“Москва кандай чечсе, ошондой болот”: Борбордук Азияда америкалык жаңы аскер базаларынын пайда болуу ыктымалдыгы

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШ ушул жылдын 11-сентябрына чейин Ооганстандан аскерин алып чыгып кеткен жатат. Пентагон чыккан аскерин Ооганстанга жакын өлкөлөргө жайгаштырууну көздөп жатканын, анын ичинде Өзбекстан менен Тажикстандын дагы каралып жатканын расмий эмес маалыматтарга таянып The Wall Street Journal жазып чыкты. Ал эми өлкөнүн ичинде АКШнын аскери кеткен жердин баарында Талибан ыкчамдык менен өзүнүн көзөмөлүн орнотууда. Би-Би-Си Ооганстандагы өзгөрүп жаткан кырдаалдын Борбордук Азиянын коопсуздугуна таасири кандай болорун сурап геостратегиялык саясатты иликтеген Марат Мүсүралиевге кайрылды.
М. Мүсүралиев: Анда кайрадан баягыдай болот. Эсиңиздеби, 2001-жылы талибдер бүт Ооганстанды басып, Аму-дарыяга, Пянжга чыгып баштаганда кандай чаралар көрүлгөнү. Биринчиден, ЖКК бул жакта өзүнүн күчүн көбөйттү. Экинчиден, Америкада 11-сентябрда болгон террордук окуядан кийин АКШнын аскери Ооганстанга кирди, андан бери мына 20 жыл болду. АКШнын аскери турганда Ооганстанда бир аз болсо дагы туруктуулук болду, алар чыккандан кийин бара-бара күчтөрдүн катышы, албетте, аябай өзгөрөт. Америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийин Кабулдагы борбордук өкмөт башка күчтөр менен сүйлөшүү жүргүзөт, бирок бир чечимге келишпесе, анда тынчтык болбойт. Ал жакта акыркы элүү жылдан бери туруктуулук жок. Статистиканы карасаңыз, жылына орточо эки жарым миң теракт болот. Башкача айтканда, күнүгө алты-жети теракт болот. Жаңы мектеп ачылса, террорчулар бир айдын ичинде эле аны жардырып жок кылышат окуучу балдары менен кошо.
Бирок мен Ооганстандан бизге чейин диверсанттык күчтөр өтүп келиши мүмкүн эмес деп ойлойм. Өзүнчө майда отряддар эле келбесе. Анткени, согушта токсон пайыз каражат логистика. Логистика алар үчүн мүмкүн эмес. Орустардын аскердик аба күчтөрү, Сириядан көрдүк го, аларды Пянждан бери өткөрбөйт. Айрым деңгээлде кырдаал курчушу ыктымал, бирок биз үчүн анчалык кооптуу деп ойлобойм. Бизде орустардын аскердик базасы бар, Тажикстанда аскердик база бар. Албетте, америкалык аскерлер Ооганстандан чыккандан кийин ага жакын өлкөлөрдөн конуш издейт болуш керек.
Би-Би-Си: Айткандай эле, Кошмо штаттар өзүнүн аскерин жайгаштыруу үчүн Борбордук Азиядагы Өзбекстан менен Тажикстанды карап жатканын The Wall Street Journal расмий эмес маалыматтарга таянып, жазып чыкты. Бул өлкөлөр Москвага кылчактабай, АКШ менен өз алдынча сүйлөшүүгө барышы канчалык ыктымал?
М. Мүсүралиев: Бул алар тарабынан расмий эмес деңгээлде болуп жаткан сунуш болсо керек. Эгер кайсы бир өлкөлөрдүн кызыкчылыгы бар болсо, анда расмий түрдө кайрылат. Бирок мындай чечимди кабыл алыш үчүн Москванын көзүн карап, Кремль кандай чечсе, ошого жараша мамиле кылат. Эгер Москва каршы болсо, анда чечим кабыл алуу оор болот.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Би-Би-Си: Убагында АКШнын аскер базасын Кыргызстандан чыгаруу чечими дагы Москванын кысымы алдында болбоду беле, ал баарына түшүнүктүү го.
М. Мүсүралиев: Ооба, так ошондой. Биз мисалы Өзбекстандай көз карандысыз эмеспиз да. Экономикалык жагынан мигранттардын жиберген каражаты ИДПнын 32% түзөт. Биз кааласак да, каалабасак да, өзүбүздүн чечимди кабыл алыш үчүн адегенде Москванын көзүн караганыбыз караган.
Би-Би-Си: Кыргызстан менен Тажикстандын абалы түшүнүктүү, геостратегиялык контекстен алганда алар субъект эмес, объект катары каралып келатат. Ошол эле убакта бул региондогу башка өлкөлөрдүн өз алдынча чечим кабыл алуу потенциалы канчалык?
М. Мүсүралиев: Субъект - Өзбекстан менен Түркмөнстан. Алар экономикалык жагынан жүз пайыз болбосо да, элүу пайыздан көбүрөөк көз карандысыз. Калган өлкөлөргө бир топ оорураак. Казакстан дагы көз карандысыз, бирок ал деле чоң мамлекеттер Кытай жана Орусия менен жакшы мамилесин кармагысы келет, анын дагы өзүнчө кыйынчылыгы бар.
Кыргызстанды айта кетейин, эгемендиктин отуз жылында бир да километр темир жол салган жокпуз. Бир да туннел салган жокпуз. Мисалы, Өзбекстан Фергана өрөөнүндө 19 киломерлик туннел салышты. Биз анда төрт эсе кыска туннелди алты жылдан бери сала албай атабыз. Отуз жылда Камбар-Ата ГЭСинин үч агрегатынын бирөөн гана орноттук. Бишкек ЖЭБди реконструкция кылышты, аны деле биз жасаган жокпуз. Кытай карызга жасады. Ал боюнча канча кылмыш иш козголду.











