Aбдыганы Эркебаев: июнь окуясы үчүн Убактылуу өкмөт саясий жоопкерчилик көтөргөн жок
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Ошто сегиз жыл мурда болгон кандуу окуялардан кийин сыртка чыгып кеткен кыргызстандык айрым өзбек тектүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту. Анда коогалаңга байланыштуу кылмыш иштери калыс иликтенбей калганы айтылып, Ош окуясын калыс тергөө үчүн эл аралык уюмдардын катышуусунда атайын тармак түзүү сунушталат.
Би-Би-Си 2010-жылы Ош жана Жалал-Абадда болгон коогалаңдын себептерин жана кесепеттерин иликтөө боюнча түзүлгөн улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаевди сөзгө тартып, бул коогалаңды эл аралык уюмдардын катышуусу менен кайра иликтөө өткөрүүгө негиз барбы деп сурады.

А.Эркебаев: Ар кимдин кайрылууга укугу бар, бул ал тургай Баш мыйзам тарабынан да кепилденген. Бирок ал канчалык жөндүү жана негиздүү бул өзүнчө суроо. Эми Ош окуялары боюнча канчалаган комиссия түзүлбөдү. Мына мен жетектеген улуттук комиссияга өлкө боюнча эн кадыр-барктуу адамдар: окумуштуу, эксперттер кирди эле. Алардын ичинде ар кайсы улут өкүлдөрү да болгон. Өзбек туугандардан Бактияр Фаттахов, Базар-Коргондон мыкты өзбек врач кирген, ЖКнын мурунку депутаты Бөрүбай Жураев жана башкалар. Ош окуясын кийин парламенттик комиссия да иликтеди. Анан Киммо Кильюнен башында турган эл аралык комиссия да изилдеди. Ал комиссияныны жыйынтыгын мен айрым депутаттардай болуп такыр эле терс кабыл алган жокмун. Ал корутундунун туура да жерлери бар. Ош окуяларында адамгерчиликке жатпаган айрым окуялар болгон дегенин мен деле туура көрөм. Биз өтө улутчул болбостон жалпы адамзаттык маданияттык укукту сыйлаш билишибиз керек. Алар деле изилдеп көрүп, эч кандай геноцид, аскердик кылмыштар болгон жок дешти. Адамгерчиликке байланыштуу иштер болгонун биз деле танбайбыз да. Биздин өзүбүздүн деле комиссия ошондой мисалдарды келтиргенбиз. Эми кайрадан эле эл аралык иликтөө болсун дегенди мен туура көрбөйм.
Би-Би-Си: Коогалаңдын чыгышына себепкер болгондорду аныктоо үчүн ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин иликтөө өтүнүчү да бар экен.
А.Эркебаев: Биздин комиссия ал окуяларга саясий баа берүү милдетин алган эле. Кыргыз тараптан, анын ичинде Убактылуу өкмөт тарабынан кеткен кемчиликтерди да айтканбыз. Ошонун менен бирге азыр кайрылуу жазып жаткандардыкын да жазганбыз. Алардын чоң кемчилиги эмес, күнөөсү бар. Эми ал канчалык кылмыштуу экенин аныкташ тергөө менен соттун иши болду. Алардын бул темада сөз көтөргөнүнөн кийин мен да ынтызармын. Ошол эле Кадыржан Батыров убагында Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Исаковна менен жолуккан, анын биринчи орун басары, кийинки биздин президент Алмазбек Атамбаев менен да жолугушкан. Азыр кыргыздардын эле чөйрөсүндө аларды айыптаган "ушул сепаратисттер менен жолугушканбы" деген да пикирлер бар. Эгерде конкреттүү далилдери болсо, айтса жакшы болот эле. Кайрылуу жасагандар качып кетип жолуга албай калдык эле. Ал эми Роза Исаковнаны, Алмаз Шаршенович жана башка Убактылуу Өкмөттүн бардык мүчөлөрүн комиссия чакырып алып сураганбыз. Кыргызстандын тарыхында мындай бийик даражалуу адамдарды чакырып сурамжылоо биздин комиссия тарабынан болгон. Өткөөл мезгилдин президенти болсо да Роза Исаковна баш ийип келип, бүт суроолорго жооп берген. Атамбаев, Текебаев да келген, биз барын сураганбыз. Алар менен канчалык байланышыңар болгон, убадалар берилди беле? деген суроолор болгон. Жылдыз Жолдошева мурда-кийин айыптоолорун айтып жүрдү, видеолорум бар деди. Андан тийиштүү документ, видео-тасмаларды бир нече жолу сурап, эч нерсе берген жок. Документ бербегенден кийин, далил көрсөтпөгөндөн кийин ал жөн эле сөз да.
Би-Би-Си: Ошондо Ош окуясы үчүн саясий жоопкерчиликти ким алышы керек эле?
А.Эркебаев: 400дөн ашуун киши кайтыш болуп, 50дөн ашык киши табылбай калды. Миңдегендери жараат алышты. Канчалаган үй-мүлк тонолду. Бул өтө оор маселе. Ошого күнөөкөр, себепкер болгондордун алды качып жүрөт. Биздин комиссия убагында УӨ мүчөлөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин да саясий жоопкерчилигин караш керек деп айтканбыз, жазганбыз. Тилекке каршы, мен муну өкүнүч менен дайым айтып жүрөм, биздин комиссиянын сунушу акырына чейин эске алынбай калды. Бар болгону Убактылуу Өкмөт 16-июнда билдирүү чыгарды, моралдык жоопкерчиликтик алабыз деген. Ошондо жок дегенде региондордогу өкмөт жетекчилери, район-областтардын, күч тузүмдөрүнүн жетекчилери саясий жоопкерчилик алып, кызматтарын тапшырышы керек эле. Бизде андай иш болгон жок. Бул жагынан алганда 1990-жылдагы окуяларга салыштырмалуу биз кичине чабалдыкты көрсөтүп койдук. Бул ошол убактагы жетекчилердин саясий-ыймандык маданиятынын төмөндүгү. Экинчиден бул Убактылуу өкмөттүн, анын ичинде өткөөл мезгил президенти Роза Исаковнанын да чечкиндүү боло албашы себеп болду.
Би-Би-Си: Кайрылууда 2010-жылкы коогалаңдагы окуяга күнөөлүү деп өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча да маселе бар экен. Кыргыз бийлиги БУУнун бошотуу чакырыгын аткаруусу керек деп атышат.
А.Эркебаев: Улуттук жана эл аралык укуктун ортосундагы карама-каршылыктар боло берет. Биз эски Баш мыйзамда эл аралык укуктун нормаларын өйдө коюп, аларга артыкчылык берген болчубуз. Азыр эми Конституциядагы өзгөрүүлөргө жараша андай жок, бизде улуттук мыйзам өйдө болуп калды. Ошондон алып караганда бул маселе эми алар күткөндөй каралбайт. Биз өзүбүздун Баш мыйзамыбыздын негизинде иш кылышыбыз керек.










