Мигранттардын чыгып кетиши: Лондон жана Москва

Сүрөттүн булагы, Universal Images Group
Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Британияда калктын саны кескин кыскарды. Пандемиядан улам өлкөдөн 1,3 млн чамалуу мигрант чыгып кетти дейт эксперттер. Британдык улуттук статистика бюросу мындай абалды байкаган эмес.
2004-жылы бир нече өлкө, анын ичинде Литва, Латвия, Эстония, Румыния жана Венгрия Европа Биримдигинин курамына кошулган. Ушундан кийин Чыгыш Европадан Британиянын көздөй жүз миңдеген мигранттар агылды. Бирок чиновниктер бир топ мезгиле чейин калктын саны кандай өзгөргөнүн биле алган эмес.
Ошол мезгилде Англия банкын жетектеген Мервин Кинг өлкөгө келген мигранттар санын так эсептөөгө мүмкүн эмес экенин моюнуна алган эле. Азыр дагы ошондой абал болуп жатат. Экономисттер Жонатан Портес менен Майкл О'Коннор изилдөө жүргүзүп, 2019-жылдын үчүнчү кварталынан 2020-жылга чейин Британиядан 1,3 млн мигрант чыгып кетиши мүмкүн экенин айтты. Лондондун өзүнөн эле 700 миң киши чыгып кеткен. Бул баш калаадагы калктын сегиз пайызын түзөт. Бул сандар так эмес экенин изилдөө авторлору моюнуна алууда. Бирок расмий статистикага салыштырмалуу кырдаалды ачык баалаган деп эсептешет авторлор.
Портес менен О'Коннор мигранттардын мындай абалын коронавирус пандемиясынан улам жумуш орундары кыскарып кеткени менен түшүндүрөт. Көбүнчө мигранттар эмгектенген мейманкана бизнеси жана туризм тармактары пандемиядан оор соккку алды.
Мындай сандардын башка дагы түшүндүрмөсү болушу мүмкүн. Көпчүлүк университеттер онлайн окутууга өткөндө чет жерлик студенттер мекенинде эле калып, окуусун улантууда.

Сүрөттүн булагы, AFP
Британдык улуттук статистика бюросу өлкөдө олуттуу деле өзгөрүү болгон жок деп эсептейт. Өткөн жылга салыштырмалуу жумушка орношуу 0,4% өскөнүн айтууда. Тагыраагы, 66 миңдей киши жумушка орношкон. Бул жерде маселе Британдык улуттук статистика бюросу эмгек базарын сурамжылоо аркылуу баалап, ага британдыктар дагы, мигранттар дагы катышкан. Мындан сырткары маалыматтар мурда аэропорттордо жыйналса, азыр мындайга мүмкүн эмес. Лондондогу эң ири Хитроу аэропортунда локдаунга байланыштуу жүргүнчү агымы 88% кыскарган. Аэропорттун жетекчилиги терминалдардын бирин кеминде бир жылга жабуу чечимин кабыл алган.
Көпчүлүк адистер изилдөөчүлөрдүн тыянагы менен макул. Мунун негизги себеби брексит эмес, пандемия деп тыянак чыгарууда.
Москвадагы абал

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өткөн жылдын октябрында Москванын жергиликтүү бийлиги чет жерлик жумушчу күчү 40 пайызга кыскарганын билдирген. ЖМКлар жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен курулуш жана коммуналдык кызматтар жабыр тартканын жазып чыгышты.
Мигранттардын мындай агымы пандемияга байланыштуу деп айтылды. Марттагы локдаун учурунда көпчүлүк мигранттар өлкөсүнө чыгып кете албай калышкан. Кийин темир жол бекеттеринде, аэропортто, чек арада жыйналып калган Борбор Азиядан келген мигранттардын маселеси курч коюлуп турду.
Журналисттер курулуш тармагындагы жумушчу күчтүн жетишсиздигинен көпчүлүк объектилерде иш токтоп калганын жазган. Марттагы карантин маалында Орусиянын Эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат боюнча академиясынын эсебинде, мигранттардын 54 пайызы жумушсуз калды же акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыкты. Мигранттардын 32 пайызы киреше булактарынан ажырады. Изилдөөдө Орусиядагы мигранттар эпидемиологиялык жактан эң кооптуу абалда деп көрсөтүлөт. Мигранттар топтошуп, көбүнчө жатаканаларда жашайт.
Кыргызстандык мигранттардын басымдуу көпчүлүгү Москва шаарында эмгектенет. Коронавирус курчуган июнь-сентябрь айларында өткөн жылга салыштырганда мигранттардын акча которуусу 21,8 пайызга азайган. Орусияда экономикалык оорчулук жаралып, көптөгөн кыргызстандыктар мекенине кайтып келүүгө аргасыз болду.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу консулдук кызмат боюнча департамент 2020-жылы февралдан сентябрга чейинки аралыкта 51 777 жаран кайтып келгенин билдирген эле.

Сүрөттүн булагы, NURPHOTO
"Орусия менен Британиядагы абал окшош сезилиши мүмкүн. Деген менен Лондондо жогорку квалификациялуу мигранттар көп жана айлык акылары дагы жогору",-дейт Жонатан Портес.
2005-жылы Англия банкынын жетекчиси Мервин Кинг эмгек мигранттарынын агымы - экономиканын серпилгич күчү деп айтканы бар. Азыркы абалда кыска убакытка британ баш калаасы үчүн мигранттардын чыгып кетиши жагымдуу болушу мүмкүн. Жумушсуздуктун өсүшү токтойт. Бирок узак мөөнөткө алып караганда маселе бар деп жазат Financial Times. Эгерде коронавируска эмдөө тыянагын берип, экономика калыбына келсе, жашоо мурдагы нугуна түшсө, британдык эмгек базарында маселе жаралат. Жумуш берүүчүлөр брекситке байланыштуу мурдагыдай биримдиктин ичинен жумшчу күчүн жалдай албай калат.
Ушундай эле көйгөйгө Москва кабылды. Айрым компаниялар, ал тургай муниципалдык ишканалар жумушчу күчү үчүн мигранттардын кошумча чыгымдарын дагы төлөп берүүгө даяр. Чет жерлик жумуш издөөчүлөр үчүн ачылган порталдын жетекчиси Светлана Саламованын айтымында, мурда короо тазалоо үчүн айына 25 миң рублга жумушчу табууга мүмкүн болсо, азыр 40 миңге дагы табуу кыйын болуп калды.
Бирок ошол эле маалда Борбор Азия өлкөлөрүнөн миграцияга чыгып кеткендер агымы жандана баштагандай. Өткөн аптада авиабилеттерди арзандатыш үчүн Кыргызстан Орусиядан туруктуу аба каттамдарын көбөйтүүнү суранган. Себеби билеттин баасы кескин кымбаттап, көптөр кете албай калганын даттанууда. Өткөн жылы март айында токтотулган авиакаттамдар сентябрдан жандана баштады. (AbA)













