"Пандемияга алып келе турган коркунучтуу вирус": Кытайда жаңы вирус аныкталды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайдын окумуштуулары грипп вирусунун жаңы штаммын аныктады. Бул жаңы пандемияга алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар айтылууда. Вирус жакында эле пайда болгон жана анын алып жүрүүчүсү чочко.
Адамга жугуу коркунучу бар. Изилдөөчүлөр вирус мутация болуп, адамдан адамга жеңил өтө турган болуп кетиши мүмкүн деп чочулап жатат. Мындай болгондо жаңы глобалдык эпидемияга алып келет.
Окумуштуулар азыркы маалда кырдаал коркунучтуу эмес деп баалады. Жаңы патогендин кишиге жугуу коркунучу жогору жана олуттуу көзөмөлдү талап кылат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ушундай эле мүнөздөгү вирустун массалык эпидемиясы менен буга чейин бет келгенбиз. 2009-жылы Мексикадан башталган чочко тумоосу бир топ түйшүккө салган эле. Башында өлүм-житим көп болот деп күтүлгөн. Бактыга жараша грипп вирусуна окшош болгондуктан, көп кишиде ага иммунитет болгон. Ал эми жаңы табылган вирус кескин айырмалуу деп айтылууда. Ага кишилер туруштук берет же бере албай да калышы мүмкүн.
Ал ортодо Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) билдирүү жасап, коронавирус пандемиясынын оор кесепеттери али алдыда деп айтты.
Уюмдун жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисустун айтымында, эгерде өкмөттөр эпидемияны жоюда туура саясат жүргүзбөсө, вируска кабылгандар саны көбөйө берет. (AbA)





