнөлүк экономикалык, аскердик жана финансылык дөө-шаалар үчүн чакан жана тоолуу мамлекетибиздин салмагы жокко барабар экени да ачуу чындык. Эгер кирген дайраны элестеткен дүйнөлүк малымат агымына чамданып кошулбай калсак, кийин урпактардын токонаалатына каларбыз.