Эпидемия маалындагы добуш берүү: Түштүк Корея парламенттик шайлоо өткөрдү

добуш берүү жайы

Сүрөттүн булагы, EPA

Түштүк Кореядагы парламенттик шайлоону башкаруучу Бириккен демократиялык партия утуп чыкты. Өлкө президенти Мун Чжэ Индин партиясы 300 орундун 163 мандатына ээ болду.

Божомолдор боюнча аны колдогон дагы бир партия парламенттен 17 орун алат. Ошону менен өкмөттүн парламенттеги добушу 180 болушу мүмкүн.

Түштүк кореялык электорат дүйнөдөн биринчилерден болуп коронавирус пандемиясы маалында добуш берүүгө катышты.

Добуш берүү жайларында социалдык аралыкты бекем сакташып, беткап менен келишти. Алды менен алардын температурасын текшерип, кийин колдорун дезинфекция кылып, анан добуш берүү жайына киргизип жатышты. Ушундай процедуралардан кийин гана бюллетень берилип, желим кол кап кийип анан добуш беришкен.

добуш берүү маалындагы кезек

Улуттук кеңешке 35 партиянын талапкерлери ат салышып, күрөш эки ири партиянын ортосунда жүрдү - башкаруудагы Бириккен демократиялык партия жана оппозициядагы консервативдүү партия.

Адатта өлкөдөгү парламенттик шайлоо алдыдагы президенттик шайлоону аныктайт. Президенттик шайлоо 2022-жылы өтмөкчү.

Катышуу 66 пайызды түзгөнүнө караганда, шайлоочулар вирус жуктуруп алуудан кооптонбогону көрүнүп турат.

добуш берүү жайы

Түштүк Корея тарыхында шайлоону жылдырган учурлар болгон эмес. Ал тургай 1952-жылы Корей согушу маалында дагы президенттик шайлоо өткөн.

Добуш берүү үчүн керектүү шарттарды түзүүгө 550 миң кишиден турган бүтүндөй армия тартылып, 14 миң добуш беруү жайынын баарын дезинфекциялашып, аралыкты сактоо үчүн атайын белгилерди коюп чыгышты.

Өлкөдө эпидемиянын эң жогорку чеги февралда болуп, күн сайын Covid-19 вирусун 900гө чейинки жаңы учурлары катталды. Азыр болсо өлкө кырдаалды көзөмөлүнө алып, күнүгө жаңы учурлар 50дөн аша элек. Covid-19 вирусунан улам көп өлкөлөрдөгү шайлоолор белгисиз мөөнөткө жылган эле. (AbA)