Мексикада наркобарон түрмөдөн качты

Буга чейин Мексиканын улуттук коопсуздук боюнча комиссиясынын билдирүүсүндө Гусманды акыркы жолу ишембиде Альтиплано абагындагы жуунучу жайдан көрүшкөнү айтылат

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Буга чейин Мексиканын улуттук коопсуздук боюнча комиссиясынын билдирүүсүндө Гусманды акыркы жолу ишембиде Альтиплано абагындагы жуунучу жайдан көрүшкөнү айтылат

Мексикалык “№1 наркобарон” эсептелген Хоакин Гусман жер астындагы бир чакырымдай өтмөк аркылуу түрмөдөн качкан. Бул туралуу жергиликтүү бийликтер маалымат таратты.

Буга чейин Мексиканын улуттук коопсуздук боюнча комиссиясынын билдирүүсүндө Гусманды акыркы жолу ишембиде Альтиплано абагындагы жуунучу жайдан көрүшкөнү айтылат. Учурда бийлик Синалоа картелинин башчысын табуу үчүн полициянын түп көтөрдү.

Жолдордун баарына өтмөктөр коюлуп, авто унаалар тыкыр текшерүугө алынууда. Жакынкы аэропорттордо каттамдар убактылуу токтотулду. Синалоа наркокартели АКШга мыйзамсыз ташылган баңгизаттарынын белгилүү бир бөлүгүн көзөмөлдөйт деп айтылат.

Белгилүү болгон маалыматтарда Гусмандын курагы 56 же 57 жаштарда

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Белгилүү болгон маалыматтарда Гусмандын курагы 56 же 57 жаштарда

Гусмандын абактан качышы Мексика президент Энрике Пенья Ньетонун админстрациясы үчүн оор сокку болду. Ал наркокартелдердин башчылары менен активдүу күрөш жүргүзүп жаткан эле. Пенья Ньето бийликкке келген 2012-жылдан бери алты мексикалык наркокартелдин башчысы кармалып, арасында атып өлтүрүлгөндөрү бар.

Гусман биринчи жолу 1993-жылы Гватемалада кармалып, Мексикага алып келинип, 20 жылга эркинен ажыратылган. 2001-жылы Гусман абак кызматкерлерин сатып алып, эң катаал кайтаруудагы түрмөдөн качып кеткен деп айтылып жүрөт.

2014-жылы Синалоа штатында кайра кармалган. Белгилүү болгон маалыматтарда анын курагы 56 же 57 жаштарда. АКШнын баңги бизнесине каршы күрөшүү агенттиги дагы Гусманды эл аралык издөөгө алып, Мексикадан экстрадиця кылуунун талап кылып келатат.

Гусман башында турган наркокартель кокаин, героин жана марихуананын АКШ эле эмес, Европа, Азиянын өлкөлөрүнө мыйзамсыз ташып, Мексикадагы наркотоптордун ортосундагы айгышкан согуштарда негизги ролду ойноп келатат. Мындай таасир талашкан каршылашуулардан соңку жылдары он миңдей киши өлгөн.