You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Конституциялык реформа: Жабык долбоор, жашыруун эксперттер
Кыргызстанда Конституциянын жаңы долбоорун жабык даярдалып жатканы өзүнчө талкууга айланды. Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда баш мыйзамдын жаңы долбоору он чакты күндө даяр болуп каларын билдирген. Бирок бул ишти ким, кайсы мандаттын негизинде аткарып жатканы элге жабык маалымат болуп жатат.
Садыр Жапаров айткан мөөнөткө караганда, баш мыйзамдын жаңы долбоорунун үстүнөн башталган иштер аяктап калгандай. Айрым маалыматтарга караганда, ал эртең коомчулукка чыгарылат.
"Бакиевдин юристи"
Бирок бул иштин элден жабык болуп жатканынын өзү ар кандай жоромолдорго жем таштады. Экс-президент Роза Отунбаева жаңы долбоорду "Бакиевдин юристи" аткарып жатканы жөнүндө Эркин Рыскулбековдун "Иш күнү кечи" берүүсүндөгү маектешүүдө айта кетти. Башкалар бул маселеде ачыктык болбой, баары купуя жүрүп жатканына таң калышууда.
Би-Би-Си президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысына кайрылып, бул ишти ким аткарып жатканын сурады.
"Референдумду дайындоо жана жаңы Конституцияны иштеп чыгуу боюнча ишти Жогорку Кеңештин депутаттары алып барып жатат. Булар өздөрү юристтерди, эксперттерди топтоп, өздөрүнүн демилгеси менен даярдап жатат. Булар эксперттик топ түзөт экен, ал элден, башка жактан коомчулуктан келген сунуш пикирлеринин баарын топтоп, жыйынтыгында акыркы варианты пайда болот. Долбоордун өзү болсо жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин сайтына илинет",-деди Нургазы Анаркулов.
Ал эми Жогорку Кеңештен баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазуу иштери жөнүндө буга чейин эч кандай билдирүү болгон эмес, тийиштүү маалыматты анын сайтынан да карап таппадык. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова өз кезегинде Би-Би-Сиге өзүнчө такталган маалымат бере албады.
"Жасалма таңуулоо"
Ошол эле учурда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазуу ишинин өзү мыйзамсыз деген каршы пикирлер болуп атканын айта кетели. Сания Токтогазиева конституциялык реформанын алкагында иш баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө гана болушу керек, аны бүтүндөй алмаштыруу же жаңыртуу мыйзамсыз деп билдирүүдө.
"Кыргыз Республикасынын Конституциясы, тактап айтканда, 114-берене демилгечилерге ушул Конституцияга өзгөртүү гана киргизүү укугун берет, аны жаңы Конституция менен алмаштыра албайт. Бизде болсо азыр, баш мыйзамдын иш жүзүндө толугу менен алмаштырылышы болуп жатат. Конституциянын долбоорун коомго жана өлкөгө жасалма "таңуулоо" болуп жатат. Конституциянын долбоорун даярдоонун купуялуулугу жана ачык-айкын эместиги байкалат, бул процессте кайсы юристтер / эксперттер катышкандыгы белгисиз",-деди эксперт.
Октябрдын башындагы парламенттик шайлоо чырга айланып, жараксыз болуп жарыяланып, президент менен өкмөт отставкага кетти. Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн келерки жылдын биринчи жарымына которуп, эң алды конституциялык реформаны өткөрүп алуу керек деп чечти.
"Президенттик башкаруу"
Конституциялык реформанын максатын Садыр Жапаров өзү эң биринчи кезекте өлкөнү башкаруу формасын тандап алуу деп билдирген эле:
"Азыр бизде парламенттик башкаруу. Бул жерде президенттик башкаруу деген сунуш болуп жатат. Парламент аралашма болсун деп жатат: жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык".
Кыргызстан 2010-жылы элдик толкундоо менен бийлик алмашканда баш мыйзамды өзгөртүп, парламенттик башкаруу жолуна түшкөнүн жарыялаган. Бирок иш жүзүндө чыныгы парламенттик башкаруу болгон жок. Ыйгарым укуктары кыскарса дагы президент баары бир саясий үстөмдүк кылып келди.
Парламент президенттин айтканын кыңк дебей аткарып, акыры бийликтин нотариусу деген атка конду. Ошол себептүү партиялык-парламенттик башкаруудан элдин көңүлү калгандай. Бирок президенттик башкаруу бир адамдын диктатурасына алып келет деп кооптонуп, ага кайтып келүүгө каршы маанай да коомдо күчтүү экени көрүнүп турат. (КС)