"Жаңы Конституция долбоору он чакты күндө даяр болот"

Кыргызстанда шайлоодон чыккан чырдын натыйжасында бийлик алмашкандан кийин кезектеги конституциялык реформага даярдык көрүлүүдө. Конституциянын жаңы долбоору он чакты күн ичинде даяр болорун премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Нарын шаарындагы сапары учурунда билдирди.

Баш мыйзамдагы эң негизги өзгөрүүлөр биринчи кезекте мамлекеттик башкаруу моделине тийиштүү болмокчу. Бул жөнүндө Садыр Жапаров бүгүн Нарын шаарындагы жолугушууда билдирди.

«Конституциянын долбоорун даярдап бүтүп калышты. Он чакты күндүн ичинде чыгарат. Элге талкууга коёбуз. Эл өзүңөр чечесиздер. Азыр бизде парламенттик башкаруу. Бул жерде президенттик башкаруу деген сунуш болуп жатат. Парламент аралашма болсун деп жатат: жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык. Аны өзүңүздөр менен кеңешип чечебиз. Анан курултай институтун киргизебиз. Жылына бир жолу бардык айылдардан 2-2,5 миң адам Бишкекке чогулуп, президенттен жана парламенттен отчёт алып турасыздар».

Кыргызстан 2010-жылы элдик толкундоо менен бийлик алмашканда баш мыйзамды өзгөртүп, парламенттик башкаруу жолуна түшкөнүн жарыялаган. Бирок иш жүзүндө чыныгы парламенттик башкаруу болгон жок. Ыйгарым укуктары кыскарса дагы президент баары бир саясий үстөмдүк кылып келди. Парламент президенттин айтканын кыңк дебей аткарып, акыры бийликтин нотариусу деген атка конду. Ошол себептүү парламенттик башкаруудан элдин көңүлү калгандай.

Курултай демекчи, бул баш мыйзамга кирген. Өлкөдө тиги же бул маселе боюнча коомдогу күчтөр чогулуп, курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Бирок бул жолу парламент менен президенттен отчет алып турган элдик курултай жөнүндө сөз болуп жатат.

"Элдик курултайды саясий системабызга киргизели деп айтып келатабыз көп жылдан бери. Курултай институтун бийлик бутактарын көзөмөлдөп отчет талап кылгандай, элдик бийликтин рычагы катары колдонуунун айтып жатканы, албетте, бизди кубандырат",-деди курултай менен башкаруу зарылдыгы жөнүндө буга чейин көп айтып келген коомдук ишмер Кадыр Кошалиев.

Дагы бир орчундуу талкуу болочок парламенттин түзүлүшү жөнүндө болуп жатат. Депутаттардын санын кыскартуу менен аларды бир мандаттуу округдан шайлоого кайтып келүү жөнүндө сунуштар болууда. Бирок он жыл мурдакы конституциянын атасы атыккан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул артка кеткендик болот деп эскертүүдө.

Ошол эле учурда Кыргызстанда партиялар өспөй калганын, соңку саясий кризистин себеби ошол партиялык кризистен келип чыкканын айтып жатышат.

"Эч кандай идеологиясы, программасы жок адамдар акча чогултуп, биз партиябыз деп эле чыгып атышат. Демек, биздин партиялардын коомдун ичинде, элдин ичинде эч тамыры жок, социалдык юазасы жок. Ошон үчүн бул партиялык система бизде иштебей жатат, келечекте да иштебейт",-дейт саясат таануучу Азамат Темиркулов.

Кыргызстанда октябрда массалык тополоңдон кийин бийликке келген күчтөр кырдаал мыйзамдык нугуна кайтып келгенин билдирүүдө. Ошол эле учурда жаңы өкмөт кабыл алган чечимдердин айрымдарынын легитимдүүлүгү талаш туудуруп турган учур.

Президенттик шайлоо 10-ноябрга дайындалган, ал эми парламенттик шайлоонун мөөнөтү жаңы жылдын биринчи жарымына которулду. Алардан биринчи конституциялык реформа өткөрүп алуу зарылдыгы айтылууда. Баш мыйзамга өзгөртүүлөр адегенде конституциялык кеңешмеде карап талкууланып, жалпы элдик референдумда кабыл алынат деген билдирүү болгон.(КС)