You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Биз керемет болот деп күтпөйбүз". Украина Рождествону согуш шартында тосту
Украинанын көпчүлүк калкы православдар жана Рождествону Юлиан календары боюнча 7-январда тосушат. Бирок дүйнөдөгү көпчүлүк христиандар сыяктуу эле Иса пайгамбардын туулган күнүн 25-декабрда майрамдагандар бул жакта да барган сайын көбөйүүдө.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ишембиде кечинде элине майрамдык куттуктоо жолдоп, согуштун азабына кайраттуу жана бекем болууга чакырды.
"Бүгүн кимдир-бирөө Бахмут, Рубежный, Кременнойдун асманынан биринчи жылдызды көрөт. Кимдир-бирөө майрамды бөтөн үйдө, бирок бөлөк эмес, баш паанек берген өзүбүздүн эле украиндер менен тосот. Кимдир-бирөө "Щедрикти" (Рождестводогу украин ыры) башка тилде- Варшавада, Берлинде, Лондондо, Нью-Йокто, Торонтодо жана башка көптөгөн шаарларда жана өлкөлөрдө угат. Ал эми кимдир-бирөө Рождествону абакта тосот, бирок эсине түйсүн, биз өзүбүздүн адамдар үчүн келебиз, бардык украиндерге эркиндикти кайтарып беребиз",-деди Зеленский.
"Ким каякта болбосун, бүгүн биз баарыбыз биргебиз. Каалоо-тилектерди айтабыз. Баарыбыз бир кубанычка бөлөнөбүз. Чындыкты түшүнөбүз. Баарыбыз үчүн бир гана чындыкты".
"Биз адаттагыдай эле майрамдайбыз. Биз жылмайып кубанабыз. Адаттагыдай эле. Бир гана айырмасы бар: Биз керемет болот деп күтпөйбүз, биз аны өз колубуз менен жаратабыз", - деди украин президенти.
Көптөгөн украиндер Рождествону фронтто тосушту.
Рождество майрамында артисттердин тобу Харьков областындагы алдыңкы позицияда турган Улуттук гвардиянын жоокерлерине келишти.
Православ чиркөөсүнүн динаятчысы Александр фронттун алдыңкы сызыгында майрамдык диний ырым-жырымдарды аткарды.
Бахмут районунда айыгышкан салгылашуулар уланууда. ИИМдин "Днепр-1" спецназ полкунун жоокери фронттун сызыгында Рождество балатасынын жанында.
Бахмутта калган жайкын тургундар кезектеги артиллериялык соккуну күтүп турушат.
"Украинанын аскердик-аба күчтөрү өлкө мейкиндигинде Сантаны куттуктап, ага коопсуз учууга кепилдик берди", - деп айтылат Украинанын аскердик аба күчтөрүнүн "Твиттердеги" баракчасында.
Ал эми Днепрдин батышындагы Славянскинин балдарына белектерди Аяз Ата жолтандабас унаа менен алып келүүдө.