You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
FaceApp: Карылык же өлүм менен оюн-тамаша
Адамдын сүрөтүн картайтып көрсөткөн мобилдүү тиркеме Интернетте өтө популярдуу болуп, рекорд коюуда. Психологдор мындан жаштардын карылык же өлүм коркунучун жеңүү, аны менен оюн-тамаша кылуу аракетин көрүп жатат.
Сүрөттөрдү "картайтуу" же "жашартуу" 2017-жылы түзүлгөн тиркеменин жаңы функциясы. Мындан мурда FaceApp тиркемесинде ар кандай чач жасалгасын сынап көрүүгө же өзүңдүн башка жыныстагы сүрөтүңдү көрүүгө болот эле.
FaceApp азыр эң популярдуу тиркемелердин ичинде биринчи орунга чыкты, Google Play аркылуу аны жүктөгөндөр 50 миллионго чыкты.
Нейрондук тармак базасында иштеген Апп россиялык компания Wireless Lab тарабынан чыгарылган. Анын башчысы Ярослав Гончаров мурда Яндексте иштеген.
Ошол эле учурда колдонуучулардын маалыматтары эмне болорун, аны ким көрүшү мүмкүндүгүн санариптик эксперттердин ичинен эч ким билбейт. Бирок юзерлердин жеке маалыматтарында бир жаман иш болуп кетет деп жатышат.
Адамды "картайткан" фильтрдин кутургандай популярдуулугунан өзүнчө бир азил-тамашалар да айтылууда. Эң көп жайылган тамаша: ""FaceApp - орустар үчүн пенсиялык куракка жетүүнүн бирден-бир жолу".
Би-Би-Синин орус кызматы психотерапевттерден тиркеменин дүңгүргөн ийгилигинин себебин сурады.
Денис Уваров, психотерапевт:
Бул тиркемени кимдир-бирөө оюн-тамаша кылып колдонуп жатат.
Эгер аны терең психологиялык позициядан карасак, анда карылык бул биздин замандын эң оор көйгөйү, баары карыгысы келбей, узак жашагысы келет. Азыркы адамдар өлүмдөн коркот.
Психологиялык механизмдин бири - ошол коркунучту аң-сезимсиз деңгээлде жеңүү.
Экинчи - бул "агрессиянын чагылышы", эгер адам агрессивдүү жүрүш-турушун сыртка чыгара албаса, ал аны тамашага чалып көрсөтүшү мүмкүн. Биз картайтып көрсөткөн сүрөттөрдүн ийгилигинен ушуну көрүп жатабыз.
Эгер бул тиркеменин жардамы менен 50 жашка эмес, аны 10-15 жашка картайтып көрсөтсө, анда биздин денебиз кандай өзгөрөрүн изилдеп көрсөк болот эле, бул пайдалуу болмок, биз өзүбүздү күзгүдөн карап көрүп деле кээ бир жаман белгилерге көңүл бурбай жүрөбүз го.
Ɵзүңдү башка куракта элестетип карап көрүү - бул өзгөчө өспүрүмдөр үчүн табигый көрүнүш.
Бүт бардык адамдар бул темага жабышат: алар үчүн өздөрүн изилдөө өтө кызыктуу, ошондуктан бул тиркеме аларга кызыктуу болуп жатат.
Виктория Жаденова, психиатр, психоневролог, психотерапевт:
Ар бир эле тиркеме популярдуу боло бербейт. Демек, бул жерде чынында эле бир өзгөчө иш бар.
Мен мындай ишти эч качан жасабай турган адамдардын бул тиркемени колдонуп жатканын байкадым.
Эгер муну психологиянын көз карашынан түшүндүрсөк, анда адамдар эң биринчи эле карылык же өлүм эмне экенин элестетип, фантазиялык ойлорго берилип, натыйжада аны тамашага чалып, күлкүгө айлантып жатышат.
Ошол эле убакта кээ бирөөлөр мындай сүрөттү көрүп, үрөйү учуп жатса, башкалары бул тиркеменин өзү оюн экенин айтып тамаша чалууда.
Бул тиркемени колдонгондордун көпчүлүгү 30-45 жаш куракта, бул учурда адамдар карылык же өлүм эмне экенин ойлоно баштайт. Ошондуктан өлүм коркунучу, анын реалдуулугу адамдарды аны менен ойногонго мажбур кылууда. (КС)