Орусиядагы масштабдуу аскердик машыгуу сүрөттөрдө

Забайкалдагы "Цугол" полигонунда "Чыгыш-2018" аттуу аскер машыгуусунун негизги бөлүгү өттү. Орусиянын Коргоо министрлиги СССР учурунан бери мындай масштабдагы машыгуу болгон эмес деп белгилеп жатат.

Владимир Путин

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бейшембиде Орусия президенти Владимир Путин машыгууларга байкоо салып турду.

Бейшембиде Орусия президенти Владимир Путин машыгууларга байкоо салып турду.

"Чыгыш-2018" машыгуусу Ыраакы Чыгыштагы Орусиянын кургак аймагында жана сууларында 11-17-сентябрга чейин уланат.

"Чыгыш-2018" аттуу аскер машыгуусу

Сүрөттүн булагы, Alexey Nikolsky/Tass

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Машыгууга Кытай жана Монголиянын аскер күчтөрү дагы кошулган.

Машыгууга Кытай жана Монголиянын аскер күчтөрү дагы кошулган. Аскер машыгуусуна катышуу үчүн Кытайдан 24 тик учак жана алты аскер учагы келди. Орусиялык аскер жетекчилери Кытай машыгууга Ми-171 үлгүсүндөгү алты тик учак жана Z-9 үлгүсүндөгү тогуз, Z-19 үлгүсүндөгү тогуз тик учак жөнөткөнүн ырастады. Бирок, аскер учактары кандай үлгүдө экени айтылган жок. Кытайдын Коргоо министрлиги авиациядан сырткары 3200 аскер кызматкери, 900 техника тартылганын айтты.

"Чыгыш-2018" аттуу аскер машыгуусу

Сүрөттүн булагы, Alexey Nikolsky/Tass

Монголия болсо машыгууга катышып жаткан аскер күчтөрү тууралуу расмий билдирүү тараткан эмес.

Аскер күчтөрүнүн алдында сүйлөгөн сөзүндө, Путин Орусиянын эч кандай агрессивдүү пландары жок деп айтты.

Владимир Путин

Сүрөттүн булагы, Tass/Getty Images

"Орусия - тынчтыкты сүйгөн өлкө. Бизде эч кандай агрессивдүү пландар жок жана болушу мүмкүн эмес. Биздин сырткы саясат бардык өлкөлөр менен жемиштүү кызматташтыкка багытталган",-деди Путин.

Украина жана батыш өлкөлөрү Москваны Украинадагы чыр-чатакка аскердик жактан кийгилишип жатат деп айыптап келет. Өткөн жылдагы "Батыш-2017" машыгуусу Европа өлкөлөрүнүн тынчсыздануусун жараткан эле.

Учения Восток-2018

Сүрөттүн булагы, Alexey Nikolsky/Tass

"Чыгыш-2018" машыгуусуна жалпысы болуп 300 миңдей орусиялык аскер кызматкерлери катышууда. Миңге чукул учак жана тик учактар, жерден туруп башкарылган учуучу аппараттар, 36 миңдей танк, бронетранспортер, жана башка аскер унаалары, Аскер-деңиз күчтөрүнөн 80 кеме тартылган.

"Чыгыш-2018" аттуу аскер машыгуусу

Сүрөттүн булагы, Vyacheslav Prokofiev/Tass

Орусиянын куралдуу күчтөрүндөгү жалпы аскерлердин саны бир миллионго чукул киши. Бул жагынан алганда армиянын үчтөн бири машыгууга тартылды.

Чыгыш аскер округунун башкы командачысы, генерал-полковник Александр Журавлев машыгуулар 18 полигондо, анын ичинде үч авиациялык, үч деңиз полигондунда өтүп жатканын маалымдады.

"Чыгыш-2018" аттуу аскер машыгуусу

Сүрөттүн булагы, Alexey Nikolsky/Tass

Бейшембиде машыгуулардын активдүү баскычына 25 миң аскер, жети миң аскер техникасы жана 250 учуучу аппараттар тартылды.

Владимир Путин

Сүрөттүн булагы, Tass/Getty Images

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу "Чыгыш-2018" машыгуусу тууралуу маалымат берип жатып, совет мезгилиндеги "Батыш-81" машыгуусуна салыштырды.

"Батыш - 81" машыгуусу 1981-жылы 4-12-сентябрь аралыгында Белорус, Киев, Прибалтика аскер округдарында, ошондой эле Балтика деңизинде жана Польша аймагында өткөн.

Ал учурдагы машыгуулар дүйнөлүк тарыхта "Кансыз согуш доорундагы" советтик эң масштабдуу машыгуу катары калган.

Учения Восток-2018

Сүрөттүн булагы, AFP

Би-Би-Си баяндамачысы Жонатан Маркустун пикиринде, машыгуунун негизги максаты - "Орусиянын масштабдуу операцияларга тартыла турган заманбап, согушка жөндөмдүү күжүрмөн армиясы бар экенин көрсөтүү". (AbA)

.