Путин Шойгуну министрликтен Коопсуздук кеңешине которду

    • Author, Роберт Пламмер
    • Role, BBC News

Россиянын президенти Владимир Путин эчактан берки союздашы Сергей Шойгуну кетирип, башканы дайындаганы маалым болду.

68 жаштагы бул ишмер Коргоо министрлигин 2012-жылдан бери башкарып келди жана эми Коопсуздук кеңешинин башчысы болуп дайындалды.

Орус парламентинин жогорку палатасы жарыялаган документтерде Шойгунун ордуна вице-премьер Андрей Белоусов келери айтылат.

Шойгу Россиянын Украинадагы согушунда маанилүү ролду ойноду.

Орус өкмөтүнүн документтеринен көрүнүп тургандай, Путин Шойгуну таасирлүү коопсуздук кеңешине Николай Патрушевдин ордуна коймокчу. Патрушевдин жаңы кызматы азырынча белгисиз.

Шойгу президент Путин менен тыгыз байланышта жана аны өзүнүн жери Сибирге балык уулоого алып барат.

Аскердик билими жок болгонуна карабастан, ага коргоо министринин портфели берилген, бул айрым жогорку жетекчилердин кыжырына тийбей койгон жок.

Кесиби боюнча инженер-куруучу Шойгу 1990-жылдары өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепетин жоюу министри катары белгилүү эле.

Коргоо министри болуп турганда, айрыкча, Россия Украинага басып кирген соңку эки жылда Шойгу бул кызматта өзүн ыңгайсыз сезип калган дейт Би-Би-Синин аналитиги Дэнни Эберхард.

2023-жылы Шойгуга Россиянын коргоо министрлигинин Украинадагы согуштагы аракеттерин катуу сындап чыккан "Вагнер" жеке менчик армиянын башчысы Евгений Пригожин менен касташып-кармашууга туура келди.

Москвага каршы козголоң чыгарган Пригожин интернетке тараган аудио билдирүүлөрүндө Шойгуну "айбан" жана "улгайган клоун" деп жамандаган болчу.

Жалданма аскерлердин башчысы 2023-жылдын августунда Санкт-Петербургдан Москвага учуп бара жатып учак кырсыгынан каза болду. Кремль буга тиешеси жок экенин айтып келет.

Шойгунун ордуна сунушталган Белоусов аскердик тажрыйбасы аз экономист жана айрымдар үчүн күтүүсүз адам болот.

Бирок, башка талдоочулардын пикиринде, бул кадам президент Путин Россиянын экономикасын аскердик багыт менен эриш-аркак келтирүүгө умтулуп жатканын көрсөтөт.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков аскер эмес адамды дайындоо сунушу коргоо министринин кызматы "инновацияны" талап кылып жатканын билдирет дейт.

Анын айтымында, Россия ИДПнын олуттуу бөлүгүн аскердик чыгымдарга жумшаган 1980-жылдардын ортосунан берки Советтер Союзуна окшошуп баратат.

Ошондуктан, Россиянын аскердик чыгымдарын жалпы экономикага жакшы интеграция кылган саясатты камсыз кылуу зарыл.

"Ким инновацияга ачык болсо, ал согуш талаасында жеңишке жетет",- деди ал.

Би-Би-Синин Россиядагы редактору Стив Розенберг Шойгунун кетип жатканы күтүүсүз деле эмес деп билдирди, анткени анын позициясы алсырап, кызматынан айрылып калышы мүмкүн деген сөз көптөн бери болуп келатат. Россиянын Украинадагы аскердик өнөктүгү көп кемчиликтер, аскер менен техникада чоң жоготуулар менен коштолду.

Коргоо министри кызматына экономисттин дайындалышы Кремлдин саясатынын негизги багыттарынын өзгөрүп жатканынын белгиси, дейт Стив Розенберг. Россиянын экономикасы азыр аскердик абалда, ошондуктан Коргоо министрлигинин согушту каржылоого жетиштүү акчасы болушу керек.

Россиянын көз карандысыз The Bell сайты келтирген, аты аталбаган өкмөт өкүлүнүн айтымында, Белоусов "Россияны душмандар курчап турат деп эсептеген мамлекеттин күчтүү коргоочусу" катары каралууда.

Президент Путин сыяктуу эле, ал орус православ чиркөөсүнө жакын. Президент Путин сыяктуу эле ал дагы жаш кезинде каратэ жана самбо менен машыккан согуш өнөрүнүн ышкыбозу деп айтышат.

Вице-премьер болгонго чейин бир нече жыл Путиндин жардамчысы болуп иштеген. Андан мурда экономикалык өнүгүү министри болгон.

Айрым маалыматтар боюнча, ал президенттин экономикалык чөйрөсүнөн 2014-жылы Крымды аннексиялоону колдогон жалгыз мүчөсү болгон.

Путин Россиядагы акыркы шайлоодо 87% добуш алып ишенимдүү жеңип чыккандан кийин, шейшембиде бешинчи жолу президенттик антын берди.

Кызматын сактап калган Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн арасында ветеран министри Сергей Лавров бар. (КС)