You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Султан Жумагулов: "Офис, окей, Би-Би-Си - Бишкек"
Султан Жумагулов 1998-2008-жылга чейин Би-Би-Си Кыргыз кызматында башкы кабарчы болуп эмгектенди.
Кыргыз коомчулугуна курч калемдүү журналист жана сатирик жазуучу, жогорку тажрыйбалуу медиа эксперт катары таанылган Султан Жумагулов үч жыл мурун 59 жашында айыкпас оорудан кайтыш болду. Ал өмүрүнүн соңунда маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеди. Султан Жумагуловдун журналисттик өнөрүнүн эң гүлдөгөн убагы Би-Би-Си кыргыз кызматында иштеп турган учурга туура келди. Ал мындан беш жыл мурун Би-Би-Сидеги күндөрү тууралуу эскерүү жазып берген эле. Бул эскерүү Би-Би-Синин Кыргыз кызматына 25 жылдыгына карата чыгарыла турган китепке кирет.
"Нукура журналисттик мектептен өттүм"
"Би-Би-Си" деген сөздү алгач эс тарткан кезде улуулардан капыстан уккам. "Фрунзеде эл көтөрүлүп, милийсаларды уруптур, аны түндө Би-Би-Сини таап уктум" деп чоӊ кишилер бири-бирине шыбырап жаткан сөздөр элдир-селдир эсимде калыптыр. Ошондон тарта бул кыскартылган сөз мага абдан сыйкырдуу жана кол жеткис болуп сезилчү. Бирок Би-Би-Си өмүрүмдөгү жана журналисттик ишимдеги эң орчундуу жана мазмундуу учур болуп калары үч уктасам түшүмө кирген эмес.
Би-Би-Сиге 1998-жылдын соӊунда сыноо мөөнөтү менен алындым. Кыргыз кызматынын продюсери Гүлнара Касмамбетова сынак өткөрүп жатыптыр.
"Сизди кыйын журналист деп уккам. Бирок Би-Би-Сиге өтүш үчүн такыр башка талаптар бар, болуптур, эми бир шанс берели",-деп жолумду ачты. Ал кезде портфелдей болгон диктофонду көтөрүп алып, керек кишилерди кыдырып, интервью алабыз. Алардын негизинде калем менен текст жазып, мотобокс деген бар эле, ал аркылуу Лондонго айдамай.
Окуп жатканда ачык бөлмөдөн үн жаңыргандыктан, айла кеткенде кийимди чүмкөнүп алып окуйбуз. Бул жагынан Толкунбек Турдубаев тапкыч болучу, килейген кышкы пальтосун көтөрүп келип, илип коёт да, ошону чүмкөнүп алып окуй турган. Өзү жокто биз пайдалана калабыз.
Техника болгон соӊ "мотобокс" да кээде үзгүлтүккө учурайт. Анын "тилин" Кубат Чекиров жакшы билет. Толкунбек экөөбүздүн күнүбүз дайыма Кубатка түшкөнү түшкөн. Лондон шаштырганда Током калдастап калат, көлөмү чоӊ киши "мотобокс" жабыштырылган зымдарды үзө кетет. Кубат оӊдойт, Током шашкалактап кайра үзөт. "Неӊдурайын, мага келгенде эле ушинтип калат",-дейт Турдубаев "мотобокс" менен тагдырына таарынып.
Кийин компьютер келди, аа анан кезек талашмай. Эртеден кечке үн жыйнап (ар кимден интервью алып), күн бешимде келебиз офиске. Офис демекчи, бул сөз да ошондо жаңы таркап, абдан сыйкырдуу жана касиеттүү сезилгендиктен, ыгы келсе деле, келбесе деле офис деп ар жерде айта беребиз. "Көрдүңөрбү, биз офисте иштейбиз". Кийин Лондонго барып келгендерибиз "окей" деген сөздү жуктурдук. Ошентип, "офис", "окей" деген сөздөр оозубуздан чыккан сайын башка кесиптештер бизге бир чети суктанып, бир чети ичи күйүп карап калышар эле да...
Гүлнара телефондон жооп берүү эрежесин да үйрөттү. Телефонду алганда "Би-Би-Си, Бишкек" деп жооп бергиле, керек болсо «can I help you?» (кандай жардам бере алам?)" десеӊер андан дак жакшы болот" деп талап кылды. "Би-Би-Си, Бишкек" дегенди дароо илип алдык, "кандай жардам бере алам?" дегенди айтыш кыйын эле. Кыргыздар "түшүнбөй" калмак. Баса, "Би-Би-Си, Бишкек" дегенди Толкунбектей эч ким кыраатын келтирип айта албайт эле.
1999-жылы Өзбекстанда президенттик шайлоо болду. Бишкектен мени жиберишти. Ташкенде Би-Би-Синин региондук офиси бар. Элдин пикирин жыйна деген тапшырма алып, эртеси өзбек кесиптештер болуп, Ташкендин көчөлөрүнө чыктык. Ар кимди алдынан тороп, кимге добуш бересиз деп сурай баштадык. Микрофондогу "BBC" деген жазууну көргөндө кишилердин эси чыгып, жаа бою качып жатышты. Бирин-экин орустар гана ойлорун айтып беришти. Ал кезде Бишкекте деле кишилерди сүйлөтүү кыйын болчу, бирок микрофонго үйүр алып, өз ойлорун ачык айта башташкан эле.
Ташкенден эки окуя эсимде калды. Биринчиси, Каримовго атаандаш болуп чыккан киши өзү баш болуп, Каримовду шайлагыла деп үндөп, бюллетень салып чыккандан кийин "мен Ислам Абдуганиевичке добуш бердим" деп жар салганы. Экинчиси, шайлоо жыйынтыгы түн ортосунан оогондон кийин чыгып, жатакка такси менен кетип баратканда таксисттин кайра-кайра "биз үй-бүлөбүз менен Ислам Абдуганиевичти шайладык" деп кулагымдын кужурун алганы. Кыязы, Би-Би-Синин кабарчысы Каримовдун каалгасын тээп кирип, бир таксистиңиз шектүү болуп турат, унчукпай койду деп айтат дедиби? Ал кезде Кыргызстанда президент А.Акаевди ачык эле сөгүп калышкан...
1999-жылы Киевге Би-Би-Синин курсуна жиберишти. Экс-СССРдин ар тарабынан барбыз, Ооганстандан бар. Эртеден кечке эч жакка чыкпай машыгабыз. Түшкүсүн пицца берилет. Бир жедим, эки жедим, анан кыргыз курсакка анысы жакпай калды. Антип отурсам бир сапар деӊиз пиццасы келди деп ураалап калышты. Ушунусу жакшы болсо керек деп, бирин алып тиштедим да... каерге түкүрөрдү билбей турам. Деӊиздин курттары оозумдун ичинде тырсылдап жарылып жатты. Ошо бойдон пицца деген тамакты жебейм.
2000-жылы бир айга Лондонго бардым. Англисчем элдир-селдир. Хитроу деген аба майданына түшөсүӊ, анысы эле Бишкектей бар дешкен. Адашып өлөм го деп, элдин шарынан калбай баратам. Англичандар тимеле көптөн күткөн кишиси келгенсип, маӊдайы жарыла жылмайышат. Ошондо киши бир жеӊилденет экен.
Бир ай эркелеп жүрөм да анан. Тамакка төлөбөйм, Гүлнара Касмамбетова, Тынчтык Чоротегин, Арслан Капай уулу багышат. Дем алыш күндөрү Лондонду көргөзүшөт. Бир сапар Темза дайрасынын үстүндөгү көпүрөдөн өтүп баратабыз. Британияда автомобилдер жолдун оӊ жагынан жүрөт эмеспи. А мен болсо өмүр бою адегенде солду карап, анан оӊду караганга көнүп алгам. Ошентип, көпүрөнүн бир жээгинен экинчи жээгине өтүп баратам жалгыз. Аркы бетинде Лондондо иштеген кесиптештер. Көнгөн инстинкт боюнча адегенде солду, анан оӊду карап өтүп баратат элем, бир маалда "чыыйкк!" деген үн чыгып, артынан англисче сөздөр татырады. Катуу тормоз бергендиктен, велосипединин дөӊгөлөктөрү түтөп кетиптир. Бозала болуп туруп бердим. Кыйкырып, кыйкырып ал жолун улады. "Эки жакты карабайсызбы, Лондондо күнүнө машине астында калып, ондогон кишилер ажал табат. Кокус сизди тебелеп кетсе, Би-Би-Синин кабарчысы велосипеддин алдында калып жантаслим болду деп британдык гезиттердин биринчи бетине чыкмаксыз",-деди Арслан.
-Бул аял эмне деп жатат? -деп сурадым.
-Эмне демек эле, ашата сөгүп атат! -деди Арслан.
-Эми менин кыргыз экенимди билип коюптурбу, биерде самсыган кытайлардын бири деди да, - десем баары күлүп калышты.
Дагы бир күнү Арслан экөөбүз Лондондун борборун кыдырып жүрөбүз. Заңгыраган үйдүн алдында 3-4 кайырчы жатыптыр. Үстүлөрүнө жука жууркан таштап коюшкан. "Буларга ырымдап, тыйын таштап коюӊуз",- деди Арслан. "Чын эле ырымдайынчы", - деп чөнтөгүмдөн 2 фунттук монетаны алып чыктым. Сыртка чыккан кыргыздар адатта долларды же фунтту сомдун курсуна которуп эсептемей адаты болот. Мен да ичимен эсептесем, 2 фунт 140 сомдой болуп жатат. "Мейли" деп таштамакчы болуп эңкейип баратсам... э кокуй, кайырчы сотка менен бакылдап сүйлөшүп атат! Ал кезде Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысында да сотка жок. "Атаңдын башы!" деп 2 фунтту кайра чөнтөгүмө салдым.
Бир сапар Лондонго жалгыз чыгып көрөйүнчү жан болгон соң деп, көнгөн поезд жол менен шаар борборуна келип кыдырып, чарчаганда артка кайттым. Ватерлоо деген атактуу станциядан кетчүбүз. Поездди күтүп турат элем, бир кара аял мага басып келип, бирдемелерди сурай баштады. Өңү агырак неме экен, Лондондо жашаса керек деди окшойт. Же мен аны түшүнбөйм. "Кечиресиз, мен түшүнбөйм" деп англисче айтам деп, шашып кетип "Сенькю" деп жибердим эле, мага үмүт арткан аял көзүн алайткан бойдон жолуна түштү.
Би-Би-Сиге киргенге чейин "Ленинчил жаш", "Эркин Тоо", "Асаба" гезиттеринде иштеп, аты белгилүү журналисттердин катарына туруп калгам. Бир эле мезгилде кабарчынын, милициянын, соттун, аналитиктин милдетин аткарган советтик журналист элем. Ал эми Би-Би-Сиден нукура журналисттик мектептен өттүм. Маалыматты ар тараптан тактаган, ар башка пикирлерди жыйнаган, ар бир фактыга жана ар бир сөзгө жоопкер журналист болуп чыктым.
Би-Би-Сиден өмүр бою эсимде кала турган төмөнкүдөй журналисттик сабактарды алдым:
- Би-Би-Синин тили жөнөкөй жана түшүнүктүү болот, аны президент да, үйдө отурган кожейке да бирдей түшүнүүгө тийиш
- Текстти жасалма эмес, табигый үнүӊ менен, аудиторияга айтып берип жаткандай оку
- Би-Би-Синин ар бир сөзү, ар бир сүйлөмү иштеши керек. (Мисалы: "ушул багытта иштер жасалып жатат" дегендей дежур сүйлөмдөр жазылбайт)
- Угарманды эки анжы кылган, аягы арсар калган сүйлөмдөр болбойт. (Мисалы: "болсо керек", "эле", "го", "окшойт" ж.б.у.с.)
- Кер какшык, мыскылдаган сөздөр болбосун
- Адамдын керт башына асылба, жеке турмушуна кийлигишпе
- Көзүӊ жетип турса да, ырасмий тастыкталбаган кабарды жарыялаба
- Би-Би-Си өз атынан террорчу, экстремист, бандит, кылмышкер деп айтпайт
- Ким бирөөлөрдүн согушка, зомбулукка чакырган ураандарына орун бербейт.
Ушул соңку эрежеге байланыштуу бир мисалды айта кетейин. 2005-жылы мартта Аксыдан нааразы адамдар Бишкектин күн батыш тарабына чогулуп, шаарды көздөй жүрүш башташты. Алар "Элин аткандарга, жерин саткандарга өлүм!", "Акаев кетсин!" деп бир ооздон ураан таштап баратышты. Репортаж жасап Лондонго салдым. Кечинде эфирден чыкканда "Акаев кетсин!" деген калып, өлүм деген үндөр алынып салыныптыр. Эмнеге алдыӊар деп Лондонго жазсам, "Би-Би-Си" андай чакырыктарды таратып, көпчүлүктү козутууга акысы жок дешти.
Би-Би-Сиден ар бир маалыматка, ар бир сөзгө жоопкер мамилени үйрөндүм. 1999-жылы Баткенге сырттан согушкерлер басып кирип, жапондук 4 геологду туткунга алганда Бишкекке дүйнөлүк дөө-шаа маалымат компанияларынын кабарчылары келди. Ошондо Би-Би-Синин башкы офисинен Луиз Идальго аттуу кабарчы айым менен чогуу иштеп калдык. Бул арык,чыканактай кабарчыдан чыныгы журналист кандай болуш керектигин үйрөндүк. Ар бир маалыматты ар тараптан тактамайын эфирге жөнөтпөйт. Бир окуя. Кайсы бир компаниядагы кесиптешибиз "Кыргызстандын коргоо министрлиги Баткенге согуш абалын жарыялады" деген кабарды дүйнөлүк маалымат тасмасына чыгарып жиберет. Луиз Идальго бул маалыматты эң жогорку деӊгээлде тактоо керек деп талап кылды. Анда президенттик администрациянын коргоо маселелери боюнча өкүлү Болот Жанузаков гана ырасмий булак болгон. Караӊгы кирип калган. Ал кишини таппайбыз. Басма сөз бөлүмүнө чалсак, бизде андай маалымат жок дейт. Кыргызстандын Конституциясы боюнча согуш абалын президент жана парламент гана киргизе алат деп далилдегениме да Лондондон келген кесиптеш көнбөдү. "Баары бир тактоо керек". Акыры Болот Жанузаковдун үйүнүн телефонун таап, чала баштадым. Зайыбы алып, ваннада экенин айтты. Саналуу мүнөттөрдөн кийин эфир башталат, Буш-Хауста (Би-Би-Синин Лондондогу офиси жайгашкан имарат) бардык тилдеги кызматтар бизди күтүп отурушат. Кайра чалып, Кыргызстанда согуш болуп жатыптыр деген туура эмес маалымат кетип жатат, Болот Чыныбаевич төгүнгө чыгарбаса уят болобуз дедим. Жанузаков телефонду алды, Кыргызстанда согуш абалы киргизилди деген кабар кетип жатканын, чын маалыматты Би-Би-Си аркылуу дүйнөгө тараталы деп быдылдаганга үлгүрдүм. Ал киши эч кандай согуш абалы киргизилбегенин, ага негиз да жок экенин айта салды. Натыйжада Би-Би-Си аркылуу так маалымат чар тарапка тарады. Ошол күндөрү Баткенге кирген куралчан адамдар өздөрү Би-Би-Сиге чыгып, туткундагы жапондор жана кыргыз генералы тирүү экенин, Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга жол ачуу гана талабы бар экенин жарыялап жатышты. Ошондо Би-Би-Си дүйнөдө ким болбосун ишеним арткан маалымат булагы экенине көзүбүз жетип, ушул компанияда иштегенибизге ого бетер дерделеңдеп, сыймыктанып калдык.
Баткен окуялары тушунда кыргыз чиновниктерин кыстап кыргызча сүйлөткөн Би-Би-Си болду. Басма сөз жыйындары "Кабар" маалымат агенттигинде жалаң орусча өтчү. Лондондон ырасмий адамдардын кыргызча үнү болсо жакшы болот эле деген бир чети сураныч, бир чети талап түшө турган. Көрсө ал жерде Кыргызстан эгемен мамлекет болгондон кийин өз тилинде сүйлөшпөйбү деген сөз болсо керек да, биздин кесиптештер намыстанып, кыргызча үн алгыла деп бизди кысташса керек.
Иши кылса, кезектеги орусча пресс-конференция өтүп, суроолор башталды. Ортолоп калган кез эле, Толкунбек Турдубаев кыргызча суроо берсе, чиновник орусча жооп кайтарды. Антсе Толкунбек "мен сизден мамлекеттик тилде сурап жатам, мамлекеттик тилде жооп бериӊиз" деди өктөм. Чиновник буйдалып калды, бирок кыргызча жооп бербей кетип калды.
Дагы бир жолу мен, Толкунбек жана Кубат үчөөбүз чиновник чыгып баратканда жолун тороп алып, орусча айткандарынын маанилүү жерлерин кыргызча кайталоону сурандык. Чиновник шашып жатканын айтат, биз тороп кетирбейбиз. "Орусча билбеген айылдыктар да угушу керек да!" деп Кубат көгөрүп туруп алды эле, чиновник анда тиякка чыгып сүйлөп берейинчи деп, фойеге чыкты, артыбыздан башка кабарчылар жамырап барып, үнүн жаздырып алдык. Ошентип, чиновниктер адегенде фойэде, бара-бара пресс-залда "коркпой" кыргызча сүйлөй башташты.
Би-Би-Си - көп улуттуу жамаат, өӊүнө, тилине, динине карабастан, корпоративдик ынтымакты, эрежелерди, тилектештикти бекем тутунушат. Сенин ийгилигиӊди бүт компаниянын жетишкендиги катары баалашат. Мисалы, 2003-жылы Интерньюстун "Жылдын мыкты журналисти" деген сыйлыгын алып, Лондонго барганда Би-Би-Синин ички мониторунда "кабарчыбыз Султан Жумагулов "Жылдын мыкты журналисти" деген сыйлык алды. Куттуктайбыз!" деп англисче кайра-кайра тегеретип турушту.
Бул компанияда ар бир кабарчысына аяр, мээримдүү мамиле жасашат. Ким бирөө эфирге жетише албай жатса, башка кызматтан болобу, чоӊдорунан бери чуркап келип, "эмне жардам керек?" деп айланчыктай калышат. Чоӊдору да жупуну, кабарчылар менен ашканага түшүп, ким менен болбосун отуруп алып, тамактана беришет. Чоӊдор үчүн жабык бөлмө же лифт көргөн жокмун. Чоӊдору демекчи, машыгууларда "силер кабарды продюсер үчүн эмес, угармандар, коом үчүн жазып жатканыӊарды унутпагыла" деп кулакка куюп турушат. Чоӊдун көӊүлүнө карап эмес, Би-Би-Синин эрежелерине гана таянып жазуу керек.
Би-Би-Синин күчүнүн дагы бир сыры - тынымсыз машыгууларда. Катардагы кабарчыбы, продюсерби - баары машыгат. Буга милдеттүү түрдө өтө олуттуу мамиле жасашат. Машыгуунун түрү көп - текст жазуу, согушта же калайман митингдерде коопсуздук эрежелери, интервью алуу, текстти жана үндү монтаждоо, ал турсун микрофонду туура кармоо... Мындай машыгуулардан өтпөсөӊ, Би-Би-Синин шайма-шай кабарчысы болушуӊ кыйын. Ал эми Кыргызстанда кандай? 10-20 жыл мурдагы дипломун көтөрө чаап турушат. Окуу жана машыгуу - бул тынымсыз процесс, кабарчылар менен продюсерлер спортсмендер сыяктуу күн сайын машыгып, күү-күчүн жоготпой турушу кажет.
Соңку 15 жылда Кыргызстанда журналистикага байланыштуу көп сандаган сабактарды, машыгууларды өткөрүп келатам. 2015-жылы "Журналистикага жол" аттуу китеп колуман чыгып, миӊдеген журналисттер менен студенттерге бекер таратылды. Ошолордун баарынын өзөгүн Би-Би-Синин журналисттик эрежелери жана ушул компанияда иштеген кезде топтолгон тажрыйбалар түзөт.
Кыргызстанда негедир сыртта көп жылдап иштеп жүргөн жердештерибизди кыргыз касиеттеринен ажырап, кара боор болуп калышкандай, өз салттарын чанып, космополит болуп кетишкендей элестетишет. Андай эмес. Сыртта иштеп жүргөн мекендештерибиздин дээрлик баары нукура мекенчилдер. Кыргызстан өнүксө, кыргызды артка тарткан үрп-адаттардан арылсак деп намыстанып турушат, башка жактан сиӊирген жакшы салттарды өздөрүнүн жүрүм-туруму, сөзү менен киргизүүгө далалаттанышат. Андан бери канча жыл өтүп, арада көптөгөн улуттук кызматтар жабылса да, Би-Би-Синин Кыргыз кызматы азыр да кадимкидей иштеп жатканы - биздин мекендештердин мыкты, жигердүү ишинин үзүрү.
Кыскасы, Би-Би-Си менин эл аралык стандарттагы журналист жана менежер болуп такшалуумда чечүүчү роль ойноду. Жашоого көз карашымды өзгөрттү, руханий дүйнөмдү байытты. Эл аралык эң алдыӊкы медиа уюм деп таанылган бул компанияда иштегениме өмүр бою сыймыктанам. Би-Би-Си офисинде ийин тирештирип иштешкен Гүлнарага, Тынчтыкка, Толкунбекке, Арсланга, Кубатка, Акчолпонго, Надырга, Ибраимге, Айзатбекке, Айнарага, Сагынга, Чынарага, Чолпонго, Жыпарбекке, Венерага ыраазымын. Арыбагыла, достор, бир туугандар! Бар болгула!
Азыр артыбыздан келип, Би-Би-Сиде иштеп жаткан кесиптештеримге айтарым: Би-Би-Синин аты улук, ырыскы-кут даарыган мекеме, улуулардын мыкты салттарын уланткыла, өз үнүӊөр менен байыткыла, өркүнүңөр өсө берсин!
Султан Жумагулов, 2016-жыл, Бишкек