You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Европадагы оор кырдаалга Британия кабылышы мүмкүн, Кыргызстан жана дүйнө
Британия коронавирустан катуу жабыркаган европалык өлкөлөрдүн бири болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу британ өкмөтүнүн башкы кеңешчиси, өзгөчө кырдаалдар боюнча илимий-кеңеш берүүчү топко (SAGE) кирген сэр Жереми Фаррар билдирди.
Британия ооруканаларында Covid-19 вирусунан каза тапкандар саны жалпы 10 миңге жетти. Дем алыш күнү Англияда - 657, Шотландия - 24, Уэльс -18, Түндүк Ирландия -11 киши каза тапкан.
Премьер-министр Борис Жонсон ооруканадан чыкты. Бирок дарыгерлердин кеңеши менен азырынча жумушка чыкпай, ден соолугун чыңдайт деп айтылды.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Covid-19 жуктуруп алгандар саны дүйнөдө 1,7 млн ашты. Алардын 112 миңи каза тапкан. Жаңы катталган учурлардын көбү мурдакыдай эле Европада - 880 миңден ашуун.
"Экинчи, үчүнчү толкундан кача албайбыз"
Британ бийлиги жарандарын зарылчылык болбосо, сыртка чыкпай турууга үндөп жатат. Жекшембиде Жереми Фаррар Би-Би-Сиге берген интервьюсунда, Британия вирустан катуу жабыр тарткан Европа өлкөсүнүн бири болуп калышы мүмкүн экенин айтты.
Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда, Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң чоң жоготуу Италияда - 19 миң. Анын артынан эле Испания, Франция жана Британия.
Германияда болсо жоготуулар 3 миңден төмөн. Жереми Фаррар өтө масштабуу өткөрүлгөн тесттен улам Германияда жоготуулар аз болуп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, маасалык тест алууга мүмкүн болгон өлкөлөрдө Covid-19 вирусуна күмөндөлгөн кишилерди дароо изолияцияга алып жатышат. Ошону менен вирустун андан кийинки тароосун токтотушууда. Бул учурда оорукуналар мыкты даярдыкка келүүгө шарт түзүлүүдө.
Британ бийлиги апрелдин соңуна чейин күн сайын 100 миң тест алуу тууралуу билдирген эле. Бирок бул чекке жетүүгө азырынча мүмкүн болбой жатат.
Фаррар белгилегендей, вирустун жайылышынын экинчи жана үчүнчү толкунунан качууга мүмкүн эмес. Азыркы түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу - вакцинаны иштеп чыгууда эле калды деген ал.
Мындай вакцина күзгө барып даяр болуп калышы мүмкүн. Ошол эле маалда керектүү санда камсыздоо жана миллиондогон кишилерди эмдөө оңой болбойт, деди Фаррар.
Эгерде карантин чаралары сакталбаса, саламаттыкты сактоо тармагы бейтаптар менен күрөшө албай калышы мүмкүн.
"Карантин инфекциянын тароо ылдамдыгын жайлатты",-дейт Би-Би-Синин илимий редактору Дэвид Шукман. Оорунун жеткен чеги бир апта, баликм эки аптадан кийин болушу мүмкүн. Бирок жоготуулар санын эң төмөнкү чекке түшүрүү үчүн канча убакыт сарпталарын азырынча эч ким айта алабайт. Мунун баары кишилер өзүн кандай алып жүргөнүнө байланыштуу.
АКШ: карым-катнашка чектөө, миллиондогон жумушсуздар
АКШда коронавирустан көз жумгандар 20 миңден ашты. Оорунун очогу болуп жаткан Нью-Йорк штатында кырдаал турукташа баштаганы айтылууда. Ишембиде бардык америкалык штаттарга өзгөчө абал киргизилди. Пандемияга байланыштуу катаал чаралар кеминде 30-апрелге чейин уланат.
Өндүрүштүн убактылуу токтотулганы жана өлкөдөгү экономикалык кырдаалдан улам соңку апталарда 16 млн. америкалык жумушсуз калган.
Жабыркаган компанияларга жардам көрсөтүү чаралары конгрессте талкууланып жатат. Демократтар чакан бизнести колдоо жана ооруканаларга, жергиликтүү бийликке колдоо иретинде кошумча 250 миллиард доллар бөлүп берүүнү сунуштады. Бирок бул сунушту республикачылардын таасирдүү лидерлери колдобой жатат.
Испания
Жекшембиде Испанияда коронавирустан 619 киши каза тапты.
Жаңы аныкталган учурлар бир суткада беш миңге көбөйгөн. Испаниянын туризм министри Рейес Марото социалдык аралыкты сактоо чарасы карантинден кийин дагы улана берерин айтты.
El Pais басылмасына берген маегинде Рейес: "Вакцина табылганга чейин эч нерсе мурдакыдай болбойт",-деди.
Кыргызстан
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда коронавирус жуккандар 419 кишиге жетти. Алардын ичинен бешөө каза таап, 67 киши айыгып чыккан.
Коронавирус каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн республикалык штабдын маалыматына караганда, вирус эң көп жайылган аймактарга кошумча дарыгерлер жөнөтүлдү. Вирусту медицина кызматкерлери жуктуруп алган учурлар 79га жеткени айтылды. (AbA)