Пешавардагы мектеп кайра ачылды

Сүрөттүн булагы, AFP
Пакистандын Пешавар шаарындагы мектеп 16-декабрдагы кол салуудан кийин кайрадан иштеп баштады. Талибдердин кол салуусунан 100дөн ашуун бала каза тапкан эле. Кол салуу болгон күндөн бери мектеп жабык турган.
Өлкөдөгү күч органдарынын маалыматына караганда, чабуулда жети талиб жанкечтиси уюштурган. Пакистандык “Талибан” кыймылынын өкүлү мектепти басып алуу Пакистан армиясынын таибдерге каршы аракетине жооп болду деп билдирген эле.




