Батыш үчүн баш оору болгон Түркия

Donald Trump with Turkey's President Erdogan

Сүрөттүн булагы, EPA

    • Author, Jonathan Marcus
    • Role, Defence and diplomatic correspondent

Батыш мамлекеттери Түркияны маанилүү өнөктөш катары карашат. Бирок соңку кырдаалдан кийин Вашингтон жана Европанын бир нече өлкөсү Анкара "канчалык маанилүү" деген суроо жолдошууда.

Түркия НАТО уюмунун мүчөсү. Анкаранын аскердик базалары АКШнын Жакынкы Чыгыштагы иш аракеттерине өтө маанилүү.

Орусия Кара Деңиздеги аскерлеринин санын көбөйтүп жатканда, Түркия НАТО уюмунун чыгыш чек арасын кайтарып турган мамлекет.

Ошондой эле Түркия Европа Биримдигинин чыгыш тарабындагы стратегиялык мааниге ээ болгон өнөктөшү. Бир учурда Түркия Европа Биримдигине мүчө катары кошулат деген жоромолдор да айтылган. Бирок "президент Эрдогандын авторитардык бийлиги бекемделгенден кийин", бул багыттагы иштер токтоп калды.

Ага карабастан Анкара Европанын өнөктөшү катары кала берүүдө. Түркия Европага болгон миграциянын агымын токтотууга көмөктөшкөн. Мамлекеттин өзүндө үч жарым миллион сириялык качкын баш калкалап келет.

The Nizip 2 refugee camp in Turkey houses Syrian refugees

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиядагы "Низип 2" качкындар лагеринде негизинен сириялыктар баш калкалап келет

АКШ-Түркиянын чыңалган мамилеси

Президент Эрдоган дипломатиялык жана экономикалык кризиске туш болууда. Бул жагдай Түркиянын АКШ менен мамилесин солгундатты.

Анкара ири инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо үчүн карызга акча алып, учурда өлкөнү экономикалык кризис тооруп турат.

Түркиянын тышкы карыз саясатында эки чоң көйгөй бар.

Биринчиден, мамлекеттин чукул арада төлөй турган карызы абдан көп. Түркия мурда алган карыздарын кайтарып бериши керек, ошол эле учурда жаңы алынган карыздардын үстөк пайызын дагы төлөшү керек.

Каржы тармагында иш алып барган адистердин терминин колдонгондо, Түркия карызын төлөш үчүн кайрадан карызга акча алышы керек.

Fitch рейтинг агенттигинин маалыматына караганда, Түркия тышкы карыздарын жабуу үчүн 230 миллиард доллар акчага муктаж.

Экинчиден, көптөгөн түрк компаниялары карызды чет элдик валютада алышкан. Улуттук акча бирдиги кунун жоготкон сайын, карызды кайтарып берүү кымбатка түшүүдө.

A money changer counts Turkish lira banknotes at a currency exchange office in Istanbul

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын акча бирдиги лира жыл башынан бери АКШ долларына карата 30 пайыз кунун жоготту

Андан тышкары Түркия белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен менен кызматташкан деп айыптап, АКШ жараны, христиан пастору Эндрю Брансонду камакка алганына Вашингтон кескин нааразы болуп, Түркияга каршы санкцияларды киргизген.

Бул санкциялар Түркиянын чабал экономикасына катуу сокку болуп жатат.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Түркия НАТО уюмунан чыгып кетеби?

Батыш менен Түркиянын мамилеси мындан ары дагы солгундайбы? Түркияны НАТО уюмунан чыгарып салуу мүмкүнбү?

НАТО уюмунда ага кошулган мүчөлөрдү бир тараптуу чыгарып салуу механизми жок. Анкара өзү уюмдан чыгып кетүүнү өтүнүшү керек.

Кансыз согуш учурунда Түркиянын армиясы чыгыш тараптагы маанилүү оюнчу болчу. Бүгүнкү күнү Түркия Батыш өлкөлөрүнүн Ооганстандагы аскердик аракеттерине көмөк көрсөтүп келет.

Бирок Түркия бир нече жолу НАТО уюму үчүн чоң көйгөйлөрдү жаратып келди. Мисалы, Анкаранын Греция менен араздашканы чоң маселе жараткан.

Russian President Vladimir Putin (R) greets Turkish President Recep Tayyip Erdogan (L)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркия Орусия менен жакындап жатканы байкалууда

Түркия Сириядагы окуялардан улам Жакынкы Чыгыштагы чоң оюнчуга айланганы калетсиз. Арийне, Анкаранын Сириядагы көйгөйдү чечүү үчүн Москвага жакындап жатканы Батыш өлкөлөрүн тынчсыздантууда.

АКШнын Сириядагы күрд куралчандарды колдогону Анкараны көптөн бери нааразы кылып келет. Түркия Сириядагы күрд куралчандарды террордук топ катары сыпаттайт. Сириядагы жарандык согушта эки тарап колдогон топтор бири-бирине каршы ок чыгарган учурлар дагы катталган.

Анкаранын орусиялык абадан коргонуу системасын сатып алуу чечими Батышты таң калдырды. Түркиянын дал ушул чечиминен улам Анкара "канчалык маанилүү өнөктөш?" деген суроолор чыгууда.

Европа Биримдиги менен Түркиянын алакасы

АКШ менен Түркиянын мамилеси солгундап жатканда, Европа Анкарага жакындай алабы?

Европа мамлекеттери Түркиядагы авторитардык режимди сындап, адам укуктары тебеленип жатканын белгилеп жатышат. Бирок Европа Биримдиги Түркиянын экономикасы менен тыгыз байланышкан.

Европанын көптөгөн банктарынын Түркияда кызыкчылыгы бар. Түрк лирасынын кунун жоготкону бул банктарга дагы сокку болду.

Greek soldiers Dimitris Kouklatzis and Aggelos Mitretodis were released from Turkish jails after 167 days of captivity without official accusations

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Анкаранын эки грек аскерин бошоткону, Эрдоган Европа Биримдиги менен мамилени оңдоону көздөп турганынан кабар берет

Анкаранын эки грек аскерин жана Amnesty International уюмунун жергиликтүү башчысын бошоткону, Эрдоган Европа Биримдиги менен мамилени оңдоону көздөп турганынан кабар берет.

Түркия жакын арада Европа Биримдигине кошулбайт. Бирок Эрдоган миграция кризисинде Европанын жакын өнөктөшү экени калетсиз.

Сириянын өкмөт күчтөрү Идлиб аймагында аскердик аракеттерин кайрадан жандантып жатканда, мигранттардын агымы кайрадан көбөйөт деп күтүлүүдө.

Европа Биримдиги 2016-жылы Анкара менен миграция боюнча келишимге кол койгон. Түркия мигранттардын агымын токтотуп, анын ордуна экономикалык жардам алган. Анкара бул багыттагы ишти улантууну көздөйт.

АКШ-Түркия алакалары курчуп турганда, Европа-Түркия мамилелери оңолот деп жоромолдонууда. (AT)